// //

ТОП 5 мыкты жаңы жылдык тасмалар

2019.12.18, 12:48
1392

Жаңы жыл алдында же жаңы жылда сыйкырдуу маанай түзүп, кечтерди жагымдуу өткөргүңүз келсе, Bilesinbi.kg тизмектеп чыккан тасмаларды көрүңүз. Фильмдердин баарын BeePlay порталынан таба аласыз. 

1. Принцесса на Рождество

Эжеси каза болуп калгандан кийин Джулстун жашоосу бир кескин өзгөрөт, себеби ал кичинкей эки жээнин багып алат. Балдарга дайыма кам көрүү керек, ал эми Джулс эч нерсеге жетишпей кыйналат. Анын үстүнө жаңы жыл алдында жумушунан айдап жиберишет. 

2. Щелкунчик и Четыре королевства

Жаңы жылда өзгөчө белек алган Клара Гүлдөр, Карлар жана Таттуулар өлкөсүнө сыйкырдуу сапарга жөнөйт. Бирок, ал каардуу Чычкандар падышасы жетектеген төртүнчү падышачылыкка барышы керек болот.

3. Рождественская история

Баш каарман өтө сараң Скрудж жашоодо акчадан башка нерсени баалабайт. Ал баардык нерседен акчасын үнөмдөйт, жадакалса, жаңы жылдан дагы. Аяз ата ага өтмүштү, учур чакты жана келечекти көрсөтө турган үч арбакты жөнөтөт. 

4. С новым годом, мамы!

Бойго жеткен балдар апаларынын тилегин орундатууну кааласа, кичинекей бөбөктөр жаңы жылда дүйнөдөгү эң боорукер болгон апаларынын кучагында болууну тилейт. 

5. Гринч

Гринч тоо чокусундагы караңгы үңкүрдө ити менне жалгыз жашайт. Элдин баары жаңы жылга даярданып ызы-чуу салып Гринчтин ачуусуна тийишет. Акыры ал жаңы жылды уурдап кетүүнү чечет. 

Cаякатка чыгууга шыктандыруучу 5 тасма

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт