// //

Кайын энем 9 жылдан бери абийиримди жашырып келет

2019.09.26, 17:06
21378

- Бекулан, түшүнсөң, экөөбүз бирге боло албайбыз.

- Себебин айтсаң түшүнөм да!

- ...

- Үйлөнүү сунушун киргизгенден бери бирге боло албайбыз деп качасың. Эмне үчүн? Айт! Эмне үчүн? Эмне үчүн? Айка!

- Кыз эмесмин!

Шарт бурулуп, чуркап жөнөдүм. Көз жашым жамгырга кошулуп төгүлүп жатты.

Кечир Бекулан, мен учурунда сүйүүнүн курмандыгы болгом, анын ар бир сөзүнө ишенгем, айтканын жасагам. Ал акмак жаштыгымды пайдаланды. Мени куурчактай ойноду. Намысымды алды да, эч нерсе болбогондой таштап кетти.

Батирге кирип, чечинбестен диванга сулк куладым. Кийимдеримдин суусу полго тамып жатты. Эшикти илдимби же жокпу билбейм, көзүм илинип кетиптир.Турсам түнкү саат бир экен. Ваннага барып бетимди жууп, кайра келип жатып алдым. Эртеси жумушка чыкпадым. Сыркоолоп калыпмын.

- Сен?

- Жумушуңа барсам жок экенсиң, апам ооруп калганыңды айтты.

- ...

- Кирсем болобу, сүйлөшчү сөздөр бар.

- Кир.

Бир саам унчукпай отурдук. Акырын келип, колумду кармап:

- Айка, мен сенсиз жашай албайм. Кечээ...

- Бекулан...

- Сөзүмдү бөлбөй турсаң. Мен үчүн сен айткан чындыкты кабыл алуу оор болду. Бирок, сени ушунчалык сүйөм. Айка, кел баарын кайрадан баштайбыз. Мага бир мүмкүнчүлүк бер. Сага мыкты күйөө болом. Кубалаба, суранам.

Көзү жашылданып кетти. Катуу кучактап, ыйлап кирдим.

Бекуландын апасы кесиптешим. Эже менден бир топ жаш улуу болсо да, жакын курбум. Менин өткөнүм жөнүндө баарын билет. Болгонун болгондой айтып бергем.

Ал күнү Бекулан апасын корпоративден алып кеткени келген. Баласы экенин билген эмесмин. Сыртта таза аба жутуп турсам, жаныма басып келип биринчи таанышкан. Ошентип, сүйлөшө баштадык. Алгач апасына ачык айта албай жүрдүк. Эже жакында эле билди.

- Апа, шейшеп текшерүү деген болбогон жөрөлгөлөрдү жасабай эле койгула. Жеңемдерге да айт, кайдагыны баштап жиберишпесин. Сага бир нерсе айтып коеюн дегем, Айка кыз эмес, бирок мен үчүн мааниси жок. Аны сүйөм апа. Бактымды Айкадан эле көрүп турам.

- Болуптур балам, жашоо сеники. Ачык айтып койгонуң үчүн рахмат.

Ошентип, той да болду. Мени эки жеңем коштоп келди. Алар кыз эмес экенимди билишпейт. Кайын энеме айтып коем деп батына алган жокмун. Эртең менен туруп алышып, “ии, кудагый, качан сүйүнчүлөйсүз” дешсе болобу.  “Кызыңар кыз болсо сүйүнчүсүн бермекмин”,-деп айтабы десем, кайын энем унчукпай берчүсүн берип, сыйлап узатты. Жеңемдер кеткенден кийин бөлмөсүнө чакырды.

“Айка, сен эми менин курбум эмес, келиним болдуң.  Мен үчүн уулум экөөңдүн бактыңар баарынан бийик турат. Сен эми биздин бүлөсүң. Кызым, бул эми сенин да үйүң, кутун учура көрбө кызым. Өткөн турмушуңдан кабарым бар. Болгон иш болду. Бул сөз акыркы ирет ушул жерде калсын”.  Айткандарын өмүр бою унутпайм.

Бекулан менен баш кошконубузга быйыл 9 жыл болот. Ушул убакка чейин күйөөм менен кайын энемден бир жаман сөз уккан жокмун. 

Бекулан машина айдап баратат. Артында эки балабыз уктап жатат. Бүгүн кайын энемдин туулган күнү. Чоң апасын куттуктаганы айылга жөнөдүк. Бекуланга жолуктурган, алтын апамдай кайын энелүү кылган тагдырыма миң мертебе ыраазымын. Мен бактылуумун! 

Дагы кызыктуу окуяларды бул жерден окуңуз:

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт