// //

Өспүрүмдөрдүн жашоосундагы конфликттер. Ата-энелер кантип жардам бере алышат?

2024.07.22, 13:28
314

Ар бир бала бой жетүү мезгилин башынан кечирет, бул кезде ата-энесинен бөлүнүүгө акыркы аракет алар бойго жеткенге чейин болгон мезгил – өспүрүм куракта болот. Албетте, бул мезгилде чыр-чатактар болбой койбойт. Алар үй-бүлөдө, мектепте, көчөдө, ал тургай интернетте да болушу мүмкүн.

Клиникалык психолог жана психотерапевт Лилия Мухтарова өспүрүмдөргө конфликттерди түшүнүүгө, агрессиясын көзөмөлдөөгө жана диалогду конструктивдүү жүргүзүүгө үйрөтүү канчалык маанилүү экенин айтып берди. Ал эми бул жерде ата-эненин ролу кандай экенин дагы биле аласыз.

"Өспүрүмдөрдүн агрессиясы пайда болуп жана конфликт баштоо үчүн ар дайым эле жүйөлүү бир себеп талап кылынбайт. Агрессия жөн жерден деле жаралат, бул өзгөчө эркек балдарда байкалат", - деп эсептейт адис.

Өспүрүмдөр арасындагы конфликттин эң кеңири тараган себептери төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Ата-эненин диктатурасы, ашыкча камкордук;
  • Тынч ​жашоо же бейтараптык;
  • Өспүрүмдөрдүн теңтуштарынын арасындагы конфликттер;
  • Коомдогу же үйдөгү атаандаштык;
  • Кодулоо жана буллинг;
  • Сүйүү сезимдери;
  • Мектептеги тартип, мугалимдер менен болгон конфликттер.

Лилия Мухтарова коомдогу конфликттер ​​ар дайым эле жаман көрүнүш эмес экенин баса белгилейт. Алардын аркасы менен өспүрүм конфликт эмне жана ал кантип козголот, ага кандай мамиле кылуу керек деген түшүнүктөрдү үйрөнөт.

Бул учурда бала нормалдуу, дени сак стресске дуушар болот. Кырдаалга жараша пайда болгон стрессти өсүү чекити катары кароого болот. Бирок стрессте узакка созулган учурда ал кыйратуучу таасирге ээ жана баланын психологиялык абалынын регрессиясына алып келиши мүмкүн. Конфликттин натыйжасы стресс болушу мүмкүн, анын кесепети өспүрүм үчүн оор болушу ыктымал, анын ичинде депрессия жана башка олуттуу бузулуулар да болот.

Конфликттин олуттуулугун кантип бааласа болот

Өспүрүмдөр абдан аялуу келишет, айталы, теңтуштары, мугалимдери же ата-энелери менен пикир келишпестиктер болобу, айтор, алар үчүн конфликттерге туруштук берүү кыйынга турат. Ар бир өспүрүм өзүнүн мүнөзүнө жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша бир эле конфликтти ар кандай кабыл алышы мүмкүн.

Эң жакын адамдар - ата-энелер, камкорчулар - өспүрүмгө конфликтти чечүүгө жана агрессияны жеңүүгө жардам бериши керек.

Чоң адам баласы менен ар дайым ишенимдүү мамиледе болушу керек. Ал эми бул мамилени бала төрөлгөндөн баштап куруу керек. Тилекке каршы, үй-бүлөдө ишенимдүү мамилелер өспүрүм куракка чейин курулган эмес болсо, анда жыныстык жетилүүнүн башталышында бул маселени өз алдынча чечүү өтө кыйынга турат.

Баланыната-энесине болгон ишеними төмөн болсо, үй-бүлөгө болгон ишеним маселесин психологдун жардамы менен дагы чечүү оңойго турбайт. Анын үстүнө азыр ата-энелер чанда гана адистерге өспүрүмдөрү менен чогуу келишет. Конфликттерди чечүү темасында жеке үлгү болуу да дээрлик мүмкүн эмес.

Эгерде өспүрүмүңүздүн өзгөргөнүн, түнт болуп калганын, маанайы начар, агрессияга көп алдырганын көрсөңүз, буга кошумча, берилген бардык суроолорду четке кагып, унчукпай отура берсе, балким, балада көйгөйлөр бар. Бул учурда, жөн гана жанында жерде болуу жана өспүрүмдү диалогго тартууга аракет кылуу маанилүү.

Чоңдор конфликтке кийлигишпеши керек болгон жагдайлар болот, бирок конфликттин катышуучуларына коркунучтарды көрбөсө гана. Конфликт балдардын физикалык же эмоционалдык жыргалчылыгы үчүн олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн болгон учурда кийлигишүү зарыл.

Мисалы, урушуп жаткан тараптардын бири экинчи тарапка караганда бир топ жаш же алсыз болсо, ал эми балдар маселени муштумдары менен чечүүгө жакын болсо, анда сиз аларды токтотуп, конфликтте тартылган тараптар сөз менен чечкенге аракет кылышы үчүн чырды башка жакка багыттоого аракет кылышыңыз керек.

Ошондой эле өспүрүмүңүздүн үй-бүлөдөн тышкары - мектепте, короодо же секцияларда көйгөйлөрү жана чыр-чатактары ​​бар-жогун кылдаттык менен көзөмөлдөп туруу зарыл.

Эгерде ата-эне мазактоону, басмырлоону билсе же зомбулуктун белгилерин байкаса, анда сөзсүз түрдө мектепти, мамлекеттик органдарды жана психологдорду, ошондой эле экинчи тараптагы ата-энелерди тартуусу зарыл.

"Көңүл бурба!", "Өзүнөн өзү чечилет!" деп айтуунун кажети жок.

Кеңеш жана иш менен жардам берүү

Конфликт – турмуштук тажрыйбанын булагы. Бул өспүрүмдөргө чоң адамдын жашоо куруу үчүн керек. Алар чыр-чатакты цивилизациялуу ыкмалар менен чечүүнү үйрөнүшү зарыл. Бул жагдайда ата-эне душманы эмес, өнөктөшү болушу керек. Бул конфликттин ичинде жана андан тышкары өспүрүм менен оң жана дени сак мамилени сактап калуу үчүн абдан маанилүү аспект болуп саналат.

Төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталат:

  • өспүрүмгө көп доомат койбоңуз жана ага өзүңүздүн күтүүлөрүңүздү жүктөбөңүз;
  • өспүрүмдү чыдамкайлык менен кунт коюп угуңуз: эгерде ал өзүнүн көйгөйлөрү жөнүндө айта алса, анда баарын чечсе болот;
  • балага өзүн-өзү жазалоого, өзүн-өзү айыптоого жол бербеңиз;
  • өспүрүмдүн ээнбаш болуп калышына жол бербеңиз, ал үчүн үйдөн тышкары иштерди табууга аракет кылыңыз;
  • жеткиликтүү болууга жана баарлашууга убакыт табууга ар дайым даяр болуңуз;
  • өспүрүмдүн оң сапаттарын белгилеп, аларды бекемдөөгө аракет кылыңыз;
  • эгерде өспүрүм ата-энеден жана башка адамдардан качса, конфликтти өз алдынча же чоңдордун жардамы менен чечүүгө даяр болбосо, анда ал психологиялык кесипкөй жардамга кайрылуусу керек.

Балаңыз менен достошуу маанилүү - жалпы кызыкчылыктарды табуу, чогуу көбүрөөк убакыт өткөрүү. Ошондой эле достук мамилелерди өспүрүм ата-энесин гана эмес, колдоочу досун көргүдөй кылып түзүү зарыл. Бул балага өзүнүн сырлары жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жардам берет.

Мындан тышкары, балдарыңызды башкалар менен салыштырбаңыз. Мындай сын баланын өзүн-өзү баалоосун төмөндөтүшү мүмкүн. Ар нерседе колдоп, мактаган жакшы. Ошондо бала ата-энеси аны кыйын учурда таштабай, бардык аракетинде колдоорун билет.

Албетте, бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда дени сак мамилелерди түзүү маанилүү. Анткени, бири-бирине жардам берүү көпчүлүк көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө болот.

Эгерде үй-бүлөдө конфликт болсо, анда бүт үй-бүлө психологго барып терапиядан өтүшү керек. Анын үстүнө иш өспүрүмдөн эмес, апа менен атадан башталат. Терапияга баланы гана алып келүү аздык кылат. Бул шыптан суу тамчылап жатканда, пол сүрткөндөй эле таасир берет.

Психолог менен бала тынч жана конструктивдүү болот, бирок ата-энеси менен ал кадимки чөйрөгө кайтып келет, анан кайрадан чыр-чатактар жаралат.Ата-эне белгилүү бир аң-сезимге жетип, конфликттен кантип чыгууну билип, ага аралашпай калса, анда бала тынчып калат.

Конфликттерди өз алдынча чечүүгө кантип үйрөтүү керек

Көбүнчө ата-эне баланы психологго алып келип, анын көйгөйлөрүн чечүүнү суранышат, өздөрүн жардам берүүдөн алыстатышат. Бирок көйгөйлөрдү чечүү үчүн эки тараптын тең катышуусу керек. Психологдор конфликттерди жана агрессияны жеңүү үчүн оюн формасын колдонушат.

Мисалы, психолог менен өспүрүм белгилүү бир темада талкуу жүргүзөт. Бул учурда талаш-тартышты аргументтерди келтирүү менен агрессиясыз, каршы аргументтерди колдонуу менен чечүүгө боло тургандыгы көрсөтүлөт.

Жеке мисалыңыз менен бөлүшүңүз

Бала кезиңиздеги кыйынчылыктарды балаңыз менен бөлүшүү керек - ал кезде сизде кандай конфликттер болгонун жана аларды кантип чечкениңизди айтыңыз. Бул балага жалгыз эмес экенин сезүүгө жардам жана ага ишеним берет: эгер сиз муну жасай алганболсоңуз, ал да жасай алат дегендей.

Балаңызды конфликт ​​учурунда ачуусун башкарууга үйрөтүңүз. Мунун баарын бир эле учурда чечүү мүмкүн эмес экени түшүнүктүү, бирок прогрессивдүү окутуу жана баланын жашоосунда чоң адамдын болушу ага чыр-чатакты туура чечүүгө үйрөнүүгө жардам берет. Керектүү натыйжаны алуу үчүн убакыт талап кылынат. Анткени, өспүрүм курак – катаал мамилелердин курагы. Конфликтсиз баарлашууну үйрөнүү үчүн, көп нерсени баштан өткөрүү керек. Ал эми бул, өз кезегинде, өспүрүм үчүн кийинки жашоосуна пайдалуу болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт