Абитуриентке. Кореяда билим алуунун жолдору
Түштүк Кореянын Ансан шаарындагы Ханянг (Hanyang university) университетине гранттык орун утуп алган мекендешибиз Елена Ким Кореянын окуу программалары жөнүндө маалымат берди.
Кореяга кетүүчү жолдор көп. Эгерде сиз билим алгыңыз келсе, эки вариант бар: KGSP программасы же өзүңүздү кызыктырган университетке түз документ жолдоо.
KGSP программасы –Корея өлкөсүнүн стипендиалык программасы. Эгерде бул программадан өтүп кетсеңиз, сиздин окууңуздун контракты төлөнүп, кошумча ай сайын кем-каржыңызды толугу менен жапкан стипендия берилет. Сизден болгону мыкты жетишкендик талап кылынат. Программа боюнча кененирээк маалыматты http://www.studyinkorea.go.kr/en/main.do расмий баракчасынан алаласыз.
Эң маанилүүсү окуу, окуу жана окуу.
Экинчи вариант, өзүңүз тандаган окуу жайдын сайтына кирип, керектүү документтерди топтоо. Ошондой эле ар бир университеттин стипендиялык программасы жана льготалары болот. Көпчүлүк чет элдик студенттер бекер окушат же арзандатуу алышат.
Кореядагы билим берүү, бардык жердегидей эле. Кыргызстандан айырмаланган негизги өзгөчөлүгү - кредиттик окутуу системасы.
Кредиттик система -окууну бүтүрүү үчүн белгиленген сандагы кредитти угушуңуз керек дегенди билдирет. Милдеттүү жана тандоо сабактар бар. Студент сабак тартиптерин өзү түзөт. Сабактар корей тилинде өтүлөт, бирок ошону менен катар англис тилиндеги сабактар да көп. Университеттерде билим боюнча атаандаштык күчтүү.
Чет жакада окуу дайыма кыйын.
Акча маселесине токтоло кетсем. Түштүк Кореянын жеке окуу жайларында бакалавриатта окуу үчүн бир семестрге 3,000-6,200$, магистратурага 3,750-7,200$ каражат керек. Мамлекеттик жана улуттук университеттерде бакалавриатка бир семестрге 2,000-4,600$, магистратурага 2,450-5,200$ төлөнөт. Бир айга жатаканага 200-350$, тамак-ашка 150-300$, башка керектүү нерселерге 100-150$ кетет.