Бул 3 суроого жооп берсеңиз, кандай адам экениңиз билинет
Аң сезимиңиз сиз жөнүндө баарын билет!
Тибеттиктердин 3 суроо тести – кыска жана так тест. Эң негизгиси, ойлонбостон дароо жооп берүү керек.
3 суроонун жоопторун жазуу үчүн кагаз алыңыз, алдын ала жообун караганга аракет кылбаңыз, болбосо тест өтүүнүн кызыгы жок болуп калат.
Жыйынтыгында өзүңүз жана жашооңуз тууралуу өтө маанилүү нерселерди биле аласыз.
Суроолор:
- Элестетип көрүңүз, алдыңызда бул 5 жаныбар бар дейли. Өзүңүзгө жаккыдай тартипте жайгаштырыңыз:
Уй, жолборс, кой, жылкы, чочко.
Мисалы:
1. Жолборс
2. Кой
3. Чочко жана башка.
- Тизмедеги сөздөрдү эмне менен байланыштырасыз, жазыңыз:
Ит — …
Мышык — …
Келемиш — …
Кофе — …
Деңиз — …
Мисалы:
Ит-ишенимдүү.
- Сиз үчүн маанилүү болгон 5 адамды ойлонуңуз. Ал адамдардын ар бирине түстөрдү тандаңыз.
Бир түскө бир гана адам тандалат!
Сары — …
Саргылт— …
Кызыл— …
Ак — …
Жашыл — …
Болгону ушул!
Эми жыйынтыгын көрөлү:
- Биринчи суроого болгон жооп жашооңуздагы приоритеттерди (маанилүү нерселерди) аныктайт:
Уй - карьераны билдирет.
Жолборс - өзүн-өзү сыйлоо сезими.
Кой - бул сүйүү.
Жылкы - үй бүлөнү билдирет.
Чочко - акчаны символдоштурат.
Мисалы, тизменин башына койду койсоңуз, анда сиз үчүн биринчи сүйүү маанилүү.
- Экинчи жооптон, жашооңуз тууралуу биле аласыз, мындайча айтканда аң-сезимиңизде аны кандай көрөсүз.
Ит менен болгон байланыш жеке сапаттарыңызды билдирет.
Мышык менен болгон байланыш өнөктөшүңүздүн сапаттарын билдирет.
Келемишке болгон сүрөттөмө душманыңызды божомолдоп турат.
Кофе менен болгон байланыш - бул жыныстык катнашка болгон мамилеңиз.
Деңизди сүрөттөгөнүңүз жеке жашооңуз болуп саналат.
- Бул жерде 5 адам үчүн тандап алган түстөрдүн чечмелениши бар:
Сары – жашооңузга катуу таасир тийгизген, эч качан унута албай турган адам.
Саргылт – чыныгы досуңуз.
Кызыл – жакшы көргөн адамыңыз.
Ак – жан дүйнөңөр төп келген адам.
Жашыл - өмүр бою эсиңизден кетпей турган адам.
Кызыктуу бекен? Бул тести досторуңуз менен бөлүшүңүз, алар дагы өздөрү тууралуу маалымат алышсын.
Кызыктуу чындыкка дал келчуу оюн десем болот. Сары тус м.н саргылт туско адам таба алган жокмун. Жолбун карап оз жашоомо салыштыра келгенде, жакын досум жана кек сактап жек коргон адамым жок экендигин толлук тушуно билдим. Досторум коп, бирок арасынан ,сырдашып, сагынышып, бат баттан ал акыбал сурап, бири бирибизге ишенип суйлошчуу досум жок. Жек коруп, кек сактаган адамдарым да бар бирок алар душмандарым эмес, убактынчалуу бири бирибизди тушунбогондуктон деп ойлойм.
Кудум эле менин жашоомдогу тести тузгондой болду.Баары мен ойлогондой чыкты жоопторум.Рахмат.
Кудум эле менин жашоомдогу тести тузгондой болду.Баары мен ойлогондой чыкты жоопторум.Рахмат.