// //

Өз ишин бүтүрүп, артын карап жатып алат. Күйөөсү кумарга батырбаган аялдын баяны

2019.07.02, 13:51
25868

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында күйөөсүнүн төшөктөгү алсыздыгы жөнүндө айтылат.  

Кошулгусу келгенде эле жакындайт

Турмушка чыкканыма 2 жыл болду. Бир уулум бар. Сүйүү никеден кийин башталат деп, күйөөм экөөбүздү ата-энебиз үйлөндүрүшкөн. Башталган жок! Жакында төркөнүмө келдим.

Эч качан мени сүйөөрүн айтпаган, эркелетип кучактабаган. Эркек деген аты эле болбосо, майдачыл адам. Ата-энесинин сөзүн укпайт, каалагандай басып жүрөт, апасы менен отуруп алып ушакташат.

Төшөк маселесинде алсыз. Ишин бүтүрүп, артын карап жатып алат. Кошулууну каалаганда бир аз эркелетет. А мен, башка учурларда да эркелешип, кучагында жаткым келет.

Кызыгына жетейин дегенде токтотуп коет

Балалуу болгондо интимдик жашообуз начарлады. Болушунча жакшыртууга аракет кылдым. Баягы эле адаты. Кумарга баткысы келгенде кучактайт, башка күнү мени менен иши жок.

Кошулуп жатканбыз. Эми кызыгына жетейин дегенде токтотуп коюп, жуунгандан ээринип, артын карап жатып алды. Унчукпадым. Эртеси дагы ишин бүтүрдү. Чала өлүк болуп калдым. 

Бир нече күндөн кийин кумарга батууну каалады. Мен да каалап тургам, “желания жок” деп токтотуп койсо болобу. Уруштун баары ушундан кийин башталды. Бул кылыгына чыдай албай:

- Дайыма ушундайсыз! Бир эркелетип койбойсуз! - дедим.

- Урушкуң келип жатабы?! – деп сөгүнүп, биринчи жолу кол көтөрдү.

Чачыман тартып, башыма урду. Кайын энемди көздөй чуркадым.

Ал мага кол көтөргөнүнө сүйүнүп, баласын “жөн” деп эле койду. Кошуналарга уят болбойлу деп акырын ыйладым. Күйөөм ачууланып:

- Сен эмнеге менден кемчилик издейсиң? Ыя! 

- Өзүңдүн ишиң бүтсө болду? – деп айттым.

Жолдошумдун куулугун ошондо билдим. Көгөрүп калбасын деп башыма уруп жатыптыр.

Апама чалып, “кызыңарды алып кеткиле”,-деди. Апамдар келип, эмне болгонун сурады. “Таарына берет”,- деп актанды. Мен ага акча бер же бир нерсе алып бер деп таарынган эмесмин. Өзү катуу урушканда, сүйлөбөй койчумун.

Бетими сыйрып туруп, “кеңейип кетиптир, кумар ала албай жатам”, - деп айтыптыр. Байкем күйөөмө нааразы болуп, “сенин да эжең бар, ошентип да сүйлөйсүңбү”,- десе, ага атырылды. Мени алып кетишти.

Үйдөгүлөр “жашайсыңбы же жокпу өзүң чеч”,- дешти. Эмне кылсам болот? Ажырашып кете берсемби? Эл эмне дейт? Кайын журтум бери кой, күйөөм аркамдан кабар алып келген жок. Көңүлүм калды. Мени жакшы көрбөйт окшойт. Ажырашып кетиптир деген сөз кулакка кандай жаман угулат...

Адистер эмне дейт

Асель Баимбетова, психолог

Биринчиден, көйгөй төшөк маселесинен чыкты деп жатасыз, бирок андан башка да жагдайлар бар деп ойлойм.

Экөөңөрдүн ортоңордо азырынча мамиле жок. Себеби, ата-энеңер тааныштырган, кыз-жигит болуп сүйлөшкөн эмессиңер, жактырууга убакыт жетпеген. Мүмкүн, болочок күйөөңүзгө болгон күтүүлөрүңүз акталбай калган. Ал адамдан эркелетишин, жылуу сөз айтышын күтүп жатасыз. Балким, жолдошуңуз андай эмес.

Күйөөңүзгө караганда жыныстык катнаш тууралуу көбүрөөк билет окшойсуз. Кыязы, күйөөңүз төшөктө өзүн кантип алып жүрүү керек экенин билбейт. Эмнени каалап жатканыңызды ачык айтуу керек: “мен мындай болушун каалайм”, “жүр бул нерсе тууралуу чогуу окуйбуз”, “бул ыкманы колдонуп көрөбүз” дегендей.  

Ал эми сиз каалооңузду ачык билдирбей, анын бир нерсе жасашын күтүп жатасыз. Балким күйөөңүз эмне кылууну билбейт же колунан келбейт. Анан кумарга бата албай, көңүлүңүз түшүп, жемелөөгө өтөсүз. Кыскасы, силерди ата-энеңер тааныштыргандыктан, бири-бириңерди билгенге толук убакыт болгон эмес. Экөөң тең олтуруп, ачык сүйлөшүп, диалог түзүүгө даяр болушуңар керек.

Экинчиден, бул нерселер болуп өттү, бирок сизге кол көтөрүп, башыңызга урганына басым жасабай, аны кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, ажырашкандан уялганыңызды айтып жатканыңыз, бир нече суроолорду пайда кылат.

Бул жерде сиздин жашооңуз, ден соолугуңуз жөнүндө сөз болуп жатса, “эл эмне дейт” дегениңиз таң калыштуу.

Кол көтөргөнүнө чыдап жашайсызбы же жокпу өзүңүз чечесиз.

Эркектерден белгилүү бир күтүлөөрүңүз бар болсо, ачык айтуу керек. Мисалы, жаңы турмуш куруп калсаңыз, эмнени каалайсыз ачык айтып, сүйлөшүү зарыл. Менимче, сиздин эркектерге болгон талаптарыңыз жогору, балким күйөөңүз аны бере албайт.

Айланаңыздагы адамдар сизге буюм катары мамиле кылып жатканы өкүнүчтүү: уруп, кетирип, алып кетип, жаман сөздөрдү айтып ж.б. Буларга да маани бериңиз, күйөөңүз эмитеден минтип жатса, кийин эмне болот? Мындай жашоону каалайсызбы?

Сиздин жана балаңыздын өмүрү баарынан бийик. Жаш экенсиз, балким жашооңузду  жаңы барактан баштайсыз?

Ошондой эле, сиз үчүн чечимди ата-энеңиз кабыл алгандай туюлууда: турмушка чык десе чыктыңыз, кеттик десе кеттиңиз дегендей. Жеке пикириңиз жоктой сезилип жатат. Жашоо сиздики, эмне кылышты бир гана өзүңүз билесиз!

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу окурман, ажырашуу же элдешүү - бул жеке каалооңуз.  Эч кимдин, жолдошуңуз менен чогуу жаша же жок деп мажбурлоого укугу жок. Ошондуктан, бирге жашоо же никени бузуу - сиздин жеке чечимиңиз экенин юрист катары айта кетейин.

Күйөөңүздүн кол көтөргөнү - бул мыйзамсыз аракет, жоопкерчиликке тартса болот. Эмне кылуу керектигин бир гана өзүңүз чечесиз.

Үй-бүлөнүн бузулушун эч ким каалабайт. Эгер үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк болсо, анда аны пайдалангыла. Ажырашасызбы же жокпу өзүңүз билесиз. Эгер ажырашам десеңиз, алимент өндүрүп алсаңыз болот.

Ошондой эле, сизге айтаарым, элдин көңүлүн алуу, элди ыраазы кылуу кыйын, "эл эмне дейт" деген ойлордун пайдасы жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
02.07.2019, 18:18

Ушул кенеш берген психологдор,айылда чонойгон балдардын психологиясын билесинерби? Кел,чогуу коробу,окуйлу деп корсон,кандай гана акыбалда каласын.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
04.07.2019, 00:00

Мындай кылалы деп айтып корчу мен жакпай жатамбы мурда ким менен болдун эле деп бир омур эзип жиберет эркектерге ошентип айтсан

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
06.07.2019, 21:19

Сизди урматтап сыйлап эркелеткен Адамга Эми деле жолугушугунуз мумкун. 

0
Пайдалуу жооп
18.08.2019, 15:11

Жаш экенсин башынды оорутбай ажырашып кет.Башкасы табылат.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
18.08.2019, 15:17

Башкага тийсен эле жыргап кетмек белең,,Жакшысы күйөөң менен эле жармашып жаша  гейге келип туш келип калба анан    

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
18.08.2019, 15:30

Ачык суйлошунуз баардыгын.Сиз куйонузго караганда тошокто активдуу окшойсуз.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
18.08.2019, 15:54

Чынында эле тошок масалеси кобуроок деп ойлойм анткени ар бир адам тошок кумарында стресс ,ой,кайгы жана башка нерселерден арылат негизи тошокто экоотен бирдей кумар алыш керек а уруп соккон болсо ал жашоодогу боло турган нерсе бирок аял заты жолдошунун кол которгонуно жеткирбеш керек бир кол которгон адам ал омур бою которот 

0
Пайдалуу жооп
О
Омур
18.08.2019, 21:47

Жашабай еле кой емне ери барлар жыргап атыптырбы мисалы меники деле ошондой ерим бар жоктун ортосу кейибей еле кой ушундайында ажырашып еле кеткенин он. Кийинделе сени жарытпайт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт