// //

Кош бойлуулук календары (13-24 жума)

2019.05.03, 16:26
54458

13 ЖУМА Жакын арада эртең менен көңүл айнуу азабынан арыласыз, кыжырданууңуз да азаят. Бойдон түшүп калуу коркунучу кыйла төмөндөйт. Вирустук оорулардын алдын алууга өзгөчө маани берип, этият болуу керек. Түйүлдүктүн салмагы болжол менен 28 грам. 20 сүт тишинин орду калыптанып бүткөн.

14 ЖУМА Сиз кош бойлуулугуңуздун мыкты учуруна, экинчи триместрине кириштиңиз. Жатын жума сайын чоңоюп жатса дагы өзүңүздү мурункуга караганда кубаттуу сезе баштайсыз. Баланын ашказан алдындагы бездери инсулин иштеп чыгара баштайт. Жыныс органдары калыптанат. Жүрөгү күнүнө 23-24 литр кан айлантат. Бала азыркы тапта сиздин алаканыңыздай эле!

15 ЖУМА Түйүлдүк тарабынан активдүү бөлүп чыгарылып жаткан гормондор сиздин организмге таасирин тийгизиши мүмкүн. Баланын чачы өсүп жатат. Салмагы болжол менен 50 г. Бою - 13 см. Түйүлдүктүн салмагы жана бою орто статистикалык көрсөткүчкө ылайык алынды. Баланын дене түзүлүшү аялдын боюнан, социалдык-экономикалык шарттарттарына жана кош бойлуу кездеги багуудан көз каранды.

16 ЖУМА Сиздин жатыныңыз тондун ичинде өсүп жаткан түйүлдүккө мейкиндик берүү үчүн кеңейет. Бала оозун ачып, бетин кыймылдатып, мурдун чүйрүй алат. Жүрөгүңүздүн кагышын угат жана төрөлгөнчө тыңшап жатат. Кичинекей болсо дагы сиздин маанайыңызды жакшы сезет. Наристе – бул кичинекей Чоң Сүйүү!

17 ЖУМА Түйүлдүк тынымсыз өөрчүйт. Баланын кыймылын сезип жатасызбы? Ар бир кыймылы жүрөктү элжиретет э? Биринчи балага караганда кийинки бала менен кош бойлуу болгондо түйүлдүктүн кыймылы эки жумага мурдараак билине баштайт. Биринчи кош бойлуулукта аял өзүнүн баласынын кыймылын бир аз кечирээк сезет.

18 ЖУМА Эгерде бул сиздин биринчи кош бойлуулугуңуз болсо, анда 18-жума сизди өзгөчө толкундатуучу мезгил, анткени баланын кыймылын так, даана сезе баштайсыз. Баланын салмагы 200 г. Бою 20,5 см. Ал жакшы угат жана бир аз көрөт. Тышкы үндөргө таасирленет.

19 ЖУМА Жуманын башкы жетишкендиги – баш мээнин өөрчүшү уланууда. Түйүлдүк пропорционалдуу эмес. Башы чоң, себеби баланын өсүшүндө баш мээ маанилүү роль ойнойт. Аны менен сүйлөшүңүз, бала угат жана энесинин үнүн тааныйт!

20 ЖУМА Бойго бүткөндөн бери 18 жума өттү. Сиздин курсагыңыз жана кош бойлуулугуңуз билинип калды. Ичиңиздеги ымыркай уктап жатабы же ойго экенин сезесиз. Стетоскоптун жардамы менен баланын жүрөгүнүн кагышын угууга болот.

21 ЖУМА Балаңыздын канында кызыл кан клеткаларынын камтылышы жогору: эми инфекциялар менен күрөшүүгө жооп берүүчү ак кан клеткалары иштелип чыга баштайт. Ымыркайдын тилинде даам сезүүчү бүдүрлөрү пайда болду. Айланасындагы сууну ичкенде тамшанат!

22 ЖУМА Бала өзүнүн денесин изилдейт, буттарын, бетин колдору менен кармалайт. Бул мезгилде тамактанууну жакшыртуу керек, өзгөчө темир менен байытылган азыктарды, витаминдерди ичиңиз.

23 ЖУМА Бала тездетилген темп менен май катмарын өстүрүп жатканына карабастан, али кызыл эт. Салмагы болжол менен 510 г. Айрым учурда активдүүлүгү сиздин тынчыңызды алат. Аны менен акырын сүйлөшүүңүз, балага сиздин көңүл бурганыңыз жагат.

24 ЖУМА Салмак кошуу сиздин организмге таасирин тийгизе баштайт. Баланын салмагы 600 г ал эми бою 30 см. Май жана тери бездери иштейт. Анын жүзү эмитеден эле төрөлгөндө кандай боло турган болсо ошондой. Кирпиктери, чачтары өсүүсүн улантууда.

Кош бойлуулук календары (1-12 жума) бул жерден окусаңыз болот.

Кош бойлуулук календары (25-40 жума) бул жерден окусаңыз болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Алтынай Жусупова
04.05.2019, 13:55

Саламатсызбы? Мен жазып жатканымдын себеби менин жашым 21де суйлошуп жургон жигитим бар эле озунон озу жоголуп кетти ватсаптан чёрный списоко кошуп чалбай калды уйлонобуз деп жургонбуз.Озум кыйналып кеттим кутуп журуп.Кенеш сурайт элем.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт