// //

Аялга оргазм алууга тоскоолдук кылган нерселер

2019.12.02, 16:08
11134

Bilesinbi.kg өткөн жумада аялдын оргазмы деген өзү эмне, ага кантип жетип жана жеткирсе болоорун айтып берген.  Бүгүн аялга оргазм алууга тоскоолдук кылган нерселер тууралуу кеп козгойт. 

Статистикалык маалыматтарга ылайык, аялдардын 90%ы оргазмга жете албаганын түшүнгөндө, аны имитация кылышат. Имитиациянын себептери: тажагандан, чарчагандан, ыңгайсыздыктан, оорутудан улам сексти токтотуу, өнөктөшүнө жагуу.

Оргазмдын жоктугу өнөктөшүнүн техникасынан, тажрыйбасынан жана башка себептерден көз каранды эмес.

Финдик изилдөөлөр көрсөткөндөй, оргазмга жетүүдөгү эң негизги фактор – бул психологиялык комфорт: ал сексуалдык каалоону, дүүлүгүнү жогорулатып, өзүнө болгон бааны көтөрөт.

Оргазм алганга чейин, алып жатканда жана алгандан кийин аял кандай көрүнөөрүн бул сүрөттөн байкасаңыз болот. Сүрөттү өзүнүн О Project долбоорунун алкагында бразилиялык фотограф Маркос Альберти тарткан.Оргазмдын сапатына эмне таасир берет?

Психолог жана социологдор оргазмга таасир тийгизген төрт нерсе бар экенин аныктап чыгышкан.

  1. Аялдын жашы жана билими жогорулаган сайын оргазмга жетүү ыктымалдуулугу да көбөйөт. Себеби, аялдар төшөктөн өздөрүнө көңүл бурууну талап кылып, секс тууралуу сүйлөшүүдө өздөрүн ишенимдүү сезип калышат.
  2. Ар дайым аялдын сезими экинчи орунда болгон консервативдүү көз караштагы (диний жана социалдык) айымга караганда, либералдуу көз караштагы айым оргазмга көбүрөөк жетет.
  3. Аял мамиледе өзүн канчалык ыңгайлуу жана бактылуу сезсе, сексуалдык планда да ал ошончолук ачылат.
  4. Сексуалдык зомбулук же жыныстык катнаш менен байланышкан башка жаракаттарды алган аялдын оргазмга жетүүсү кыйыныраак.

Мамиледеги бакыт, комфорт жана ырахатты камтыган үчүнчү пункт баарынан чоң мааниге ээ. Себеби, идеалдуу мамиледеги аялдардын 70%ы оргазм алаарын айтышкан.

Аялга оргазм алууга тоскоолдук кылган нерселер

  1. Кинодогу стереотиптер

Кээ бир аялдар оргазмга жетүү үчүн канча убакыт жана эмне кылуу керек экенин билбегени үчүн оргазмды имитация кылышат.

Философия доктору, The Elusive Orgasm китебинин автору Вивьен Касс баарына медиадагы оргазмдын сүрөттөлүшү күнөөлүү деп ойлойт: “Аял менен эркектер тасмадагы ачык-айкын оргазмды көрүп, аны норма катары эсептешет. Ошондой эле, порнолордун айынан көпчүлүк бир нече секунд ичинде оргазмга жеткен аялдарды көрүп көнүп калышкан".

Натыйжада, эркектер гана эмес, аялдар дагы өзгөчө унутулгус сезимдерди күтүшөт. Анын айынан, чыныгы оргазмды көңүлүнө албай, аны жетишээрлик күчтүү деп эсептешпейт.

Бирок, ар бир оргазм уникалдуу. Андыктан, экрандагы аялга багыт албай, өз денеңди сезгенге үйрөнүү керек.

  1. Өз денесине сын көз караш менен кароо

Психологдор аялдын өз денесине болгон ичиндеги критикалык пикири оргазмга жетүүгө тоскоолдук кылаарын айтышат.

Аялдын ички үнү негизги күмөн маноолорду санай баштайт: “менин төшүм аябай кичинекей”, “жыныс кыным өтө кургак, кууш же кең” , "жыныс мүчөм сулуу эмес" ж.б. дегендей.

Психологдор, көптөгөн аялдар өз денесине болгон мындай терс пикирди ата-энесинен, гигиена процессине жана башка сурооолорго үйрөнүп жатканда алышканын айтышат. Мисалы, жыныс мүчөнүн эч кандай аты жок, аны жөн гана жууп, кармабаш керек болсо, балага жыныс мүчө жайгашкан аймак бөлүп чыгаруу функциясы менен гана байланыштуу болуп калат.

Натыйжада, аялдын уялуу сезими белинен ылдый жайгашкан бардык нерсеге жайылат. Кир деп эсептеп калган дене мүчөлөрүнөн тийүүдөн ырахат алуу кыйын болот, бул өз кезегинде оргазмга да тиешелүү.

  1. Адекваттуу сексуалдык социализациянын жоктугу

Көптөгөн аялдар эрте жашында эле секске карата сын көз карашка ээ болушат. Ата-эненин мастурбацияга, жылаңач денеге болгон терс көз караштары, аялдын жана эркектин сексти жана сексуалдуулукту кабыл алуусуна катуу таасир этет. Натыйжада, адамдар кээ бир сексуалдык араткеттерди “таза”, айрымдарын “кир” катары кабыл ала башташат. Андан сырткары, айрым диндер жыныстык катнашка күнөө көрүнүш катары мамиле кылышат.

Мындай системада чоңойгон адам, бир заматта эле сексти жактырып жана сексуалдык жактан ачылып калаарын элестетүү кыйын.

Психологдор, жыйынтыгында аял жыныстык катнашты жабык жана уят нерсе катары кабыл алып, каалоосу жана ырахаттануусу үчүн өзүн күнөөлүү сезип, терс кесепеттерди күтөөрүн айтышат.

  1. Өткөн чактагы жаракаттарын ойготуп алуудан коркуу

Дүйнөдөгү ар бир үчүнчү аял ар кандай зомбулукка жана куугунтуктоо кабылат. Мындай тажрыйба аңсезимге из калтырбай койбойт, өзгөчө жардам суроо уят жана коомдон колдоо күтүүгө мүмкүн эмес болгон өлкөлөрдө.

Жабыр тарткан аялдардын көбү жаракатын 18 жашка чейин алышкан болуп чыгат. Көп учурда туугандары күнөөлүү болгондуктан, аялдын дүйнөгө болгон ишеними бузулат. Мындай учурларда аял үчүн жакындыкка баруу өтө оор болот.

  1. Контролду жоготуп алуу коркуусу

Кырдаалды контролдоп жатканыңды сезүү – адамдын негизги муктаждыктарынын бири. Эркектер сага каалаганын айткан, кыйкырып тийишкен, колун тийгизген, артыңан кубалаган, “жок” деген сөздү флирт катары кабыл алган өлкөдө өсүп жатсаң, контроль коргонуу механизми болуп калат. Психологдор, коргонуу механизми катары контролго таянууга тийиш болгон аялдар, жыныстык катнашта өздөрүн эркин сезүүгө туруштук кылышат.

Кийинки жумада оргазмга жетүү үчүн эмне кылуу керек экенин айтып беребиз. Маалымат бул жерден алынды. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Ар бир эркек аялдын оргазмы тууралуу сөзсүз билиши керек болгон 6 нерсе

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Бел суусу кеч түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт