Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулукка кабылган болуп чыгат. Тилекке каршы кыргызстандык айымдар да четте калбайт. Бир нече жыл катары менен Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен аялдар үчүн эң кооптуу өлкө бойдон калууда.
Ырайымсыз мамилени кантип таануу керек
Кыздарга кордук жана сүйүү эмне экенин, экөөнүн ортосунда айырмачылыктар бар экенин түшүндүрүп берүү маанилүү. Ага зөөкүр менен мамиле түзүүдөн коргой турган баалуулуктарды сиңиирүү зарыл. Чындап сүйгөн адам ар дайым жеке чектерди сыйлайт: психологиялык жана физикалык. Сүйүү курмандыктарды талап кылбайт. Сүйүү бул өз ара урматтоого жана камкордукка негизделген мамиле.
Тилекке каршы, биздин кыздар дагы эле азап чектирген мамилени романтикалаштырган коомдо өсүүдө. Кызганыч, чектөөлөр, жеке чектердин бузулушу күчтүү сүйүү катары кабылданат. "Эгер ал мени башкарса, кызганса, эсеп-кысап талап кылса, демек ал мени катуу сүйөт" - дал ушул мифти биринчи иретте жоюу керек. Чыныгы сүйүү менен камкордуктун, көзөмөлдөө жана кызганыч менен эч кандай байланышы жок.
Өкүнүчтүүсү, биздин коомдо аял сүйүүгө татыктуу болушу керек деген пикир дагы эле бар. Бул үчүн ал ийкемдүү, токтоо, тынч жана ыңгайлуу болуш керек дешет. Бирок, бул нерсени өзгөртүү керек. Көбүнчө дал ушул пикирлер кыздарды зордук-зомбулукка алып келет.
Эгерде эркек башында жетиштүү урмат-сый көрсөтпөсө, анда ал орой мамилеге, кемсинтүүгө, куугунтуктоого, манипуляцияга жол бериши мүмкүн. А бул кызыл желек, качуу зарыл.
Виктимблейминг
Көбүнчө агрессорлор, атүгүл коомчулук зордук-зомбулукка кабылганын кыздын өзүн күнөөлөшөт. Жетишээрлик баш ийбеген, жетишээрлик акылдуу эмес, жетишээрлик жакшы жар эмес (келин, кожойке, эне ж.б.). Бул "жетишээрлик эмес" деген нерсе, кыз агрессордун жанында болсо, ар дайым аны коштоп жүрөт. Бара-бара, ал өзү да буга ишене башташы мүмкүн. Дал ушул нерсе - виктимблейминг деп аталат.
"Кеп сенде бир нерсе туура эмес экенинде эмес" деп бой жетип келе жаткан кыздарга түшүндүрүү маанилүү.
Виктимблейминг – болгон окуяга жоопкерчиликти зордук-зомбулуктун курмандыгына (физикалык, эмоционалдык, сексуалдык) артуу дегенди билдирген термин. "Өзүм күнөөлүмүн", "Өзүм провокация кылбашым керек болчу", "Сен эмне жөнүндө ойлодуң" – бул өңдүү сөздөр жабырлануучуга уят сезимин сездирип, болгон окуя үчүн күнөөнүн баарын ага артат .
Өнөктөшү зомбулук көрсөтүп жатканын билдирген бул белгилерди, ар бир кыз жаш кезинен билиши керек:
- тынчсыздануу же көрө албастык үчүн бир нерсеге тыюу салат;
- сезимдерди, иш-аракеттерди же чечимдерди баалабайт;
- ачуусу үчүн жоопкерчиликти ага артат;
- көзөмөлдөөгө аракет кылат;
- үй-бүлөсү, достору жана башка жакындары менен байланышты чектөөгө аракет кылат;
- жеке чектерин, анын ичинде физикалык жана эмоционалдык чектерин бузушат;
- сындайт жана басынтат;
- коркутат;
- маанайы тез-тез өзгөрүп турушу мүмкүн, капыстан ачуулануудан манипуляциялык тынчсызданууга чейин;
- өзүңдүн адекваттуулугуңдан күмөн санатат;
- чыр-чатактар жана көйгөйлөр үчүн сени күнөөлүү кылат.
Ата-эне кызына мындай мамилени токтотууга кантип үйрөтсө болот?
Кыздарыбыз ырайымсыз мамилени токтотууну үйрөнүүсү үчүн биз жоопкерчиликтүүбүз. Муну канткенде ишке ашыра алабыз? Зордук-зомбулукка байланыштуу ачык жарандык позицияны карманыңыз.
Зордук-зомбулук үчүн ар дайым аны жасаган адам күнөөлүү - бул биздин коомдо түптөлүшү керек болгон ишеним. Эч кандай жагдайда зордук-зомбулук аракеттери үчүн жоопкерчилик жабырлануучуга жүктөлбөшү керек.
- Ар бир кыз, аял коомчулуктун колдоосун түшүнүп, сезип, башына түшкөн окуя үчүн өзүн күнөөлүү сезбеши керек.
- Кыздарга анын жүрүм-турумун өзгөртүү зордукчунун мамилесинин жакшырышына алып келбей турганын жеткирүү абдан маанилүү, анткени кеп ал эмес, зордукчу жөнүндө.
Абьюзер адам узак психотерапия курсунан өтсө гана өзгөрө алат.
Ырайымсыз мамилени токтотуунун бирден-бир жолу - бул зөөкүрдөн толугу менен обочолонуу. Аны менен баарлашуунун ар кандай жолдоруна бөгөт коюу, антпесе кыз кайрадан манипуляцияга түшүп, зордук-зомбулуктун айлампасына кирип кетет.
Ата-эне кызына жеке чектерди түшүнгөндөй кылып тарбиялоо берүүсү керек
Балдар ата-энелерин карап айланасында дени сак чектерди түзүүгө үйрөнөт. Ал эми үй-бүлөдөгү бала ата-энесине "жок" деп айта албаса, анда анын чек аралары бүдөмүк болот. Биринчиден, кыздарыбызга алыскы же жакын туугандарга, анын каалоолорун эске албастан, бетин өптүрүүгө, тизесине отурууга уруксат берип үйрөтөбүз. Анан баланын чектери так болушун каалайбыз, мындай болбойт. Бала жакшы тааныган жакын адамдары менен да кучактап, өбүшкүсү келбесе, жок деп айтууга укугу бар.
Ата-энени жана улуу туугандарын урматтоо менен алардын алдында коркуу же күнөөлүү болуу - булар бир эле нерсе эмес. Тилекке каршы, бул түшүнүктөр көп учурда чаташтырылып калат.
Ошондой эле ата-эне бир жигитти кызына эң ылайыктуу күйөө болот деп эсептесе дагы, кыздарды мажбурлап күйөөгө берүү таптакыр туура эмес. Ата-эне кызынын пикирин сыйлаганды үйрөнүшү керек. Ар бир адам өз ыктыяры менен никеге турууга укуктуу жана өз ара сүйүү гана үй-бүлөнү түзүүнүн бирден бир мотиви болуп саналат.
Үй-бүлөнүн колдоосу - кыздын өмүрүн жана ден соолугун сактап калат
Кызыңыздын зордук-зомбулукка кабылганын билсеңиз, андан жубайы же жигити менен болгон мамилени сактап калуусун талап кылбаңыз. Унчукпоого, сабырдуулукка жана акылдуу болууга чакырбаңыз - бул ыкмалар жардам бербейт, тескерисинче, кырдаалды курчутат. Эл эмне десе ошо десин, кызыңар аман-эсен болсун десеңер, ага колдоо көрсөтүү керек.
- Зордук-зомбулуктун курмандыктары абдан аялуу келишет, көбүнчө депрессияга кабылышат, эмоционалдык, финансылык жана жашаган жер жактан зөөкүрлөрдөн көз каранды болушат. Үй-бүлө бала үчүн баш калкалоочу жай, аларды коргоп жана жардам бере алат.
- Көбүнчө жабырлануучуга милицияга арыз жазуу кыйынга турат, ошол себептен бул жерде жакындардын жардам талап кылынат.
- Жабырлануучуга психологиялык жардам уюштуруу жана калыбына келтирүү үчүн адистерге кайрылууга жардам берүү керек.
Аларды түшүнүү абдан маанилүү: эгер жабырлануучу зордук-зомбулук көрсөткөн адамга кайрылып келүүгө аракет кылса жардам берүү керек, анткени жабырлануучунун психикасы бузулган, жүрүм-туруму дагы ошого мүнөздүү болот. Аны күнөөлөбөш жана ага ачууланбашы керек.
Мындай кырдаалда сиз анын тарабында экениңизди жана ал үчүн эшигиңиз ар дайым ачык экенин ачык айтсаңыз болот.
Зордук-зомбулукка кабылган аялга жардам бере турган эч ким жок болсо эмне кылуу керек
Ар бир аял бала кезинен эле зомбулуктун кандайча пайда болорун жана ага окшош нерсе болсо эмне кылуу керектигин билиши керек. Көп учурда маселени дароо чечүү мүмкүн эмес. Көптөгөн жабырлануучулар алар менен болуп жаткан нерсе зордук-зомбулук экенин көптөн кийин гана түшүнүшөт.
Эгерде сиздин өмүрүңүз коркунучта болсо же жаракат алган болсоңуз, дароо жардам сурап кайрылыңыз:
- милиция - 102;
- тез жардам кызматы - 103;
- ӨКМдин ишеним телефону – 112;
- балдар үчүн ишеним телефону – 111;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы - 115.
Башка учурларда, зордук-зомбулук көрсөткөн адамдан кетүүгө алдын ала даярдануу керек. Адатта, алар жабырлануучу кете турганын билгенден кийин, шантаж, коркутуу жана зордук-зомбулукка барышат. Мындай адамдын жүрүм-туруму күтүлбөгөн аракеттерге алып барат жана коркунучтуу болушу мүмкүн.
Өнөктөшүңүздөн кетээрден мурун, сизге төмөнкүлөр керек болот:
- Зордук-зомбулуктун далилин чогултуу: жаракат алган сүрөттөр, коркутуу билдирүүлөр ж.б.
- Өзүңүздүн жана балдарыңыздын документтерин же алардын көчүрмөлөрүн (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүктөрү, банктык карталар, медициналык документтер ж.б.) чогултуңуз.
- Акчаны зордук-зомбулук көрсөткөн адамдан тымызын бекитип, коопсуз жерде сактаңыз, эгерде жакындарыңыз сизден алыс жашаса, аларга жетүү үчүн каражат керек болот.
- Сизге эмне болуп жатканын жана өзүңүз ишенген жана колдой ала турган адамга сөзсүз айтып бериңиз.
Кеткенден кийин, төмөнкүлөрдү аткарууңуз керек:
- аны менен байланышты үзүү;
- эгерде сиз буга чейин кайрыла элек болсоңуз, милицияга кайрылыңыз;
- эгерде ал мурда сиз жашаган үйгө кирип жүргөн болсо, кулпуларды өзгөртүңүз;
- кошуналарга, кесиптештерге жана башкаларга эскертүү берип коюңуз, эгер ал капыстан келсе, алар сага эскертиши мүмкүн;
- социалдык тармактардагы баракчаларыңыздын сыр сөздөрүн өзгөртүңүз, балким, ал аларды билет;
- балдарды алып кетип шантаж кылбашы үчүн, аларды башка бала бакчаларга жана мектептерге киргизиңиз;
- балдардын психологиялык жана физикалык ден соолугуна кам көрүңүз, балким, алар адистин жардамына муктаж.
Жардам ала турган эч кимиңиз жок болсо жана сиз ал адам менен жалгыз калсаңыз, анда атайын мекемелерге кайрылууңуз керек:
"Сезим" кризистик борбору - 0312 31 64 66, 0551 31 64 66 (дүйшөмбү-жума, саат 09:00дөн 17:00гө чейин), ишеним телефону - 0312 51 26 40, 0501 51 26 40 (дем алышсыз, 00дөн 20:00гө чейин).
Юридикалык колдоо (бекер ала аласыз). Юстиция министрлигинин ишеним телефону – 114. Республика боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңселери.