2018/2019 күз-кыш мезгилинин тренддери
Мода кууп, саркеч болом деп аша чаап кетпеңиз. Өз стилиңизди тандап, трендге жараша кийиниңиз.
2018/2019 күз-кыш сезонунун тренди - макси. Бул стиль көп кыз-келиндерге жарашат. Узун көйнөктөр, юбкалар, пальто менен плащтар денедеги ашыкча майларды жашырып, татынакай кылып коёт.
Быйыл дагы пиджактар актуалдуу. Бул кийим менен бир нече образды жарата аласыз. Мисалы: окууга, жумушка, жолугушууга ж.б.
2018/2019 күз-кыш мезгилинин баш каарманы - өзгөчө дизайндагы ковбой өтүктөрү. Жөнөкөй образ менен айкалыштырып кийсеңиз, утушка ээ болосуз.
Креативдүүлүктөн алыс болгондорго ботфорт менен лоферлер сунушталат.
Универсалдуу болгуңуз келсе аскер стилиндеги өтүктөрдү кийиңиз.
Негизги гардеробго токтоо түстөрдү тандаганды унутпаңыз. Образда бир ачык түс болсо жетиштүү. Мисалы, кара же боз пальто менен ачык өңдүү жемпирлерди кийиңиз.