// //

Кайын энем “баламды адам кылдың” деп менден кечирим сурады

2019.12.04, 13:27
6270

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энесинин кечирим сураганы айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Назгүл: күйөөм туугандарын тааныбайм деп качып кетчү

Келин болуп келгениме он беш жыл болуп калды. Баштан эмнелер гана өткөн жок.

Турмушка чыкканда болгону он тогуз жашта элем. Эч нерсе билбеген, шаарда өсүп чоңойгон кыз болчумун. Шаардык келин дешип мени кайын-журтум жактырчу эмес. Кайын энем кылыктарын көргөзүп көп жолу көңүлүмдү оорутту. Азыр баары көзүмдү карап, "Назка эмне кылалы",-деп турушат.

Ой тобоо, күйөөм өзүнүн туугандары менен катташкандан качат эле.

Эки-үч жылдан кийин шаарга көчүп келдик. Үч балалуу болдук. Кичинемден визажист болгум келчү. Атайын курстарга барып окуп, үйгө кардар ала баштадым. Кийин ишим жакшы жүрүшүп, бир салон жумушка чакырды. Азыр бош убактымда барып иштеп турам. Бул менин сүйүктүү хоббим десем болот.

Ал убакта менин сегиз айлык боюмда бар болчу. Айылдан кабар келди. Кайын атамдын байкеси өтүп кетиптир. 

- Азыр жолго чыксаң, топурак салганга жетишип каласың.

- Мен эмне бармак элем, ал киши менен жакын эмес болчук.

- Атаңдын бир тууган байкеси өтүп жатса, кантип барбай коесуң? Сен деген жалгыз уулу катары атаңдын жанында турушуң керек.

- Барбайм, жолдон кыйналам.

- Урмат, душка түш да жөнө!

- Уфф.

Мындан беш жыл мурун кайын энемдин алтымыш жылдыгы болуп, айылдагы үйгө той бердик. Келген коноктордун колуна суу куюп жүрсөм, күйөөм сарай жакта жалгыз отурат.

- Урмат, бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Коноктор келе баштады.

- Мен алардын көбүн тааныбайм. Барбайм.

- Урмат, ал деген сенин кошуна-туугандарың. Мени тааныйт дейсиңби? Тур, колуна суу куюп, күлүп-жайнап тосуп ал. Апаңды сыйлап келип жатышат.

- Уфф.

Көп жолу кылыгын көрсөттү. Отургузуп алып, эмне үчүн андай кылган болбойт деп шашпай чайнап түшүндүрүп берчүмүн. Бара-бара жаназа же той болсо, барып келели деп өзү биринчи айта баштады.

Бир күнү айылдан кайын энем конокко келди. Чай берип отурсам, “Назка, убагында сенин көңүлдү оорутуп туура эмес кылыпмын, ал үчүн кечирим сурайм. Сен жок болсоң, балам эмне болмок билбейм. Баламды сен адам кылдың. Ыраазымын сага”, - деп жашыды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем "биздин каныбыз" деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт