Powerbank тандап жатканда эмнелерге көңүл буруу керек?
Powerbank – англисчеден которгондо “күч, энергетика банкы”, тышкы портативдүү аккумулятор. Пайдалануу үчүн жаныңызда аппаратыңызга ылайыктуу болгон USB-адаптер болсо жетиштүү, розетка же электр энергиясын издеп убара болуунун кереги жок.
Powerbank’тин популярдуулугу өскөн сайын, рынокко ар түрдүү моделдери чыгып, тандоо кыйын болуп калды. Сатып алаардан мурун маанилүү факторлорду эске алуу керек. Мисалы, баасы, көлөмү, заряд порттору ж.б. Бул көрсөткүчтөрдүн айрымдарына кыскача токтоло кетсек.
Паролду үч айда бир алмаштыруу керек. Аккаунтту коргоо жолдору
Кубаттуулугу
Powerbank’тин эң маанилүү мүнөздөмөсү – заряддынын кубаттуулугу. Ал mAh (миллиампер саат) менен өлчөнөт жана электр энергиясын топтоо жөндөмдүүлүгүн чагылдырып турат. mAh канчалык жогору болсо, powerbank ошончолук энергия топтой алат жана смартфонду көпкө чейин заряддоого жетет.
Салмагы жана көлөмү
Powerbank тандап жатканда анын салмагы менен көлөмү да маанилүү ролду ойнойт. Идеалдуу powerbank - көлөмү компактуу, салмагы жеңил, күчтүү заряд кубаттуулугуна ээ.
Киргизүү жана чыгаруу порттору
Powerbank сатып алып жатканда көңүл буруу керек болгон дагы бир нерсе бар. Бул порттордун түрү жана саны. Көпчүлүк powerbank’те эки USB чыгуу порттору болот. Сыртынан окшош көрүнгөнү менен кубаттуулугу ар кандай. Мисалы:
5 / 1A
5 V / 1,2 А
5V / 2A
5 V / 2,4А
Ж.б.
А (ампер) көрсөткүчү канчалык жогору болсо, смартфонуңуз ошончолук бат заряддалат.
Баасы
Powerbank сатып алып жатканда көпчүлүк баасына көңүл бурушат. Бирок, кымбат – мыкты дегенди билдирбейт. Баасы арзандардын ичинеде да сапаттуулары болушу мүмкүн.