// //

Социалдык жөлөк пулду кимдер ала алат? Адис жооп берет

2019.02.20, 14:12
7555

Социалдык жөлөк пул кимге берилет деген суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева кененирээк жооп берди. 

Ай сайын берилчү социалдык жөлөк пул - үй-бүлөнүн кирешесин эсепке албастан, пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга чектелет.

Тактап айтканда:

1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга - 18 жашка чейин;

2) бала кезинен I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;

3) I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;

4) улгайган жарандарга (эркектер - 65, аялдар - 60 жашка чыкканда);

5) баатыр энелерге - 55 жашка чыкканда;

6) ата-энесинин биринен айрылган балдарга;

7) ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдарга;

8) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга (18 айга толгонго чейин).

Ай сайын берилчү социалдык жөлөк пул төмөнкү өлчөмдө чектелет:

 №

 Ай сайын берилчү социалдык   жөлөкпул алуучулардын категориясы

 Ай сайын берилчү   социалдык жөлөкпулдун   өлчөмү

 1

 Балдардын церебралдык шал оорусу   менен жабыр тарткан, ден соолугунун   мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга

 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө

 2

 ВИЧ-инфекция же СПИД менен ооруган   балдарга

 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө

 3

 ВИЧ-инфекция жана СПИД менен оорулуу   энелерден төрөлгөн балдарга

 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө

 4

 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген   балдарга

 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө

 5

 Пенсиялык камсыздандырууга укугу жок   болгон томолой жетим балдарга

 2000 ( эки  миң) сом өлчөмүндө

 6

 Пенсиялык камсыздандырууга укугу жок   болгон багуучусунан ажыраган балдарга 

1000 (бир миң) сом өлчөмүндө

 7

 Бала кезинен ден соолугунун   мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу   адамдарга

 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө

 8

 Бала кезинен ден соолугунун   мүмкүнчүлүгү чектелген II топтогу   адамдарга

 3300 (үч миң үч жүз) сом   өлчөмүндө

 9

 Бала кезинен ден соолугунун   мүмкүнчүлүгү чектелген III топтогу   адамдарга

 2700 (эки миң жети жүз) сом  өлчөмүндө

 10

 Жалпы оорунун I тобундагы ден   соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген,   пенсиялык камсыздандырууга укугу жок   адамдарга

 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө

 11

 Жалпы оорунун II тобундагы ден   соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген,   пенсиялык камсыздандырууга укугу жок   адамдарга

 1500 (бир миң беш жүз) сом   өлчөмүндө

 12

 Жалпы оорунун III тобундагы ден   соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген,   пенсиялык камсыздандырууга укугу жок   адамдарга

 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө

 13

 Пенсиялык камсыздандырууга укугу жок   болгон баатыр энелерге

 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө

 14

 Пенсиялык камсыздандырууга укугу жок   болгон карыларга

 1000 (миң) сом өлчөмүндө

 15

 Тоолуу жана алыскы райондордо   жашаган, пенсиялык камсыздандырууга   укугу жок болгон карыларга

 1000 (миң) сом өлчөмүндө

Жаран бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын калктуу конушта жашаса, анда жөлөк пул райондук коэффициентти эске алуу менен дайындалат. 

Керектүү документтер тизмеги

Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I, II,  III топтогу адамдар үчүн:

  • Арыз жазган адамдын паспорту
  • Факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
  • Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) майыптуулукту тастыктаган маалымкаты
  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынан пенсиялык камсыздоого укугу жок жөнүндө маалымкат

I, II,  III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн:       

  • Арыз жазган адамдын паспорту
  • Факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
  • Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) майыптуулукту тастыктаган маалымкаты
  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынан пенсиялык камсыздоого укугу жок жөнүндө маалымкат

ВИЧ-инфекция жана СПИД менен оорулуу энелерден төрөлгөн балдар үчүн:         

  • Арыз жазган адамдын паспорту
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
  • Факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
  • СПИД республикалык борборунан бала ВИЧ/СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөндүгүн тастыктаган маалымкат

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн:       

  • Арыз жазган адамдын паспорту
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
  • Факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
  • Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) майыптуулукту тастыктаган маалымкаты

Ата-энеси каза болгон балдар үчүн:       

  • Арыз жазган адамдын паспорту
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
  • Факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
  • Ата-энесинин бирөөсү же экөө тең каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү
  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынан каза болгон ата-энесинин (бирөө же экөө) пенсиялык камсыздоого укугу жок жөнүндө маалымкат

Пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон баатыр энелер үчүн:      

  • Арыз жазган адамдын паспорту
  • Факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынан пенсиялык камсыздоого укугу жок жөнүндө маалымкат
  • Баатыр эне күбөлүгүнүн көчүрмөсү

Пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон улгайган жарандар үчүн:

  • Арыз жазган адамдын паспорту
  • Факт жүзүндө жашаган жеринен маалымкат
  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынан пенсиялык камсыздоого укугу жок жөнүндө маалымкат.

Документтерди кабыл алуу жайлары - факты жүзүндө жашаган жери боюнча шаардык жана райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары.

Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз! 

Байланыш телефону: 0312 30 01 26.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
25.10.2020, 11:12

3 балам бар Шаарда турабыз квартирада эч нерсебиз жок, айылда жашадык кыйналдык кайнатанын уйундо жолок пул алат элек жолдошумдун иши турукту эмес бирде бар ,бирде жок  мен садике няна болуп ишке кирдим 5800 айлык эми пособия чыкпай калабы бизге ??ал жетпейт кварплат тамак ашга , киреше булагыбыз жок эч кандай жер да.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт