// //

Кайын энем баламды эмизе берип тажатты. Айласы куруган келиндин каты

2019.07.18, 15:14
14131

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында кайын энесинин кызыктуу жоругу тууралуу айтылат. 

Айтурган: Мындайды биринчи жолу көрүшүм

Кайын энем кыжырымды кайнатат. Өзү эмес, бул кылыгы.

Шаарда өскөн кызмын. Айылга турмушка чыгуу ой жок болчу. Тагдыр экен. Сүйүүмдү айылдык жигиттен таптым. Күйөөм мыкты адам. Балам экөөбүздү эч нерседен кем кылбайт, көңүлүбүздү алып, көзүбүздү карап турат.

Баш кошкондо бир ай айылда болдук, кийин жолдошумдун жумушуна байланыштуу шаарга келдик. Ошентсе да, дем алыш күндөрү айылга барып, кайын энеме жардам берип турчубуз.

Балалуу болгонго чейин, дем алыш күндөрдү күтчүмүн. Азыр айылга бармак тургай, бул сөздү уккум келбейт.

Күйөөм үйдүн улуусу, балам кайын журтумдун биринчи небереси. Айылга алып барсам, кайын энем алдына алып эмизе берет. 6 айлык бала эмнени билмек эле, эмчегин сооруп, сүт чыкпаарын түшүнгөндөн кийин ыйлап кирет. Кайра каткырып күлүп, экинчисин берет.

Сыртыман күлгөнүм менен, ичимен өрттөнөм. Калпычы болуп бүттүм. Ар кайсы шылтоону айтып, кайын энеме барбоонун жолун издейм. Күйөөмө айтайын дейм, батына албайм.

Тобоо, улгайган адамдын бул кылыгына таң калып бүтө албай койдум. Мындайды биринчи жолу көрүшүм. Же динде ушундай нерсе барбы? Эмизбеңиз деп кантип түшүндүрсөм? Кыйытып айта берип тажадым.

Адистер эмне дейт

Жылдыз Артыкбаева, балдардын тамактануусу боюнча адис

Мурда төрөтканада жаткан энелер сүтү жетпесе же чыкпаса, жанындагы аялдарга баласын эмиздире коюшчу. Азыр анткенге болбойт.

2010-жылдан бери мындай көрүнүштөргө уруксат бербей келатабыз. Себеби ВИЧ инфекциясы 15%га чейин эмизүү аркылуу берилиши мүмкүн. Бул илдет менен ооруп турган эне төрөп, таза баланы эмизип койсо, инфекция сүт аркылуу жугуп калышы ыктымал. Анткени, энелердин баары эле текшерүүдөн өтө бербейт, алардын ВИЧ статусунан кабарыбыз жок.

Ар бир эне өз баласын өзү эмизиш керек! Бул боюнча атайын клиникалык протокол бар.

Эмчек эмизүү аркылуу жугуштуу ооруларды азайтуу үчүн, энелерге өз балаңды өзүң эмиз деп, төрөт үйүнөн да бирөөгө бере койгонго тыюу салып жатабыз. 

Кайын энеңиз кандай максатта балага эмчек берип жатканы түшүнүксүз. Сүту бар оз энеси турганда, бош эмчекти балага берүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Себебин билбей туруп бир нерсе деп айтуу кыйын. Сурооңузда тактай турчу жагдайлар көп. Биз менен байланышсаңыз, кеңеш беребиз.

Дагы бир ирет айта кетейин, ар бир эне өз баласын өзү эмизиш керек!

Кадыр Маликов, теолог

Исламда мындай практика жок. Кайын эненин баланы эмизүүсү тууралуу эч нерсе айтылбаган. Тыюу салуу да, уруксат берүү да жок. Ошондуктан, экинчи булак катары – элдин салт санаасы жана маданияты ортого чыгат. Коомубузда бул практика жапайылык катары кабыл алынат. Азыркы заманда энеден сүт чыкпаса, анын ордун алмаштыруучу “смесь” бар.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
22.07.2019, 21:35

Анын эмнеси жаман. Баланын атасын ошол эмчек менен баккан. Эркелетип, тамашалап атканы. 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
22.07.2019, 21:56

Ачык эле айтыш керек че за фигня деп эле. Баласын эмизе берсин, андай эмискиси келип атса. Мен болсом ачык эле айтмакмын. Боло турган ишти кылайлы деп эле.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 13:56

Анын эмнеси жаман кудай ошондой баланы Эмизип багып Берген кайын энелерди коп жашатсын!!!

Такыр карабай койсо эмне кылмаксын???

0
Пайдалуу жооп
23.07.2019, 14:19

Aitynyz tushundurup

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 14:48

Шариятка туура келбегенин уккам.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 14:57

Ошол корунушту коруп кыйналгандан коро,айтыканыз туураго. Врачтардын айткандарын эске алыныз,Маанилуу. Небересин озуно кондуруп алайын дегениго.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 14:59

Туура эмес, оз энеси эмизип аткан да деле гигиеналык жактан тазаб жууп туруп анан эмизгиле дейтко, менин кайын энем кызымды тилинди бер тилинден ооп кокеюн дейтб мен аябай жийиркенем. мен дагы айталбайм. 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 15:53

Мага да жакпайт  прям бесит

0
Пайдалуу жооп
А
Анара
23.07.2019, 16:34

эмизсе не болуптур баласы жакшы да энеси жаманбы келжиреген келесоо  баландын атасы сени эмсе кайненедин кыжыры келбейт го эне деген ошондой баласын кандай жакшы корсо неберени андан да жакшы корот

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 17:28

Апей ал эмнеси??? Тан калычтуу? Чон эле адамдын кылган жоругу. Кыйдырып сыйытып убара болбой эле туз айтыныз. Же куйоонузго айтыныз. Апама туз айтсам сени таарынтып аламбы деп сага айтып жатам. Сен айт апана сеники катуу тийбейт деп. 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 17:32

Бул корунуш таптакыр туура эмес!!! Ар ким оз баласын багып, эмизиш керек. Убагында алар оз балдарын эмизген баккан, болду эми ал убак отподубу!!!

0
Пайдалуу жооп
23.07.2019, 18:53

Бул окуяны угуп, бир окуя эсиме тушуп кетти. Улгайган эже небересин аргасыздан себебин айтпай эле коеюн, суту жок эмчеги менен небересин эмизип журуп 18 жыл дегенде, суттон кайтканына, кайра сут келип небересин эмизип чонойткон. Бул эми белгилуу себептер менен. Бул энеда жат эмес экен. Мэрим бергиси келет ошону менен мумкун. Жаман оюу жок деп ойлойм. Бирок бул туура эмес корунуш. Эмизбениз деп айтууда кыйын. Конул калуу, жарака кетуу деген сыяктуу. Туура жыйынтыка келесиз деген ойдомун

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.07.2019, 21:08

Да уж это тупизм

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
25.07.2019, 16:06

Tuura emes albette.tazalyk degen nerse bar.Gigienany saktash kerek.Emchek emip jatkan ymyrkai bolso ozu.Enesi ozun emgizgende da tazalap emgizesin, anan sutu jok tazaby taza emspi any kim bilet.Neberege bolgon suyuunun da meerimdin da bashka tur mn korsotso bolot da. Bul karangylyk. Biroo arkyluu jogorudagy adister jazgan makalany watsabyna jonoturup kounuz.Okusa balkim oilonoor.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт