// //

Балдар чоңойгондон кийин аялым экөөбүз сүйлөшкөнгө сөз таппай калдык

2019.12.31, 13:27
10171

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Балдарды чоңойтуп буттарына тургузалы, иштейли, көбүрөөк акча табалы, ремонт кылалы, кредит алалы, кайра аны төлөйлү, машина алмаштыралы, тойго акча табалы, айтоор күнүмдүк турмуш менен алышып жүрүп өзүбүздү унутуп коюппуз.

Жаңы үйлөнгөндө сезимдерибиз ушунчалык ысык эле. Күн сайын кучакташып уктачубуз. Сөздөрүбүз түнгө дейре бүтпөчү. Бара-бара ортобуздагы аралык алыстай баштады. Сезип жаттык, бирок көңүл бурбадык.

Жылдар өтүп артыбызды карап жатчу болдук. Сүйүү темаларыбыз, бала, памперс, карыз, тамак-ашка алмашты. Көңүлүбүздү ооруткан сөздөрдү көп айта баштадык. Колубузду кармап, көзүбүзгө тике карагандан кадимкидей уялып калдык. Мурда бири-бирибизге жагуу үчүн жасанып жүрчү элек. Азыр кебетебиз менен деле ишибиз жок. Айына үч жолу, болбоду дегенде бир жолу кошулабыз. Анда деле кумар албайбыз.

Эх, балдарды бактык, бирок, сүйүүбүздү бага албадык. Мыкты ата-эне болдук, бирок мыкты жубай боло албадык.

Балдарыбыздын баары үйлөнүп өз турмуштары менен кетишти. Кечээ кичүү кызыбызды күйөөгө узаттык. Жубайым экөөбүз эки паккетти көтөрүп ресторандан келдик. Баягы бала-чакага толуп, ызы-чуу болгон үй тынч. Муздак. Эмне кылаарыбызды билбейбиз. Сүйлөшкөнгө сөз жок. Аттиң, бала деп жүрүп өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды да жоготуппуз. Аялым мени тиктейт, мен аны тиктейм.

Чогуу кырк жыл жашадык. Бирок, азыр эки башка адам унчукпай чай ичип отурат.

Аялым уктап калды. Сыртка чыктым. Кантип ушул абалга жеттик? Сүйүүбүздү кайда качырдык? Кечке ойлондум. Жообун таптым. Баарына өзүбүз күнөөлүү экенбиз. Балдар өмүр бою жаныбызда болот, жумуш бүтөт деп ойлоп, өзүбүздү улам арткы планга жылдыра берип чоң ката кетириппиз. Экөөбүз, сүйүүбүз, кызыкчылыктарыбыз биринчи орунда турушу керек болчу экен. Жок, минтип жашаганга болбойт.

Душка түштүм. Сакал, мурутумду алдым. Адеколонумду себиндим. Кооз костюмумду кийдим. Дүкөнгө барып гүл алдым. Аялым уктап жаткан. Жанына барып бетинен өпсөм чочуп турду. Мени көрүп таң калып калды. А мен жылмайып, “чоң кыз  бүгүн сизди жолугушууга чакырам, келиңиз баарын башынан баштайлы, менин сүйгөнүм болууга макулсузбу?” дедим. Аялымдын көзүнөн жаш акты, дирилдеген эриндеринен, “макулмун” деген назик сөз чыкты.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт