ТОП 5 онлайн музыка угуу үчүн тиркеме
Эгер сиз онлайн музыка угуу үчүн тиркемелерди издеп жаткан болсоңуз, анда мыкты сервистердин рейтингин сунуштайбыз.
1. Apple Music
Apple Music - музыка угуу үчүн мыкты колдонмолордун бири. Бул жерде 50 миллион ыр, 24/7 радио бар. Кааласаңыз музыканы өзүңүздүн смартфонго же планшетке жүктөп алып, башкаларга өткөрүп берсеңиз да болот.
Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.
App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.
2. La La Music
La La Music - бул миңдеген обондор, тандалган жыйнактар жана мыкты аткаруучулар. Порталды http://music.megacom.kg шилтемеси аркылуу табасыз.
Сервистин функционалы:
- Обондорду угуу (ойнотуу, тыным, барактоо, ойнотуу шарттары-ырааты менен, туш келди ж.б.)
- Обондорду каталог боюнча издөө
- Ойнотуу баракчаларын түзүү (обондордун тандалмаларын)
- Авторизациялоо жана жеке аккаунттун тескөөлөрү менен профиль
- Контентти колдонуу таржымалынын негизиндеги «Сунуштоо» блогу
- Обондорду угуунун офлайн режими.
Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.
App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.
3. Google Play Музыка
Google Play Музыка - музыка угуу үчүн мыкты кызмат кылчу тиркемелердин бири болуп саналат. Эң кызыгы, жеке 50,000 тректерди жүктөсө болот.
Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.
4. SoundCloud
SoundCloud - өтө популярдуу музыка сервиси. Бул жерде хип-хоп, рок, электроника, классика, хаус, джаз ж.б табуу мүмкүн. Мындан тышкары, жөнөкөй колдонуучу да музыкасын кошсо болот.
Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.
App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.
5. Яндекс.Музыка
Яндекс.Музыка - орус тилиндеги Android үчүн абдан популярдуу тиркемелердин бири. Онлайн радио, жаңы тректер, альбомдор жана башкалардын баарын бул жерден тапса болот.
Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.
App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.