// //

Айрым энелер уулдарын “психологиялык күйөөсүнө” айландырышат

2019.07.02, 18:20
3336

Bilesinbi.kg атактуу клиникалык психолог, жазуучу жана илимпоз Леа Веденскинин бул макаласын кыргызчалады. Балким, айрымдарыңар да ушундай көрүнүшкө туш болуп жатасыз, же келечекте мындай эне болуудан оолак болосуз...

Ар бир психолог ушундай кардарлардын бирине туш болгон. Энеси уулун “психологиялык күйөөсүнө” айландырат. Бул көпчүлүк учурда баласын жалгыз тарбиялаган же өз күйөөсүнө нааразы болгон энелерде пайда болот. Күйөөсүнөн ала албаган көңүл бөлүүнү уулунан талап кылат.

Ашыкча кам көрүү

Тизгинди өз колуна кармаган энелер уулуна ашыкча кам көрөт, мындай мамилесин руханий зордукка да теңесе болот. Уулун биринчи планга коюп, ага чаң жугузбайт. Баласын гений деп эсептеп, өзүнүн өмүрүн арнайт. Бирок, түпкү тегинде тоталдык козөмөлдөөгө умтулуп, анын өнүгүүсүн жана карьерасын башкарат.

Уулу өз алдынчалыкка умтулса, мисалы, үй-бүлө кургусу келсе, билип-билбей анын пландарын бузуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Баласын тынч койбой, өзүн күнөлүү сезүү сезимин таңуулайт.

Ал сенин башыңды айлантып алган...

Өз жашоосундагы “эркектин” ролун уулуна жүктөгөнү, энелик кызгануудан жана өз уулун “башка аял” менен бөлүшкүсү келбегендиктен улам келип чыгат. Ар дайым башка аялдар ага татыктуу эмес, деген ойду айтып келет. Мындай комплекси бар энелер өздөрүн жигитине эркелеген кыздай алып жүрүшөт: көңүл бөлүүнү, ал акыбалын сурап-турууну, акчаны, же бир нерсе сатып берүүсүн доолайт.

Бул энелер баласынын көңүлүн өзүнө буруу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонот, эң популярдуусу ден соолугуна арыздануу: “Давлением кармап атат, жакында ары кете берем го. Сен келериң менен жеңилдеп калбадымбы”. Ошол эле маалда баласы жумушунун баарын таштап коюп жетип келгени эске алынбайт.

“Сага эч ким менчелик күйүп бышпайт”, “Ага сенин акчаң эле керек”, “Башыңды айлантып алган” ж.б. Эне байкабай баласынын жашоосун тозокко айлантат. Таразанын бир жагында үй-бүлөсү, жубайы, бала чакасы, экинчи жагында энеси. Акыры, ал өзүн жаман күйөө жана энесинин эмгегин баалабаган уул катары сезип, жемелейт.

Бардыгы бактысыз: өзү, апасы, келинчеги, балдары

“Апам менин жашоомдогу негизги адам”, “Ал бүт өмүрүн мага арнады, а мен болсо анын эмгегин актай албай, жалгыз апамды тыңгылыктуу карай албай жүрөм. Мен өзүмдү жакшы, ыймандуу алып жүрсөм, апамдын өмүрү узун болот...” деп ойлонот. Бара-бара апасынын ден соолугу андан гана көз каранды окшойт, деген ойго келет.  

Натыйжада баардыгы бактысыз: апасы, уулу, келинчеги, балдары. Көпчүлүк учурда энесинин кысымында калган уулдар толук кандуу үй-бүлө куруп, бактылуу боло алышпайт.

Бир нече мисалдарды келтирейин:

  1. Эркек кысымдан бошонуп чыгууга эрки жетет. Бирок, энесине окшош, бийликти өз колуна кармаган аялдарга туш болот. Аларга баш кошуп, көнүшө баштаганда, байланып калуудан коркуп, мамилесин үзөт.
  2. Өзүнүн жумушуна үйлөнүп алат. Дем алышсыз тынбай иштейт. Жумуштан башкага көңүлү жоктой. Кумар оюндарына кызыгат же алкоголдон, бангизаттарынан көз каранды.
  3. Улам жаңы үй-бүлө курганга аракет кылат, бирок энеси анын жеке жашоосуна кийлигише берип үй-бүлөсүн бузат.
  4. Эркек ачулуу, мыкаачы болуп калат. Энесине окшош аялга үйлөнүп, аны болушунча басынтып, кемсинтип, чүнчүтөт.
  5. Эрки жок, алсыз бир жанга айланат. Аялдар менен мамиле кура албайт. Өмүр бою энесинин жанында жашап өтөт.
  6. Мындай көрүнүш сейрек кездешет бирок, болот. Өз энесине окшоп, келинчеги жана балдары менен так ушундай мамиле курат. Сүйүүсү жана кам көрүүсү менен үй-бүлө мучөлөрүн муунтуп, өз алдынчалыкка жол бербейт. Ар бир кадамын көзөмөлгө алат.

Мындан башка да варианттар бар, бирок, азырынча ушул жетиштүү деген ойдомун.

Энесинин көз карандылыгынан жабыркаган эркектер психологго келгенде көйгөйдү чечүү үчүн чечкиндүүлүк, эрк, кайрат, чыдамкайлык талап кылынат.  Позициясын сактап, туш тараптан күнөө коюларга туруштук берүүгө даярдык керек.

Тилекке каршы көпчүлүгү, өтө кеч кайрылышат. Ар дайым стрессте жашап жүргөндүктөн баш оору, гипертониядан алсырап, жүрөгү ооруп, басымдуусу инфаркты баштан кечирген болот. Үй-бүлөсү эбак бузулуп, мамилелер мүмкүн болушунча төмөнкү деңгээлге жетип калат.

Ушундай кардарларымдын бири эсимде калыптыр. Бойлуу, сымбаттуу, иштеген ишин мыкты билген жакшы киши эле. Бир нече сеанстан кийин өмүр бою энесинин басымы астында жашап келгенин түшүнүп: “Эмне дейм эми, мейли, акыры мени жеп бүтсүн. Андан көрө апам менин түбүмө жетсин. Менин айыман апам жабыр тартканын билип, жашай алмак эмесмин”, деп айткан. Бир жылга жетпей инфарктан каза тапты. Мындай кырдаалда бардыгы бактысыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт