// //

Аялдардын жыныс мүчөсү тууралуу мифтер

2019.02.18, 12:46
21342

Аялдардын жыныс мүчөсү жөнүндө ойдон чыгарылган мифтер көп. Эң популярдуусу – ар бир кызда кыздык белги болот. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова айрымдарын жокко чыгарып берди.

Миф №1

Жума күнү төрөлгөн кыздан биринчи жыныстык катнашта кан чыкпайт.

Чындык: Кыздан биринчи жыныстык катнашта кан чыгабы же жокпу кыздык белгинин формасынан көз каранды. 

Миф №2

Кыз турмушка чыкканга чейин жыныс мүчөсүндөгү түктөргө тийбеши керек, кыздык белгиге доо кетет.

Чындык: Жыныс мүчөдөгү түктөрдүн кыздыкка эч кандай тиешеси жок. Өстүрүп жүрөбү же алып салабы ар бир кыздын өз эрки.

Миф №3

Кыз кишинин эриндери чоң болсо, жыныс мүчөсүнүн эриндери да жоон болот.

Чындык: Ооздун эриндери менен жыныс мүчөнүн эриндери ортосунда эч кандай байланыш жок.

Миф №4

Аялдын жыныстык өнөктөшү көп болсо, жыныс кыны чоюлуп калат.

Чындык: Бул жөн гана жомок. Жыныстык өнөктөшдүн саны жыныс кынынын өлчөмүн өзгөртпөйт.

Миф №5

Аялда бир эле жатын бар.

Чындык: Айрым аялдардын эки жатыны болот. Бул патология, төрөткө таасир бериши мүмкүн.

Миф №6

Аялдардын жатынынын өлчөмү бирдей.

Чындык: Ар бир аялдын жатынынын өлчөмү өзүнүн муштуму менен тең.

Миф №7

Төрөттөн кийин жыныс кыны түбөлүккө чоюлуп калат.

Чындык: Ооба, төрөттөн кийин жыныс кыны чоюлат. Бирок убакыттын өтүшү менен булчуңдары кыскарып, мурунку абалына кайтып келет. Бул табигый процесс. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт