// //

Орус тилин үйрөнүү үчүн 5 веб-сервис

2019.10.11, 12:48
3652

Bilesinbi.kg орус тилин үйрөнгүсү же жакшырткысы келгендер үчүн 5 пайдалуу веб-сервисти сунуштайт. 

  1. «Глазарий языка»

Бул программа өз ичине, синтаксис, фонетика, стилистика жана орус тилинин башка бөлүктөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Ар бир текстин ичинде гипперссылка бар, бул жагынан алып караганда Википедия окшошуп кетет.

  1. «Верные слова»

«Верные слова» - балдарга арналган интерактивдүү орус тили китеби. Сайт  оюндар аркылуу баланы окуу процессине тартып, катасыз жазууну үйрөтөт. Система окуучуларды тест менен баалайт, жыйынтыгын ата-энеге билдирип турат.

  1. «Engster тил үйрөтүү курстары»

Орус тилин үйрөнүүнүн, сөз байлыкты кеңейтүүнүн ыңгайлуу жана жөнөкөй жолу. engster.megacom.kg веб-баракчасынан тилди үйрөнүү боюнча сүрөттөрдү көрүп, аудиоматериалдарды укса болот. Сервистин жазылуучулары күн сайын төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат:

- Түшүндүрмө сөздүктөгү сөздөрдү которуу;

- Туура жазуу эрежелерин текшерүү;

- Күн сайын окутуу;

- Сөздөрдү канчалык деңгээлде билээри боюнча таймаштар жана башкалар.

  1. «Орфограммка»

«Орфограммка»орус тилин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Текст жазганда каталарын бул сервистен текшерип алса болот. Мисалы, система каталарды жана аларга байланышкан эрежелерди көрсөтүп берет.

  1. «Пунктуация»

Бул программанын жардамы тыныш белги эрежелерин үйрөнүп алса болот. Мисалы, сервис белгилүү китептердеги сүйлөмдөрдү көрсөтөт, катталуучу ага калып кеткен тыныш белгилерди коет. Жыйынтыгында сиситема каталарды көрсөтүп берет. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
13.10.2019, 22:33

Сонун

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт