// //

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

2024.09.03, 10:33
241

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми өспүрүмдөрдүн 27,7%ы башка балдарды кодулоого катышкан.

Мектептеги буллинг

Буллинг – бул бир адамдын же бир нече адамдардын ошол жамааттын башка мүчөсүнө карата атайылап, узак мөөнөттүү, системалуу түрдө кайталанган зомбулугу. Мектептеги буллингди өзүнчө бөлүп кароонун кажети жок, анткени бардык буллингдин мүнөзү ар дайым бирдей болот – алсыздарга карата агрессия.

Буллингдин үч ролу бар:

Агрессорлор. Алар кайсы бир жактан өздөрүнөн алсызыраактарга ачуусун чыгарса болот деген жүрүм-турум үлгүсүн алышкан. Балким, бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы конфликт жана тирешүү же ата-эненин катуу тартиби менен шартталган болушу мүмкүн. Жакшылап карай келгенде, агрессор өзү башка жагдайда курмандык болуп саналат. Ал дагы өзүнөн күчтүү бирөөнүн кысымынан жабыркап келет, же балким, аны эч ким укпайт, байкабайт. Ошондуктан мектептеги буллинг менен күрөшүүдө агрессордун өзү чоңдордун жардамына муктаж болот.

Байкоочу - агрессордун тарапташтары да, үнсүз күбөлөр да, кандайдыр бир себептерден улам жабырлануучуга жардам бере албаган анын потенциалдуу коргоочулары. Бирок анын кодулоого катышпаганы же ага кодулоонун таасири тийбегени, анын буллингден жапа чекпегенин билдирбейт. Бул балдар өздөрүн алсыз деп айыпташат, анын кесепетинен психологиялык жаракат алышат, бул нерсе өзүнө болгон ишенимин жана өзүн-өзү баалоосун ого бетер төмөндөтөт.

Жабырлануучу - бул агрессияга дуушар болгон адам. Биринчиден, булар каршылык көрсөтө албагандар. Бирок, окуучунун сырткы келбетине, анын бааларына же үй-бүлөсүнүн материалдык абалына байланыштуу эч кандай конкреттүү критерийлер жок. Агрессор белгилеген жамааттык системага туура келбеген бардык балдар буллингге кабылышы мүмкүн.

Мектептеги буллингди кантип тааныса болот

Буллинг жабырлануучунун эсебинен баюу максатын көздөбөйт, негизги максат өзүн-өзү ырастоо, ошондуктан бул зордук-зомбулук дээрлик ар дайым күбөлөрдүн алдында жасалат.

Эгерде сабактан кийин жогорку класстын окуучусу алсыз окуучулардын чөнтөк акчасын тартып алса, анда бул буллинг эмес, анткени бул учурда мотив - баюу болуп саналат.

Эгер бир нече жигит бирөөнү сабап салса, бул да буллинг эмес, чыр-чатакка негизделген зомбулук болуп саналат.

Бирок, эгерде бул агрессия системалуу түрдө болуп, узакка созулуп, психологиялык зомбулук менен коштолсо, анда аны буллинг деп эсептесе болот.

Мугалим балдардын жүрүм-турумуна жана класстагы мамилелерине кылдаттык менен байкоо жүргүзүү аркылуу буллингди аныктай алат. Мисалы, классташтары кимдир-бирөөгө кемсинтүүчү лакап ат коюшса, алар балдардын бири менен жуп болуп отуруудан же иштөөдөн баш тартышса, кимдир бирөө дайыма шылдыңдын жана тамашалардын объектисине айланса, балдар кайсы бир классташына бойкот жарыялашса же ашыкча сын айтышса, анда мунун баары бул класста буллинг болуп жатканынан кабар берет.

Балдар буллинг жөнүндө кабарлай ала тургандай коопсуз чөйрөнү кантип түзүү керек

Мектепте коопсуз чөйрө бир нече шарттар менен камсыз кылынышы мүмкүн:

Эрежелер. Көбүнчө чоңдор жаңылыш түрдө кайсы бир окуя үчүн бардык жоопкерчиликти конкреттүү кырдаалга же адамга жүктөшөт: бул бала тарбиясыз болгондуктан агрессор, же жабырлануучу теңтуштары аны шылдыңдабашы үчүн өзүнүн сырткы көрүнүшүнө жакшыраак кам көрүшү керек дегендей.

Буллингдин табияты ушундай дейсиз, ал балдардын өз ара мамилесин, кесепеттери кандай болорун жана бардык теңтуштары менен достук мамиледе болуу эмне үчүн пайдалуу экенин түшүндүрө турган так жана ачык-айкын эрежелери жок топто кездешет. Ошондуктан, мугалим балдар сөзсүз аткарууга тийиш болгон жүрүм-турум эрежелерин түзүшү керек:

  • досуңа жардам керек болсо жардам бер;
  • лакап ат койбо;
  • классташтарыңды кордобо;
  • классташың агрессия жана кордоого кабылганын көрсөн кабарла.

Сыйлоо маданияты.Балдар менен класста бири-бирине жардам берүү, сыйлоо жана боорукердиктин маанилүүлүгүн, ошондой эле эмоцияларды такай талкуулап туруу зарыл.

Жакшы жүрүм-турумду кубаттоо.

Мугалимдер балдарды бири-бирине жардам берүүгө үндөшү керек жана алар теңтуштарына жасаган жакшылыктарын, колдоолорун кубаттап туруу керек.

Окуучуларды окутуу. Буллинг темасында класстык сааттарды өткөрүп, анын кесепеттерин балдарга айтып берүү зарыл.

Балдар менен баарлашуу. Балдар буллинг жөнүндө айтып бере тургандай ишенимдүү диалогду түзүү маанилүү. Көбүнчө буллингдин курмандыгы коркуп, өзүнүн абалы жөнүндө айтууга батынбашы мүмкүн, бирок башка балдар анын көйгөйлөрү жөнүндө айта алышат. Ошондуктан, балдарды кубатташыбыз керек: кимдир бирөө жаман окуяга туш болсо дароо айткыла, ошондо силер ага жардам бересиңер. Бул чакырыктар бардыгынын алдында ачык айтылып, баарына тийиштүү болуусу керек, анткени чоңдордун көзөмөлүндө болгон бала өзүн коопсуз сезет жана туш болгон жагдайы жөнүндө сүйлөшүүнү чечет. Бул тууралуу билдирүү ушак эмес, тескерисинче, кыйынчылыкка кабылган адамга жардам берүү экенин баса белгилей кетүү керек.

Агрессия көрсөткөн адамга жардам берүү. Агрессор дагы кимдир бирөөнүн курмандыгы болушу мүмкүн, бул жерде чоңдордун милдети - ал балага негативдүү сезимдеринин себебин жана кырдаалдан чыгуунун татыктуу жолун табууга жардам берүү болуп саналат. Агрессор өзүнүн ролунан чыкса, башкалар аны кодулайт деп коркуп жаткан болушу мүмкүн.

Маселени чечүүгө ата-энелерди, предметтик мугалимдерди, мектеп психологдорун, социалдык педагогдорду тартуу керек.

Позитивдүү үлгү көрсөтүү. Балдар чоңдордун жүрүм-турумун көрүп, анан туурашат. Ошондуктан биринчи кезекте чоңдор өздөрү башкаларга сый көрсөтүп, бейтааныш адамдардын, өзгөчө балдардын жеке чектерин бузбоолору зарыл.

Эгерде буллинг аныкталса, балдар менен сүйлөшүп, ата-энелерге көйгөй тууралуу маалымат берүү аркылуу кийлигишүү керек. Кээ бир чоңдор муну өспүрүмдөр өз алдынча чечет деп ойлошу мүмкүн, бирок бул туура эмес позиция, анткени мындай мамиле чоңдорду буллингдин байкоочуларына, тактап айтканда, анын үнсүз катышуучуларына айлантат.

Системалык өзгөрүүлөр жөнүндө сөз кыла турган болсок, мектептерде буллингди эффективдүү алдын алуу жана коопсуз чөйрөнү түзүү ыкмасы болуп буллинге каршы программалар болуп саналат, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • мугалимдерди, биринчи кезекте класс жетекчилерди класста буллинг учурлары менен күрөшүү боюнча программаларга окутуу;
  • мектептерде психологдун кабинетин түзүү;
  • класстарда буллингдин деңгээлин аныктоо, балким, анонимдүү сурамжылоо жүргүзүү аркылуу;
  • буллинг учурунда окуучулар үчүн жүрүм-турум эрежелерин түзүү: эмне кылуу жана ким менен байланышуу керек. Балдарга муну жашыруун түрдө жасоого мүмкүнчүлүк берүү маанилүү;
  • балдарга тилектештик, толеранттуулук жана эмпатия темасына арналган класстык сааттарды жана класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү.

Буллинг, ал үчүн шарт бар жерде болот. Көбүнчө мындай шарттарды мугалимдердин өздөрү түзүшү мүмкүн: балдарды сүйүктүү же сүйүктүү эмес деп бөлүү, класстагы терс мамилелерге кайдыгерлик мамиле жасоо. Мугалимдердин эле эмес, ата-энелердин дагы катачылыгы, бала баарын түшүнбөйт деп ойлогонунда. Жок, бала биз ойлогондон да көптү көрүп, байкайт. Ошондуктан, чоңдор өздөрүндө биринчи кезекте зордук-зомбулукка жана бейбаштыкка нөлдүк сабырдуулукту калыптандыруусу керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт