// //

Аялымды корпоративден, гардеробдон таптым

2019.12.30, 12:21
3779

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Чынын айтайын корпоративге баргым келген эмес. Апам, “кесиптештериңден чыгып каласың”,-деп улам айтып, кулак-мээмди жей берди. Акыры той-пойго кийген универсал костюм шымымды үтүктөп жөнөдүм.

Жашым отуздан ашып калса да, сүйүүнү кезиктире албай койдум. Дос-туугандар арасында карт бойдок атка конгом. Эч кимге көңүл бурган жокмун. Анын үстүнө, жашым келип калды деп жүрөгүм жактырбаган бирөөгө үйлөнүп, аны да, өзүмдү да бактысыз кылгым келген жок.

Кафеге кирип барсам кесиптештеримдин баары таң калды. Себеби аларга келбейм деп койгом. “Ушу бүгүн бир нерсе болот го” дешип, тамашалап жатышты. Курткамды гардеробго таштаганы ылдыйга түштүм. Ал жакта ким отурганына деле маани берген эмесмин, телефон чукулап жаткам, курткамды сунуп, номеримди күтүп турсам, “Шарфыңызды бересизби?” деген жагымдуу үн угулду. Башымды көтөрүп карасам, кашы-көзү кара кыз күлүп карап туруптур. Катып калдым. “Шарфыңызды бересизби?”, дагы бир ирет сурады. Башымды ийкеп сундум да, номеримди алып чыгып кеттим.

Ошентип мага сүйүү келди. Ичим уйгу-туйгу болуп тынч отура албай койдум. Антрактты күтө берип чый-пыйым чыгып кетти. Акыры алып баруучу баарын бийге чакырды. Мен гардероб жакка чуркадым. Барсам башка аял отурат. Сурагандан тартынып кайра ордума келдим.

Кайда кетти? Көзүмө көрүндүбү? Балким башы бош эмес? Барып сурабасам жарылып кетчүдөймүн. Колума столдун үстүндө турган бир-эки конфеттен алдым да ылдый түштүм. Мына сага, менин перим отурат. Акырын басып барып, конфетти алдына коюп, “ачка болдуңуз го” деп күлүп карадым. Маңдайы жарык кыз экен. Жылмайып берген конфеттеримди алды. Корпоратив бүткөнчө сүйлөшүп турдук.

Быйыл жаңы-жылды жалгыз тоспойм. Азыр базардан келатам. Жубайым жазып берген тизмедеги азык-түлүктүн баарын сатып алдым. Ал үйдө, суукта үшүп каласың деп калтырып койгом. Баса, жакында үчөө болобуз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Качан күйөөгө тиесиң? - кыжырга тийген суроолордун лидери.

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт