// //

Төрөттөн кийин жыныс кынын кичирейтип тиктирсе болобу? Гинеколог жооп берет

2019.08.27, 10:36
13590

Саламатсызбы. Мен разрыв болгом, доктурлар тикпей коюшкан окшойт. Эми күйөөм нааразы. Тиктирсем канча сом болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.08.2019, 10:37

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Биринчиден, доктурлар эч качан тикпей калтырып коюшпайт.

Экинчиден, айрылбаган күндө деле төрөт жыныстык органдардын кескин өзгөрүшүнө алып келет. Төрөттөн кийинки мезгилде ден соолукка кам көрүп, этият болбосо жыныстык жашоодо ыңгайсыздык пайда болуп, оор көтөргөндөн жатын ылдыйлап (опущение матки), көтөн чучугу чыгып же заараны кармай албай калышы мүмкүн. Ошондой эле жыныс кыны кургап, ичиндеги флорасы өзгөрүп, сезгенүү процесстери пайда болот.   

Кээде жаракаттар өтө оор болгондуктан хирургиялык кийлигишүүнү да талап кылат.

Бирок эсиңизде болсун, жыныс кынын тиктиргенден кийин аял киши өзү төрөй албайт, кесерево аркылуу гана көз жарат.

Ошондой эле тиктирүү көйгөйлөрдүн бардыгын чечет дегенден да алыс болуу керек. Ооба, чынында жыныс кыны кичирейет. Бирок операциядан кийин тигилген жерлер жакшы бүтпөй калса же туура эмес бүтсө секс учурунда, заара кылганда, заңдаганда ооруксунууну пайда кылат.

Менин сизге бере турган кеңешим, тиешелүү гинекологго кайрылып консультация алыңыз. Жамбаш жана жыныс кынынын булчуңдарын бекемдөөчү көнүгүүлөрдү аткарыңыз. Атайын тренажерлорду да колдонсоңуз болот.

Бүгүнкү күндө клиникалар интимдик контурдук пластика, лазердик дарылоо сыяктуу ыкмаларды сунушташат. Алар жакшы жыйынтык берет, бирок эффектиси убактылуу. Ошондуктан процедураны маал-маалы менен кайталап туруу зарыл.

Жыныс кынынын тиктирүү, Бишкек шаарында колдонулган материалдарга жана татаалдыгына жараша 3000 сомдон 7000 сомго чейин турат.

Жыныс кынынын булчуңдарын бекемдөөчу көнүгүүлөр жөнүндө бул жерден окусаңыз болот:

Жыныс кынын кууш кылып оргазм алууга жардам берген 5 Кегель көнүгүүсү

Кегель көнүгүүлөрү эркектердин эрекциясын нормага келтирет. 6 көнүгүү

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
27.08.2019, 16:58

Кошулганда маткаман суу келип кетет бул эмне коркунучтуу эмеспи

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
27.08.2019, 16:58

Кошулганда маткаман суу келип кетет бул эмне коркунучтуу эмеспи

0
Пайдалуу жооп
Н
Нурак Кулназаров
05.10.2019, 17:41

Жаңы төрөлгөн баласын эмдетуудон баш тартууга ата энесинин укугу барбы? 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт