Бишкектеги акысыз курстардын тизмеси
Курстарга барып окуу үчүн эң аз дегенде, бир айга 2000 сом керек. Мындай акчаны төлөө мүмкүнчүлүгү баарында боло бербейт. Биз Бишкектеги акысыз курстарды тактап, дарегин, телефондорун тизмектедик.
Англис тили курстары
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук Китепкана
Дареги: Огонбаев көчөсү, 202
Сертификат: берилет
Убактысы: шейшемби-бейшемби саат 16:00дөн 18:00гө чейин
Мөөнөтү: 3 ай
Деңгээли: башталгыч
Телефону: (0 312) 304 677.
К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы
Дареги: Огонбаев көчөсү, 242
Шарттары: окуу картасын ачуу керек, жылына 25 сом
Деңгээли: башталгыч
Мөөнөтү: 3 айдан 1 жылга чейин
Убактысы: катышуучулар менен бирге такталат
Сертификат: берилбейт
Телефон: (0 312) 663 821.
Корей тили курсу
Корея Республикалык окуу борбору
Дареги: Орозбеков көчөсү, 136
Шарттары: документтерди кабыл алуу сентябрь-август жана февраль-январь айларында жүрөт
Документтер тизмеси: паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт жана окуу китебине 200 сом. Окуу аяктаганда китеп акчасы кайтарылып берилет.
Деңгээли: башталгыч, улантуучу
Мөөнөтү: 3 ай
Убактысы : дүйшөмбү, шейшемби, жума, шаршемби, бейшемби саат 10:00 дөн 18:00го чейин
Сертификат: берилет
Телефондор: (0 312) 305 179, (0 312) 304 607.
Компьютер курсу
№98 кесиптик лицей
Дареги: Чуй проспектиси, 225
Шарттары: орундар чектелген, алдын ала жазылуу керек
Деңгээли: башталгыч
Мөөнөтү: 1 ай
Убактысы: дүйшөмбү-жума күндөрү саат 13:00 дөн 16:00гө чейин
Сертификат: берилет
Телефон: (0 500) 050 984.
Тигүү курстары
Дареги: Астраханская көчөсү, 31
Шарттары: орундар калктын социалдык жактан камкор болгон бөлүгүнө, көп балалууларга, ички мигранттарга берилет
Мөөнөтү: 3 ай
Сертификат: жок
Телефон: (0 703) 922 181.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин астындагы курстар
Кесиптер:
- мейманкана кызматкери
- бут кийим устасы
- чач-тарач
- ашпозчу
- кондитер
- маникюр жана педикюр устасы
- ширетүүчү
- темир устасы
- шыбакчы-маляр
- чатырчы
- официант
- бармен
- техника жана телефон оңдоо устасы
- электр куроочу
- web-дизайнер
- компьютер-графика дизайнери
- дизайнер-аниматор
- жеке бизнес үчүн каржы менеджери
- бухгалтер
- англис тили
- орус тили
- француз тили
- 3D MAX программасында долбоор жасоо.
Дареги: Бөкөнбаев көчөсү, 99
Шарттары: Каттоосу Бишкек шаарында болуш керек. Паспорт, аттестат жана эмгек күбөлүгү талап кылынат.
Мөөнөтү: 1-3 айга чейин
Сертификат: берилет
Телефондор: Ленин району - (0 312) 303 686, Октябрь жана Свердлов райондору - (0 312) 434 765, Биринчи Май району - (0 312) 303 744.
Жашоо шарты начар үй-бүлөлөр үчүн акысыз курс
"Сүйүү булагы" демилгечи борбору
Кесиптер:
- бухгалтер-кассир
- тигүүчү
- маникюр жана педикюр устасы
- чач-тарач
- техника жана телефон оңдоо устасы.
Дареги: "Жал 29" кичирайону, 9-үй
Мөөнөтү: 1 ай
Сертификат: берилет
Телефон: (0 555) 990 609.