// //

Кош бойлуулук жана секс тууралуу 9 миф

2019.08.21, 11:54
48417

Кош бойлуулуктагы жыныстык катнаш менен байланышкан мифтер көп. Бүгүн биз кеңери таралгандарын жокко чыгарып, чынында кандай болоор экенин айтып беребиз. 

Миф №1

Кош бойлуу аялдар жыныстык катнашка баргысы келбейт. Аларга туздалган бадыраң болсо болду.

Чындык:

Илимий маалыматтарга таянсак кош бойлуулук учурунда 35-90% аялдардын либидосу (каалоосу) төмөндөйт. Бирок, кош бойлуулукта гормондордун жогорулашы либидого карама-каршы таасир да бериши ыктымал. Бул процесс ар бир аялдын организминде ар кандай жүрөт. Мисалы, аял боюнда болгондон баштап секске болгон каалоосу күчөшү мүмкүн. Демек, боюнда бар айым сексти каалабайт деген нерсе жаңылыштык.

Кыздык белгинин сиз билбеген 5 сыры

Миф №2

Сексти жубайым экөөбүз тең каалайбыз, бирок тогуз ай чыдап коюшубуз керек.

Чындык:

Болочок энеге жыныстык катнашка баруу кооптуу болсо, дарыгер эскертип коет. Кош бойлуулук жеңил өтүп, убагында көрүнүп, УЗИге түшүп турса, анализдердин жыйынтыгы жакшы болсо, дарыгер секске тыюу салбаса, аны менен алектенүүгө эч кандай тоскоолдук жок.

Миф №3

Алгачкы 3 ай ичинде кошулбай туруш керек, болбосо бойдон түшүп калат.

Чындык:

Чындыгында, кош бойлуулуктун 50%ы алгачкы 12 жума ичинде үзгүлтүккө учурайт, бирок, жыныстык катнашка баруудан эмес. Бул этапта секс бойдон түшүп калуу тобокелдигин арттырып, балага зыян келтирбейт. Болочок энеден кан аралашкан суюктук келбесе, катуу оорутуулар жок болсо, дарыгер бойдон түшүү тобокелдиги бар деп айтпаса, кабатыр болбой кошула берсе болот.

Аялдардын жыныс мүчөсү тууралуу мифтер

Миф №5

Жыныс мүчөм чоң (аялым да ошентип ойлойт), кошула турган болсок, балага зыян келтирип алам.

Чындык:

Эркектин жыныс мүчөсү канчалык чоң болбосун, түйүлдүктөгү балага эч кандай жаракат келтирбейт, андай болушу да мүмкүн эмес. Себеби, бала оболочкада жайгашкан, айланасы суюктук, калың булчуң катмары, жыныс кыны жана тыгыз жатын моюнчасы менен курчалган.

Миф №6

Кош бойлуу аялдарга чектөө коюлган позалар бар.

Чындык:

Эч кандай коркунучтуу позалар жок. Өнөктөштүн экөөнө тең ыңгайлуу болгон бардык позаларга уруксат берилет. Болгону, кош бойлуулуктун акыркы мөөнөтүндө аял үчүн чалкасынан жатуу ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бул учурда өнөктөшү аркасынан болгон позаны тандоого туура келет.

Миф №7

Аял төрөгөндөн кийин секске болгон каалоосу дароо ойгонот.

Чындык:

Орточо эсеп менен төрөт үйүнөн чыккандан 6-8 жума өткөндөн кийин гана жыныстык жашоону баштоо зарыл. Жаңы төрөгөн аялдын “кошула алам” дегени, “каалайм” дегени эмес. Төрөттөн кийин либидонун убактылуу төмөндөшү нормалдуу көрүнүш: психоэмоционалдык абал, чарчоо, фигурасына ыраазы болбоо ж.б. таасир берет.

Эркектердин жыныс мүчөсү тууралуу кызыктуу фактылар

Миф №8

Аялым каалап жатканын айтат, бирок тиги жагы кургак, смазка жок.

Чындык:

Лубрикация, аялдын сексти каалап жатканынын көрсөткүчү эмес. Бирок, бул учурда, смазкага байланыштуу көйгөй эстроген гормонунун тартыштыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан, кургактык – жыныстык катнашка барууга тоскоолдук кылган бирден-бир себеп болсо, дарыканадан лубрикант сатып алса болот.

Миф №9

Бала эмизип жатканда, бойго бүтүү мүмкүн эмес.

Чындык:

Эне баласын күнү-түнү эмизсе (аралыгы 3 сааттан кем эмес), кошумча тамак бербесе, этек кири келе элек болсо, анда мындай контрацепциянын эффективдүүлүгү 99%. Бирок, биринчиден, эмизүүлөрдүн ортосундагы интервал узарган сайын эффективдүүлүк төмөндөй баштайт. Экинчиден, төрөттөн кийинки биринчи овуляция, этек кир келээрден эки жума (болжол менен) мурун пайда болот, демек, аял ойлонгуча эле боюна бүтүп калышы мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт