AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм нике түнүбүздө апасынын койнунда уктады

Күйөөм нике түнүбүздө апасынын койнунда уктады

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул ирет редакциябызга келип түшкөн жаш келиндин катын жарыялайбыз. 

Муздак жаздык кучактап жаткан күндөрүм көбөйдү.

Биринчи нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктаган. Качан келет экен деп таң атканча күткөнүм дале эсимде. Келген эмес. Азыр да кез-кез апасынын жанына барып жатат. Баары кайын энемдин айынан.

Баласын менден ашыкча кызганат. Бул нерсени жаңы келгенде эле байкагам. Жашоомду чыр-чатак менен баштагым келбей тилимди катып жүрдүм. Күйөөмө да үндөгөн жокмун. Бирок муздак жаздык кучактап жаткан күндөрүм көбөйө баштады.

— Жакшы жат.
— Бүгүн дагыбы?
— Эми эмне кыл дейсиң, апам да.
— А менчи?
— Баштабачы!

Күйөөм үйдүн уулусу. Өзүнчө бөлүнөлү десем, кайын энем макул болгон. Кийин күйөөмдү чакырып алып, “кетсең жүрөгүм ооруп калат”, — деп айтыптыр. Ушунчалык кызганат дейсиңер, чогуу уктап жатсак, “жүр мени менен жатчы”, — деп түнкү саат экилерде келип, күйөөмдү жанына алып кетет.

Бул адаты балалуу болгондо да калган жок. Кайра күчөгөндөй өңдөнөт. Күйөөмө канча ирет айттым, “апам да”,- деп эле ийинин куушурат.

Жолдошум өзү жакшы адам. Апасынан бекитип белек-бечек алып келип берет. Аларды дароо катам. Кокус кайын энем билип калса, чоң жаңжал чыгаары анык.

Бир учур эсимде. Боюмда бар эле. Өрүк жегим келди. Күйөөмө чалып, жумуштан кийин ала келчи дедим. Макул болду. Кечинде алып келип, апасынын көзүнчө мага берсе, кайын энем бурулуп алып басып кетсе болобу. Эки күн бөлмөсүнөн чыкпай таарынып жаткан. Айласы кеткен күйөөм алтын чынжыр алып берип таарынычын жазган.

Карып калды, унчукпай эле коеюн дейм. Бирок бул кылыгы кокомо жетти. Тажадым. 

Адистер эмне дейт

Психолог Асель Баимбетова атактуу клиникалык психолог, жазуучу жана илимпоз Леа Веденскинин пикирине таянып, төмөнкүлөргө токтолду.

Бул көпчүлүк учурда баласын жалгыз тарбиялаган же өз күйөөсүнө нааразы болгон энелерде пайда болот. Күйөөсүнөн алалбаган көңүл бөлүүнү уулунан талап кылат.

Ашыкча кам көрүү

Тизгинди өз колуна кармаган энелер уулуна ашыкча кам көрөт, мындай мамилесин руханий зордукка да теңесе болот. Уулун биринчи планга коюп, ага чаң жугузбайт. Баласын гений деп эсептеп, өзүнүн өмүрүн арнайт. Бирок, түпкү тегинде тоталдык козөмөлдөөгө умтулуп, анын өнүгүүсүн жана карьерасын башкарат.

Уулу өз алдынчалыкка умтулса, мисалы, үй-бүлө кургусу келсе, билип-билбей анын пландарын бузуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Баласын тынч койбой, өзүн күнөлүү сезүү сезимин таңуулайт.

Ал сенин башыңды айлантып алган…

Өз жашоосундагы “эркектин” ролун уулуна жүктөгөнү, энелик кызгануудан жана өз уулун “башка аял” менен бөлүшкүсү келбегендиктен улам келип чыгат. Ар дайым башка аялдар ага татыктуу эмес, деген ойду айтып келет. Мындай комплекси бар энелер өздөрүн жигитине эркелеген кыздай алып жүрүшөт: көңүл бөлүүнү, ал акыбалын сурап-турууну, акчаны, же бир нерсе сатып берүүсүн доолайт.

Бул энелер баласынын көңүлүн өзүнө буруу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонот, эң популярдуусу ден соолугуна арыздануу: “Давлением кармап атат, жакында ары кете берем го. Сен келериң менен жеңилдеп калбадымбы”. Ошол эле маалда баласы жумушунун баарын таштап коюп жетип келгени эске алынбайт.

“Сага эч ким менчелик күйүп бышпайт”, “Ага сенин акчаң эле керек”, “Башыңды айлантып алган” ж.б. Эне байкабай баласынын жашоосун тозокко айлантат. Таразанын бир жагында үй-бүлөсү, жубайы, бала чакасы, экинчи жагында энеси. Акыры, ал өзүн жаман күйөө жана энесинин эмгегин баалабаган уул катары сезип, жемелейт. Толугу менен бул жерден окуңуз. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды, макалага тиешеси жок!

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энесине «апа» деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Апамдын күйөөмө жазган каты баарыбызды ыйлатты

Апамдын күйөөмө жазган каты баарыбызды ыйлатты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.