Саякатчыдан лайфхак: Кантип убакытты, күчтү жана акчаны үнөмдөсө болот?

Саякатчы Даниэлла Стрыгина өз сырларын “Билесиңби” менен бөлүштү.

  • Биринчи кезекте чемодан. Ичине көбүрөөк батсын десеңиз, буюмдарыңызды түтүкчө кылып бүктөңүз.
  • Спонж, щетка, тиш пастасы, кулак таякачалары сыяктуу майда-чүйдөлөр салынган бир канча кичинекей сумкаларды даярдап коюңуз. Эсиңизде болсун суюктук албаңыз (духи, лак, спрей ж.б).
  • Аэропорттон ашыкча салмак үчүн эч качан акча төлөбөңүз. Жакшысы ашыкчаларды ыргытып, жаңысын сатып алыңыз.
  • Мейманканадан алып кетүүгө мүмкүн болгон бардык нерсени ала бериңиз. Кереги тиет деп айта албайм, бирок эстелик болот.
  • Саякатчыга керектүү тиркемелер: Booking, Airbnb, Couchseerfing, Grab, Go Jack, Uber, Патефон, Radio Record, Expedia, Aviasales, Airasia, Maps.Me
  • Павербанк, кубаттагыч, ручка, тырмак үчүн арналган кагаз арааны унутпаңыз.
  • Китеп албай эле коюңуз, баары бир окубайсыз.
  • Жаныңызга суюктук жана курч нерселерди албаңыз. Кичинекей бет майга уруксат.
  • Аэропортто тамактар даамсыз жана кымбат. Жакшысы аэропортко келе жатканда бир нерсе жеп алыңыз.
  • Эгерде чылым чексеңиз, iqos сатып алыңыз. Муну учактын дааратканасынан тартса болот.
  • Кайда гана болбоңуз соодалашыңыз. Өзгөчө Азияда бааларды 3 эсе көтөрүп коюшат.
  • Трипадвайзер сыяктуу тамак-ашка арналган тиркемелерге убакыт коротпоңуз. Булар убакытты алганы аз келгенсип, көп учурда күтүүлөрдү актабайт.
  • Интуицияңызды өркүндөтүңүз. Жаңы жерге барганда алдын ала бул жакка барам деп пландабай эле, ар кайсы жерине адашып бара бериңиз. Бул абдан кызык.
  • Телефонуңуз өчүп калса дагы, адашып кетүүдөн коркпоңуз. Жаныңызга отелдин визиткасын алып жүрүңүз.
  • Жүксүз сейилдеңиз. Өзгөчө Азияда рюкзак эле жетиштүү. Ичине баалуу буюмдарды салбаңыз, уурдап кетишет.
  • Акцент менен сүйлөп жатам деп кабатыр болбоңуз. Чынында муну менен эч кимдин иши жок.
  • Бир жакка баргыңыз келбей жатса, өзүңүздү кыйнабаңыз.
  • Европадан учакка кечигип калсаңыз, сизди башка ички рейстерге отургузуп коюшат. Эгерде эл аралык болсо, билет баасынын үчтөн бир суммасындагы айып төлөйсүз.
  • Аэропорт-бул навигациянын эң мыкты системасы. Адашып кетем деп коркпоңуз. Бирок келгенде эле каттоодон өтүңүз, гейтти табыңыз, анан сейилдеп жүрө бериңиз.
  • Эстеликке өтө чоң эмес бир нерселерди чогултуңуз. Мисалы, барган өлкөлөрүңүздүн акчалары же кондуруучу (посадочные) талондор. 
  • Эч качан аэропорттон акча алмаштырбаңыз. Ал жактан дайым аз болуп калат.
  • Банкоматтан акча алсаңыз, комиссия алынат.

Жыргап жүрүңүз! Болуп жаткан нерселердин ар биринен ырахат алыңыз. Сиз каалагандай болбой жатса дагы кабатыр болбоңуз. Баары кандай болушу керек болсо ошондой болот. А бул болсо ар дайым жакшы!

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт