Келгиле, туура боёнгонду үйрөнөбүз
Бьюти блогерлер – туура боёнууну, бат жана жарашыктуу чач жасалгалоону үйрөтүп, стилдүү кийинүүгө көмөктөшөт. Алардын блогдоруна көз чаптырып турсаңыз мода жана сулуулук жаңылыктарынан артта калбайсыз. Сиздерге YOU TUBE дагы орус жана кыргыз тилдүү бьюти блогерлерди сунуштайбыз.
ТОП 5 орус тилдүү бьюти блогерлер
Жазылуучулары: 799 931
Анна Овсянкина музыкалык билимдин ээси, Таллинде туулуп өскөн. Ютубдагы блогун хобби катары 2011-жылы баштаган. Бул ишине баласынын төрөлүшү дагы тоскоолдук кыла алган эмес. Тескерисинче, энелерге арналган блогдор жаралган.
ESTONIANNA каналы чач жасалгалоого, туура боёнууга арналган сабактарга бай. Люкс жана жөнөкөй косметикалардын айырмасын салыштырган видеолор бар. Жаңы чыккан косметикалык каражаттарды колдонуп, аягында өзүнүн жеке оюу менен жыйынтык чыгарып берет.
Жазылуучулары: 829 193
Елена Крыгина - мыкты визажист. Ютуб каналын професионалдуу макияж сабактарына толтурган. Ал ютубда гана популярдуу эмес. 2010-жылы, 23 жашында Make-up Art School студиясын ачкан. Азыркы учурда бул креативдүү группа стилист жана визажисттерди тарбиялап чыгарат.
Елена ютуб каналын 2012-жылы ачкан. Анын өзгөчө бет түзүлүшү ар кандай образдарды жаратууга ылайыкталгандай. Елена туура боёнууну гана эмес чач жасалгалоонун сырларын да бөлүшөт.
3.ТАТЬЯНА СКЛЕМИНА (WOMENBEAUTY1)
Жазылуучулары: 1 388 709
Сиздин чачыңыз узун же орточобу? Чачыңызды өрүп же же тататаал чач жасалгалоосун кылууну каалайсызбы? Анда “WOMENBEAUTY1” ютуб каналына баш багыңыз. Татьяна Склемина жөнөкөй жана түшүнүктүү видео сабактарды каналына жүктөп, бул же тигил чач жасалгалоону этаптары менен көрсөтүп берет.
Склемина Краснодар шаарынан жашоочусу, ал өзү жөнүндө эч нерсе айтпайт жана өзүн видеого тартпайт. Кадрдан анын колун жана париктери алмашып турган маникенди гана көрүүгө болот. Мунусуна карабай анын жазылуучулары көбөйгөндөн көбөйүп барат.
Жазылуучулары: 1 837 375
Сонянын жазылуучулары анын англис акценти менен сүйлөөрүн жакшы билишет. Ал Санкт-Петербургда туулган. Беш жашында Канадага кетип, ошол жактан моделдик карьерасын баштаган. Азыр Нью-Йорк шаарында жашайт жана иштейт.
Башка бьюти блогерлерден айырмаланып Соня макияж сабактарын тартпайт. Ал ар кандай бренддеги кийимдердин жарашыгын, байланышын өзүнүн влогунда айтып берет. Дагы бир өзгөчөлүгү анын жогорку деңгээлде тартылган жана монтаждалган виделору. Ошондой эле блогер дүйнөнү кыдырып саякаттайт, съемкаларга жана мода көрсөтүүлөрүнө даярданат жана Нью–Йорктун көчөлөрүн кыдырат.
1. MARIA WAY
Жазылуучулары: 4 352 042
Maria Way – Россиядагы эң популярдуу бьюти блогер. Мындан сырткары, ал ютубдагы атагы чыккан Россиялык үч кыздын (Кати Клэп жана Саши Спилберг) катарын толуктайт.
Мария Вэй (чыныгы фамилиясын сыр бойдон сактайт) Тамбоведе туулган жана кадрга түшүүнү окуучу жылдарында баштаган. Өзүнүн жеке баракчасын 2012-жылы негиздеген. Чачка, денеге, бетке кам көрүү сырларын, жана башка аял затына арналган темаларда өзүнүн блогун даярдайт.
Канал бат эле жазылуучуларды топтогон. Буга Машанын сүйкүмдүү жүзү жана харизмасынын мыктылыгы себеп болгон. Ал ар кандай видеолорду тартат, анын ичинде влог жана скетчтер да бар.
Кыргыз тилдүү бьюти блогерлер
1. Gulum
Жазылуучулары: 46 766
Гүлүм өзүнүн ютуб каналын кыргыз тилдүү блогерлердин жоктугуна байланыштуу ачкандыгын айтат.
Канал сулуулук сырларына арналган. Айымдардын жүзүнөн баштап тырмагына чейин кантип кам көрсө болоорун айтып берет. Айтмакчы, сунуштаган ыкмаларынын баары Гүлүмдүн сынанан өтөт.
Жазылуучулары:18 010
Дария Батырханова өзүнүн ютуб каналын 2013-жылы негиздеген. Ал кыргыз тилинде кантип туура боёнуш керектигин айтып берет. Макияждын ар кандай түрүн көрсөтөт. Ошондой эле ар түрдүү брендеги косметикалар менен боёнуп көрөт. Өзүңүз үчүн визажист болууну кааласаңыз Дариянын ютуб каналына кош келиңиз.
Сулуулук дүйнөнү сактайт!