// //

Кегель көнүгүүлөрү 40% эркектердин эрекциясын нормага келтирет. 6 көнүгүү

2019.07.01, 16:24
9674

Бел суусу эрте түшкөн эркектердин 40%ы Кегель көнүгүүсүн жасагандан кийин эрекциясын нормага келтиришкен, 33,5%ы болсо абдан жакшы жыйынтыкка ээ болушкан.

Алгачкы күндөрдө бул көнүгүүлөрдү 10-20 ирет жасай албашыңыз мүмкүн. Болгону аракет кылып, машыгууну уланта берсеңиз, булчуңдарыңыз бекемделет.

Кегель көнүгүүлөрүнүн негизги артыкчылыгы – каалаган жерде кылса болот.

  1. Кегель булчуңун таап алыңыз. 

Баары жөнөкөй. Дааратканга баргыңыз келип жатат дейли, бирок азырынча бара албайсыз. Заараңызды кармап турууга аракет кылгандай болуп, булчуңуңузду кысыңыз. Дал ушул кысылган булчуң – Кегель булчуңдары.

  1. Анустун булчуңдарын кысыңыз.

Дем алып жатып кысыңыз, 5-10 секунд кармап туруңуз, андан кийин демди чыгарып, эс алыңыз. Бул көнүгүүнү 10-20 жолу кайталаңыз.

  1. Булчуңдардын жыйрылуу ылдамдыгын жогорулатыңыз.

Кегелдин классикалык көнүгүүсү: булчуңдарды кысуу, бир нече убакыт чыңалуу абалында кармап туруу, кое берүү. Динамиканы кошуп, жамбаш булчуңдарын мүмкүн болушунча тез кысып, кайра кое бериңиз. 10 жолу жасап, 15-20 секунд эс алып, көнүгүүнү кайра кайталаңыз.

  1. Кысуу жана кармап туруу.

Кегель булчуңун мүмкүн болушунча катуу кысып, чыңалуу абалында 10-15 секунд кармап туруңуз. Андан кийин акырындык менен кое бериңиз. Көнүгүүнү 2-3 ирет кайталаңыз.

  1. Жамбаш көпүрөсүн (ягодичный мостик) жасаңыз.

Чалкаңыздан жатып, тизеңизди бүгүңүз. Полдон таманыңызды, далыңызды албай туруп, мүмкүн болушунча жамбашыңызды бийик көтөрүңүз. Бул учурда Кегель булчуңдарын кысуунун кереги жок, алар баары бир басым астында болот. 10-15 секунд кармап, кайра полго түшүрүңүз, 10-15 жолу кайталаңыз. Кайра жамбашты мүмкүн болушунча тез көтөрүп, түшүрүңүз. Муну да 10-15 ирет кайталаңыз.

  1. Буттарыңызды көтөрүңүз.

Чалкаңыздан жатып, тизеңизди бүгүп, көкүрөгүңүзгө тартыңыз, бул учурда сандарыңыз полго перпендикуляр болушу керек. Баштапкы абалга кайтып келип, 10-15 жолу кайталаңыз.

Көнүгүүнү үзгүлтүксүз жасасаңыз, жыйынтыгы 3-6 жумадан кийин айкын болот: сийдик кармай албоо көйгөйү жоголот, жыныстык катнаш сапаты жакшырат. Жыйынтыгы көрүнбөсө, анда туура эмес машыгып жатасыз.

Жылаңачтанып, күзгүнүн алдына туруп, Кегель булчуңун кысыңыз. Баарын туура кылсаңыз, калтаңыз бир кыйла көтөрүлөт.

Уролог эмне дейт?

“Medcenter.kg” медицина борборунун урологу Азат Бейшенов Кегель көнүгүүлөрү боюнча буларга токтолду:

- Бул Кегель көнүгүүлөрүн жасаса болот. Болгону шарттарын туура аткаруу керек. Бирок, бел суусу эрте түшкөн же жыныстык жашоосунда көйгөйү бар эркектер, биринчи дарыгерге келип текшерилиши керек. Алдын ала оорунун себебин билип алуу абдан маанилүү. Анализдерине жараша дарыланып, ага кошуп бул көнүгүүлөрдү жасаса, жыйынтыгы жакшы болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт