Жигитим өзүнүн тоюна кеткенин билбепмин. Алданган кыздын баяны
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында 8 жыл сүйлөшүп жүргөн жигитинин эки жүздүүлүгү жөнүндө айтылат.
Болочок кайын энем менен жакшы мамиледе болчубуз
Саламатсызбы. Учурдагы абалымды, душманыма да каалабайм. Анда эмесе, кеп башынан болсун.
Жигитим экөөбүз мектептен бери кыз-жигит элек. Сүйлөшкөнүбүзгө 8 жыл болгон. Быйыл күзүндө үйлөнөлү дегенбиз. Ата-энелерибиз таанышкан. Болочок кайын энем менен мамилебиз жакшы болчу.
Ата-энеси экөөбүзгө деп батир алып берген. Ремонтун чогуу жасадык. “Оңдоп-түзөө иштери бүткүчө, досумдукунда жашап турайын” дегенинен макул болгом. Мындай болоорун кайдан билдим...
Тойго кеткен боюнча келген жок
Жаңы-жылдан кийин ошол досунун тоюна бармак болду. Эмнегедир мени чакырбады. Жаман оюм жок, “жылуу кийинип ал, ооруп калба”, - деп узаткам. Кеткен боюнча жок. Канча жолу телефон чалдым.
Бир күнү байкеси байланышка чыкты.
- Бизди кечирип кой, Улан (аты өзгөртүлдү) үйлөндү.
- Байке, тамашалап жатасызбы?
- Тамаша айткан жерим жок.
Трубканы коюп койду. Бул эмнеси? Кайра апасы чалды.
- Кызым, кечирип кой, уулубуз үйлөндү. Билем, сенин алдыңда күнөөлүбүз. Тилибизди албай койду. Кечир бизди!
Досунун карындашына үйлөнүптүр
Көрсө, Улан ошол досунун карындашын алыптыр. Ал кызды тааныйм, мени “эже” деп сыйлап турчу. 8 жыл бирге экенибизди, күзүндө баш кошоорубуздан да кабары бар эле.
Инстаграмга кучакташып түшкөн сүрөттөрүн жүктөшөт. Көргөн сайын ичим туталанат. Улан бир жолу чалып, эмне үчүн мындай кылганын айтып да койгон жок.
Кайсы жерден, качан жаңылдым? Эмнеге мени мындай абалга калтырды? Суроолор көп, жооп жок. Мага жардам бергилечи!
Асель Баимбетова, психолог psihologiya_kg
Кымбаттуум, абалыңызды түшүнүп турам. Мындай окуяга кабылганыңыз абдан өкүнүчтүү, сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам.
“Менин күнөөм эмнеде?” деген суроого жооп издеп жатасыз. Сизге айтаарым, сиздин эч кандай күнөөңүз жок. Эмне үчүн сиз айыптуу болушуңуз керек? Ал жигиттей адамды сүйүп, ишенгениңиз үчүнбү?
Жаратыңыз калыбына келип, болуп өткөн нерселерди унутканга убакыт керек. Кабатыр болуп, ыйлап жатканыңыз нормалдуу көрүнүш. Себеби, сиз тирүү адамсыз, ага болгон үмүтүңүз бар эле, турмушка чыгууну каалагансыз, ишенгенсиз. Учурдагы абалыңыз, жаман же алсыз экениңизден кабар бербейт. Тескерисинче, жигитиңизге болгон сезимдериңиз анык экенин айтып турат.
Мүмкүн, “жигитим ак ниеттүү адам, анын жалгызымын”,-деп ойлогонсуз. Балким, анын башкалар менен параллелдүү мамилеси болгон.
Башыңыздан мындай окуя болуп өткөнү бир жагынан өкүнүчтүү, экинчи жагынан кайра жакшы. Кылганына караганда, ал жигит эки жүздүү адам. Турмушка чыксаңыз, мындан да жаман болмоктур.
Учурдагы абалыңыздан чыгуу үчүн жакындарыңыздан, курбуларыңыздан колдоо алыңыз. Шартыңыз болсо, психологго кайрылыңыз.
Сизде баары жакшы болот. Өзүңүзгө кам көрүңүз.
Эмне себептен бала куноолу. Кыздын деле бир характери бардыр, балага жакпаган туура эмес бир нерселерди кылгандыр. Кызда дагы куноо бар. Жашоодо идеалдуу адам болбойт да. 8 жылдын ичинде кыздын кылык жооругун бардыгын тушунду да, башкага уйлондуу. 8 жыл суйлошсонор анан сага кантип кетип жатып мен башканы алам десин. Жеп жиберсен керек баланы.
Тушуном бирок жардам Бере албайм
Бул дуйно. Кайтаар дуйно деп коет го Тим койунуз,озунузду караныз
Сегиз жыл өтө көп убакыт, бири биринин характерин билип, бири биринен тажаган
Мындай учурда сага бир гана убакыт жардам берет, убакыттын отушу менен баарын унутасын, бирок журоктогу кек омур бойу жашайт. Бул абалдан эртерээк чыкбасан бир келген омурунду озуно- озун берген суроолор менен откоруп жибересин.
Ошону менен жашоо бутпойт.Мумкун жашоондогу жакшылыктардын башка жолунун ачылышы учун берилген кудайдын бир жолудур.Жакшылыкка жооруп,алдыга карай аракеттенуу керек,ошондой утулбайсын.
Ии неге кайгырасыз сыздап, капаланасыз. Ал болгону бир бала го. Үйлөнө электе кеткени жок болгону жакшы болуптур. Андан жакшысын сизди сыйлаганын таап аласыз. Кичине убакыт керек. Андайды жигит эмес койнунда жаткан күйөө деле кылып кетип жатат.
Баары жакшы болот иншаллах. ?
Кечиресиз сиздин журогунуз до чоон жараат калып жатат,мындан кийин эчкимге ишенбоо принциби калышы мумкун сизде.Бирок ойлоп корунуз бул деген кадимки корунушда,элдер баш кошуп 10 жыл 15 жыл дегенде ажырашып жатат, балдарын чыркыратып,ага караганда сиздики женил, убакыт даарылайт сизди,коомго аралашып озунузду алаксытыныз,сиздин ден соолугунуз озунуздон башка эчкимге керек эмес.Оорулуу болуп калбаныз...
Бир жыл болгону калды. Мындай менде да болгон. Милицияда журом ишим бутпой атат ана барам мына барам деп Ошто 1 жума журсо ии байкуш деп ишенип журсом ал уйлонуп жургон экен. Бирок азыр эч окунбойм. Кутулганыма суйуном. Бизде бул кыздан айырмабыз ал уйлонуп алып да сыр бербей жоолугуп жургон мен билип калганыма чейин. Еще уялбай сени суйом бирок уйлонушум керек болуп калган болчу деп койот.