// //

Нике түндө кыз чыкпай калдым, жолдошум дароо талагымды берди

2019.06.07, 16:11
7925

Bilesinbi.kg анонимдүүлүккө кепилдик берип, окурмандардын суроолоруна эксперттерден жооп алып берет. Бул ирет Назиранын (аты өзгөртүлдү) катына гинеколог Раушан Джумагулова жана психолог Асель Баимбетовадан кеңеш алды.

Сүйлөшүп жүрүп баш коштук

Жигитим менен бир жылга чукул сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Нике түнү кыз чыкпай калдым, эч кимге айткан эмеспиз. Жолдошум айтчу сөзүн айтып, он күндүн ичинде Москвага кетип калды.

Күйөөм ишенген жок

Гинекологго барып текшерилсем кыз бойдон экенмин, “кыздык белгиси чоюлчак” деген жыйынтык чыгарып берди. Күйөөмө айтсам, ишенген жок, калп эле актанып, кайдагыны айтып жатасың, - деп урушту.

Бала меники эмес

Андан бери үч ай өттү. Жакында эле кош бойлуу экенимди билдим. 6 жума болуп калыптыр. Бул жаңылыкты да күйөөм кабыл алган жок. Бала меники эмес дейт.

Эмне кыларымды билбейм. Атасы кабыл албаса, кантип багам бул баланы? Кыйналып, ара жолдо чоңоюшун каалабайм. Бирок азыр боюман алдыртсам кийин төрөй албай калышым мүмкүн да. Даары менен түшүрсө болобу?

Раушан Джумагулова, акушер-гинеколог

Кыздык белги чоюлчак болушу мүмкүн, башкача айтканда эластикалуу. Бул болгону кындын кире беришин тегерете курчап турган былжыр чел. Кыздык белги алынбай туруп деле бойго бүтүп калуу тобокелдиги бар. Жөн гана петтинг кылган учурда да кош бойлуу болуп калган учурлар аз эмес.  

Түшүнгөнүмө караганда сиз медикаментоздук аборт жасаткыңыз келип жатат. Бүгүнкү күндө кош бойлуулукту токтотуунун бир нече ыкмалары бар. Алардын катарында вакуумдук аспирация жана дары-дармек менен. Бирок бири да 100% кепилдик бербейт. Бардыгы жалпы ден соолуктан көз каранды. Мисалы, сиздин организм стресске кандай туруштук бере алат? Аборт идеалдуу жасалган күндө да түрдүү татаалдашуу болуп кетиши мүмкүн, катардагы сезгенүүдөн тартып, келечектеги тукумсуздукка чейин.

Асель Баимбетова, психолог

Мен сиздин позицияңызды түшүнбөй турам. Сиз үчүн күйөөңүз бар болсо баланын балуулугу бар, күйөөңүз жок болсо, демек баланын да кереги жокбу?

Оор кырдаалга туш болгонуңуз, күйөөңүз баланы кабыл алуудан баш тартып жатат. Сиз адилетсиз мамилеге кабылдыңыз. Бирок, бул кырдаалдан чыгуу үчүн аборт жасаткандан башка да жолдору бар.

Жакындарыңыздан, досторуңуздан колдоо издеңиз, жардам берүүнү сураныңыз. Кандай болгон күндө да адамдын өмүрү биринчи орунда турушу керек. Сиздин боюман алдыртам деген ойлоруңуз балага терс таасирин тийгизип жатат. Бул тамаша эмес. Сиздин ден соолугуңузга да кесепети тиет.

Ата-энеңиз бар болсо алар менен кеңешиңиз. Күйөөңүздүн ата-энесине да билдириңиз. Курсактагы ымыркай жалгыз сиздин менчигиңиз эмес. кичинекей баланын өмүрү жөнүндө сөз болуп жатат. Күйөөңүз кабыл алабы же жокпу, баары бир бала аман калышы керек.

 

Күйөө баламдын катын окуп, кызымды үйүнө жөнөттүм

Кайын энем 9 жылдан бери абийиримди жашырып келет

Мен сени сүйөм, бирок сени менден да катураак сүйгөн дагы бир аял бар

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
A
Aйбек
06.10.2019, 00:14

Бул эмне деген доодурогон психолог жооп берген? Ушундай психологго туш болгондон сактасын кудай! Ой тоббоо... Алты жумалык эмбриондун жаны кымбат а тиги байкуш кыздын жаны, жашоосу баары бирби? Акмак куйоого туш келип калганына куноолубу? Ал акмак мындан ары деле жарытпайт, бу кебетеси менен, макул «бала учун» жашап калган кундо деле. Андай куйоонун кереги эмне дагы, и андай акмактын айынан баланын туйшугун моюнуна жаштайынан жалгыз илип алып кереги эмне? Кааласа алдырып койсун дагы, андан ары жашай берсин. Бала тороо, багуу деген оной эмес, чон туйшук! Бир гана медициналык жактан жакшылап карап, абайлап, туура келген методун тандап, жакшы доктурга кайрылып, дегендей. А жанагы куйоосу эмне кыз эмес экенин сексти аягына чейин чыгарып, ичине спермасын куюп туруп анан туштон кийин тушунуптурбу? А кыз эмес деп кийин жашабай турган болсо жатпай койбойбу, сексти аягына чыгарбай койбойбу, спермасын ичине куйбай эле? Бул жашоо озу айбандар менен акмактарга толтура да. Психологго чоон, былчыйган эки! 2! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт