// //

Кореяда билим алуу үчүн керектелүүчү документтер

2018.10.22, 13:52
3225

Бүгүн биз Түштүк Кореяга барып билим алып келүү үчүн эмне кылуу керек деген суроого “Kyrgyz Concept Education” агенттигинин консультанты Аида Бейшембаевадан жооп алдык.

Түштүк Кореяда 380 университет бар. Алардын ичинен эң абройлуу 3 окуу жай «SKY» деп аталат:

S - Сеул Улуттук Унитверситети http://www.useoul.edu/  

K -  Корё Университети https://www.korea.edu/  

Y - Ёнсе Университети https://www.yonsei.ac.kr/en_sc/index.jsp    

Талапкерлер кандай документ топтойт?

Похожее изображение

Көпчүлүк кыргыз студенттери англис тилин өздөштүргүсү келет. Ошол себептен “Kyrgyz Concept” компаниясы англис тилинде иштеген жеке менчик университеттер менен кызматташат. Мындай окуу жайларга өтүү үчүн төмөнкү документтер керек:

  • Бакалавр же магистр программаларына нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, англис тилине которулган аттестат же диплом.
  • Англис тил деңгээли жөнүндө сертификат:

  Бакалавриат программасына: TOEFL iBT 80/IELTS 5.5

  Магистратура программасына : TOEFL 80+ /IELTS 5.5

  • Жалпы жарандык (загран) паспорттун көчүрмөсү.
  • Ата-эненин паспортторунун көчүрмөсү.

Тапшыруу мөөнөтү өтө кыска. Андыктан 11 класста же университеттин акыркы курсунда окуп жатканда эле документтерди чогулта бериңиз.

Визаны кантип ачса болот?

Бишкек шаарында жайгашкан Корея Республикасынын элчилигинин сайтында көрсөтүлгөн документтердин тизмесин топтойсуз.

Ошондой эле http://overseas.mofa.go.kr/kg-ky/wpge/m_9084/contents.do сайтында университеттер тууралуу кенен маалыматтар бар.

Похожее изображение

Документ тапшыруудан мурун  чыгымдарды эсептеп алыңыз. Акчаны сарамжалдоо үчүн  университеттин жатаканасын тандаңыз.

  • 4-орундуу бөлмөнүн акысы болжол менен айына 210-600$.
  • 2-орундуу бөлмө үчүн 280-800 же 1000$.
  • Корей үй бүлөөсү менен жашайм десеңиз айына 300-500$ сарптайсыз.
  • Студенттик ашканаларда тамактансаңыз бир жылга 1500$ чейин кетет.
  • Жол кире жылына 200$.
  • Камсыздандыруу полюсу 500$.

Кореяда орточо айлык маяна  2000, 2500$. Каникул маалында толук күн, окуу маалында жумасына 20 саат иштесе болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт