Эгер кайын энеңиз бул сөздөрдү айтса, анда ал алтындан кем эмес
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Турмушка чыкканыма сегиз жыл болду. Жолдошум экөөбүз үч баланын ата-энесибиз. Дүйнөдөгү эң бактылуу аялмын десем жаңылышпайм. Мактанган жокмун, чын эле күйөөмдү бери кой, алтындай кайын энем бар. Ишенбей турасыңарбы? Бүгүн мен силерге кайын энемден уккан айрым сөздөрдү айтып берем. Анан өзүңөр ал кандай адам экенин чечип аласыңар.
Эгер балам аялына тоодой жөлөк болуп турса, демек, мен чыныгы эркекти өсүп чоңойткон болом.
Кандай уулду тарбиялаганымды менин карылыгым көрсөтөт.
Кайын эне келинин жакшы көрсө – кыздуу болот, жаман көрсө – уулун жоготот.
Кайын эне убагында келин болгонун эч качан унутпашы керек.
Келин жаман эмес, келген жери жаман.
Келин да бирөөнүн бөпөлөгөн кызы. Силердин уулуңар үчүн өз үйүн таштап келгенин эстеп тургула.
Эгер өчүп бараткан баламдын очогун кайрадан түтөтө алсам – мыкты кайын энемин, ал эми жалп эттире өчүрүп салсам – эпсиз кайын энемин.
Келинди көрүп эле, кайын энеси кандай адам экенин билип койсо болот.
Күйөөң менен талашып-тартышып кетсең, кайын энеңди өзүң жакка тартып ал, 100% утушка ээ болосуң.
Келиндин алдында авторитетке ээ болгуң келсе, аны чын жүрөгүң менен сүй!
Балаңарга бакыт тилесеңер, үстүнөн бийлик жүргүзө бербей четке чыгып, аялы экөөнө мамиле курганга мүмкүнчүлүк бергиле. Көп өтпөй ал аял неберлериңердин апасы болот.
Келиниңерди өзгөртөм деп кыйнабагыла. Эсиңерде болсун, балаңар ал кандай болсо, ошондой турган турпаты менен сүйгөн.
Балаңардын үй-бүлөсүнө кийлигишип, мурдуңарды тыга бербегиле, кеңешиңерди сураганда гана бергиле.
Жардам керек болсо, ачык айтып эле сурагыла, келин деген көзү ачык эмес, оюңарды окуй албайт.
Өзүнчө жашайбыз дегендери, силерди жаман көрөрүн билдирбейт. Кайра жакшы, жоопкерчиликке үйрөнүшөт.
Ишендиңерби? Кайын энем алтын бекен!
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм
"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм
Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым
Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя
Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган
Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты