// //

Жыныс кынын кууш кылып, оргазм алууга жардам берген 5 Кегель көнүгүүсү

2019.07.16, 17:35
12944

Өткөндө эркектердин эрекциясын нормага келтирген Кегель көнүгүүлөрүн санап бергенбиз. Бул ирет аялдар үчүн кандай көнүгүүлөр бар экенин айтып беребиз. 

Эмне үчүн аялдар Кегель көнүгүүлөрүн жасашы керек?

  • Ички органдардын ылдый түшүп кетүүсүнө жол бербей, өз ордунда сактап туруу үчүн: жатын, табарсык, ичке жана жоон ичеги.
  • Жыныс кынын ийкемдүү жана кууш кылуу үчүн: жыныс кыны канчалык тар болсо, оргазм алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт, жыныстык жашоо жакшырат.
  • Сийдик кармай албай калуу көйгөйүнөн арылуу үчүн: мисалы, чүчкүргөндө, оор көтөргөндө, чуркаганда, жел чыгарганда, күлгөндө кокустан чыгып кеткенде.

Кегель булчуңун кантип тапса болот?

Баары жөнөкөй. Дааратканга баргыңыз келип жатат дейли, бирок азырынча бара албайсыз. Заараңызды кармап турууга аракет кылгандай болуп, булчуңуңузду кысыңыз. Дал ушул кысылган булчуң – Кегель булчуңдары.

Кегель көнүгүүлөрүн  – каалаган жерде жасаса болот.

Аялдар үчүн 5 Кегель көнүгүүсү

1. Булчуңдарды жыйрылтуу

Кегель булчуңун мүмкүн болушунча тез жыйрылтып жана жумшартыңыз. 7-10 секунд эс алып, машыгууну кайра улантыңыз. Көнүгүүнү 10 ирет жасаңыз.

2. Дем алуу - дем чыгаруу

Кегель булчуңун акырындык менен катуу кысып, терең дем алыңыз. Мындан ары дем алганга жана булчуңду кысканга күчүңүз жетпей турганын түшүнгөндө, 3-5 секунд ошол абалда калыңыз. Андан кийин, акырындык менен дем чыгарып, жумшарыңыз. 4-5 жолу кайталаңыз. 

3. Түртүп чыгаруу

2 пунктагы көнүгүүнү өзгөртүү менен кайталаңыз: демиңизди акырын эмес, тез чыгарыңыз, Кегель булчуңун да тез жумшартыңыз.

4. Кармоо

Кегель булчундарын мүмкүн болушунча катуу кысып, 10 секунд кармап туруңуз. 5-6 ирет кайталаңыз, ар бир кайталоодо кысуу убактысын 1-2 секундка көбөйтүңүз.

5. Жамбаш көпүрөсү

Чалкаңыздан жатып, тизеңизди бүгүңүз. Полдон таманыңызды, далыңызды албай туруп, мүмкүн болушунча жамбашыңызды бийик көтөрүңүз. Бул учурда Кегель булчуңдарын кысуунун кереги жок, алар баары бир басым астында болот. 10-15 секунд кармап, кайра полго түшүрүңүз, 10-15 жолу кайталаңыз. 

Дарыгерлер Кегель көнүгүүлөрү коопсуз болгондуктан, күн сайын жасоону сунушташат: тиш жууп жатканда, жумушка баратканда, сыналгы көрүп олтурганда ж.б. Жыйынтыгы 4-6 жуманын ичинде байкала баштайт.

Көнүгүүлөрдү жасоодон мурун сөзсүз гинеколог менен кеңешиңиз!

Эскертүү! Заара ушаткыңыз келип жатканда машыкпаңыз. Ошондой эле машыгуу учурунда ооруксунууну сезсеңиз, демек, көнүгүүлөрдү туура эмес аткарып жатасыз, дароо токтотуңуз.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт