// //

Мектеп окуучулары үчүн 4 мыкты смартфон

2019.09.23, 10:55
1691

Мектеп окуучуларына сөзсүз эле кымбат смартфон сатып берүүнүн зарылчылыгы жок. Үй-бүлөлүк бюджетке карап, оптималдуу моделдердин бирин тандап алса болот. Балдарына кандай смартфон сатып берсем экен деп ойлонуп жүргөн ата-энелер үчүн, баасы өтө кымбат эмес, бирок сапаттуу төрт смартфон сунуштайбыз.

  1. Xiaomi Redmi Go

Бүгүнкү күндө бардык смартфондордун арасынан Redmi Go компакттуулугу менен айырмаланат. Орточо баасы 5000 сомдун тегереги болуп калат. Корпусу жалтырабаган пластиктен жасалган. Комплекте  - смартфон, USB кабель, тармактык адаптер бар. Байкаган болсоңуз, наушник жок.

Техникалык мүнөздөмөсү:

  • ОС - Android 8.1
  • эки SIM-карта
  • экран 5", 1280x720
  • камера 8 МП, автофокус
  • эс тутум 8 Гб
  • 3G, 4G LTE, Wi-Fi, Bluetooth, GPS, ГЛОНАСС
  • оперативдүү эс тутумдун көлөмү 1 Гб
  • аккумулятор 3000 мА/ч
  • салмагы 137 г, ШxВxТ 70.10x140.40x8.35 мм
  1. Redmi 7A

Redmi 7A смартфонунун баасы 7000 сомдон өйдө. Смартфон саркеч дизайн менен жасалган. Кара жана көк түстө болот. Биринчи моделден эс тутумунун көлөмү, экранынын өлчөмү жана батарейкасынын кубаттуулугу менен айрымаланып турат.

Техникалык мүнөздөмөсү:

  • Android 9.0
  • эки SIM-карта
  • экран 5.45", 1440x720
  • камера 13 МП, автофокус
  • эс тутум 16 Гб
  • 3G, 4G LTE, Wi-Fi, Bluetooth, GPS, ГЛОНАСС
  • оперативдүү эс тутумунун көлөмү 2 Гб
  • аккумулятор 4000 мА/ч
  • салмагы 165 г, ШxВxТ 70.41x146.30x9.55 мм
  1. Galaxy A10

Бул смартфондун баасы 8000 сомдон башталат. Бир аз кымбат болгону менен сапаты жагынан айырмаланып турат. Мисалы, батарейкасы көпкө жетет, камерасы сапаттуу сүрөт тартат. Үч түсү бар – кызыл, кара жана көк. Колго алып жүрүү үчүн абдан ыңгайлуу.

Техникалык мүнөздөмөсү:

  • Android 9.0
  • эки SIM-карты
  • экран 6.2", 1520x720
  • камера 13 МП
  • эс тутум 32 Гб
  • 3G, 4G LTE, Wi-Fi, Bluetooth, GPS, ГЛОНАСС
  • оперативдүү эс тутумдун көлөмү 2 Гб
  • аккумулятор 3400 мА/ч
  • салмагы 168 г, ШxВxТ 75.60x155.60x7.90 мм
  1. Huawei Y5

Huawei Y5 смартфонунун экраны өтө чоң эмес, болгону 5.71 дюйм, балдар үчүн пайдалануу абдан ыңгайлуу болот. Баасы алты миңден өйдө.

Техникалык мүнөздөмөсү:

  • Android 9.0
  • эки SIM-карта
  • экран 5.71", 1520x720
  • камера 13 МП, автофокус
  • эс тутум 32 Гб
  • 3G, 4G LTE, Wi-Fi, Bluetooth, GPS, ГЛОНАСС
  • оперативдүү эс тутумдун көлөмү 2 Гб
  • аккумулятор 3020 мА⋅ч
  • вес 146 г, ШxВxТ 70.78x147.13x8.45 мм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт