// //

YouTube менен чогуу саякаттайбыз!

2018.07.24, 14:53
1733

Абайлаңыз! Саякатчы блогерлер сизге укмуштуудай кызыктарды, жерлерди көрсөтөт дейсиз, сумкаңызды алып эле саякатка чыккыңыз келип кетет. Bilesinbi.kg YouTube'дагы саякатчылардын каналдарын сунуштайт.

  1. «Орёл и Решка»

«Орёл и Решка» YouTube'га 2011-жылдын 4-ноябрында каттоого туруп, азыркы күндө 1 545 556  жазылуучусу менен 419 092 104 көрүүгө ээ болгон.

Дүйнөнүн баардык жерин кыдырып, өзүнүн көрүүчүлөрүнө тартуулайт. Дайыма эки алып баруучу тыйын ыргытат. Жеңүчүүсү чексиз алтын картаны, жеңилгени -100$ алып саякатын баштайт.  

  1. “Alexander Kondrashov”

Александр Кондрашов бир оорунда бир мүнөт тура албаган адам. Ал: саякаттайт, тамак жасайт, сууда сүзөт, балык кармайт, бийиктиктен секирет, аңуулайт жана мунун баарын өзүнүн популярдуу YouTube каналындагы көрүүчүлөрүнө тартуулайт. Бир сөз менен айтканда каналдан сиз эңсеген видеону көрө аласыз.

7 жыл ичинде 1 202 706 жазылуучуну өзүнө тартып, өзгөчө видеолору менен 292 919 221 көрүүгө ээ болгон.

Кайсы бир блогун дүйнөдөгү эң начар базарга арнаган. Баса ал 6 831 531 көрүү алган. Сизди кызыктырган чыгаар э?

  1. “МИР НАИЗНАНКУ”

“Мир наизнанку” каналынан автору туристик турлар менен барууга болбой турган өлкөлөрдү кыдырып, адам таңгалаарлык өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт.

You Tube'га 2010-жылдын 29-октябрында катталып, 438 808 жазылуучуну, 86 095 468 көрүүнү топтоп, капчыгына 8.6K – 10.8K $ салган.

Каналга 263 видео жүктөлгөн. Эң көп көрүүчүнү Японияга болгон саякаты алып келген. Кандай саякат экени кызыктырдыбы?

  1. "Поехавший"

Достор, бул каналдын алып баруучусу Миша Ронкаинен. Ал: “Менде өзүн-өзү коргоо инстинктти жокко эсе. Ошондуктан мен башкалар бара албаган Афганистан, КНДР, Йемен, Судан жана башка жактарга бара алам” деп төш кагат.  

"Поехавший"  каналы 2011-жылдын, 8-мартында түзүлүп, 259 541 жазылуучуну жана  26 221 388 көрүүнү топтоп, 8.6K – 10.8K $ акча тапкан.

Баардыгы болуп 100дөй өлкөнү кыдырган. Өзүнүн блогунда кызыктыруучу окуялары жана саякаты жөнүндө айтып берет.

Миша Ронкаинен менен бирге саякаттаңыз келип кеттиби?

  1. “#ONE TRAVEL”

“#ONE TRAVEL” YouTube каналы өз ишин баштаганына аз гана убакыт болду. Самат жана Айида Дөөлөтбаковдор башка саякатчы блогерлерден кем калбайт. Жогорудагы блогерлерден балдары менен биргеликте саякаттаганы менен айырмаланып турат.

Дүйнөгө көз салып тур!

Саякатчыдан лайфхак: Кантип убакытты, күчтү жана акчаны туура үнөмдөсө болот? 

https://bilesinbi.kg/article/179/

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт