// //

Өспүрүм куракта бала төрөө, тарбиялоо чечими тууралуу эмнелерди билүү керек

2024.07.17, 14:27
476

Өспүрүмдөр менен кайсы бир темада сүйлөшүү абдан кыйын болушу мүмкүн. Айрыкча, бул темалар интимдик жашоого тиешелүү болсо. Бирок бул тууралуу өспүрүм менен сүйлөшүү керек.

Kaktus.media буга чейин бала менен жыныстык катнаш жана өз ара макулдук жөнүндө кантип сүйлөшүү керектиги тууралуу айтып берген эле. Ата-энелер көңүл бура турган дагы бир тема – репродукция жана үй-бүлөнү пландаштыруу.

Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери балалуу болуу жана аны тарбиялоого байланыштуу тема тууралуу эмнелерди билиши керек экени тууралуу адистер айтып берет.

Бала менен репродукция жана үй-бүлөнү пландаштыруу жөнүндө канча жашында сүйлөшүп баштоо керек? Же өспүрүм курак келгиче күтүү керекпи?

Психолог Анастасия Семенова Кыргызстанда үй-бүлө кодексине ылайык нике курагы 18 жаш деп белгиленгенин эске салат. Ага ылайык балаңыз 18 жашта турмушка чыгууну кааласа, негизи ага эч ким тоскоол боло албайт. Ошондуктан, жубайлардын ортосундагы сүйүүнүн жана үй-бүлөлүк баалуулуктардын маанилүүлүгү жөнүндө бул куракка чейин эле сүйлөшүп баштоо керек. Демек, өспүрүм куракка келсин деп, күтүүнүн зарылчылыгы жок.

Жыныстык тарбияны бала эки же үч жашка чыкканда эле бере баштаса болот. Бул куракта балага "ич кийим эрежеси" жөнүндө маалымат берип, жыныс органдарынын (ойдон чыгарылган эмес) туура аталышын айтып жана интимдик гигиена эрежелерин акырындык менен үйрөтүү маанилүү.

Алдыңызга койгон негизги максаттардын бири - сиз менен балаңыздын ортосунда ишенимдүү мамиле түзүү болушу керек. Эгерде бул байланыш түзүлсө, анда кандай гана оор жагдай болбосун ал сизге жардам сурап кайрылгандан коркпойт.

Сүйүү, секс жана контрацепция сыяктуу маанилүү маселелер тууралуу сөз болгондо, ата-энелер бир нече маанилүү принциптерди сакташы керек.

  • Баарлашууга ачык болуңуз. Өспүрүм ата-энеси менен каалаган темада сүйлөшө аларын билиши керек.
  • Ар бир нерсени өз аты менен атаңыз. Сүйүү мамилелер, жыныстык катнаш, каалабаган кош бойлуулукту алдын алуу жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан коргоо жөнүндө сөз кылгандын эч кандай уяты жок. Мындай ачыктык өспүрүмдүн сизге болгон сыйын жогорулатат жана келечекте балага биринчилерден болуп сөз баштоон үйрөнүүгө жардам берет.
  • Балаңыз менен анын жеке жашоосу, анын ичинде достору тууралуу көбүрөөк сүйлөшүңүз.
  • Укканды билиңиз. Балаңыздын сабатсыздыгын шылдыңга албаңыз же дүрбөлөңгө түшпөңүз. Чынында кандай болуп жатканын жакшылап түшүнүү үчүн аны аягына чейин угуш керек. Балаңызга ишенгенди үйрөнүңүз. Өспүрүм өзүн чоң адам деп эсептейт жана ошого жараша мамиле кылууну каалайт. Ошондуктан ата-эненин көзөмөлү ортодогу ишенимдүү мамилелерди жоготууга алып келиши мүмкүн.

Үй-бүлөлүк баалуулуктар жана күтүүлөр жөнүндө эмнелерди айтуу керек?

"Жөн эле айтып коюу" тактикасынын таасири аз болот. Бала бул баалуулуктарды өзүнө сиңирип, кабыл алышы үчүн анын баары үй-бүлөсүндө болушу зарыл. Балдар ата-энелеринен үлгү алышат. Эркек балага кыздарды сыйлаш керек деп айтып коюп, ошол эле учурда атасы мас абалында келип апасын маал-маалы менен сабап турганы туура эмес.

Үй-бүлө курган жаштардын күтүүлөрү акталбай калбашы үчүн алар менен бала кезинен эле адамдар ар кандай болорун, адаттары, маданияты, жашоого болгон көз карашы ар башка экени тууралуу талкуулоо маанилүү. Мунун баарын бир отуруп айтып кое турган нерсе эмес, бул узак процесс. Маал-маалы менен маанилүү темаларды козгоп, бала менен ар дайым баарлашып туруу керек. Бул нерсени мүмкүн болушунча эрте баштоо керек.

Үлгү алуу канчалык маанилүү?

Ата-эненин үлгүсү, албетте, маанилүү. Ал эми бул жерде эки вариант болушу мүмкүн: бала ата-энесин карап, "Мен чоңойгондо атама окшош болом!" , же атасы зөөкүр киши болсо "Мен эч качан атамдай болбойт!" деп ойлойт.

Көбөйүү жана жыныстык ден соолук жөнүндө эмнени билишиңиз керек?

Репродукция жана сексуалдык ден соолук жөнүндө эмнелерди билүү керек?

Үч-беш жашында бала ата-энесине: "Балдар кантип жаралат?" деген суроо бере баштайт. Балаңыздын бардык суроолоруна чын жооп берүү өтө маанилүү. Бирок жоопторду түзүүдө жаш куракка көңүл буруп, берилген суроого темадан тайбай, майда-чүйдөсүнө чейин жооп берүү керек.

Бул курактагы суроолор эч кандай сексуалдык мааниге ээ эмес. Бул жөн гана кызыгуу.

Өспүрүмдөрдү ала турган болсок, алардан суроо берет деп күтүүгө болбойт. Сөздү чоңдор өздөрү башташы керек. Кызга менструалдык цикл, эркек балага түнкү поллюция тууралуу (10-12 жашта боло электе) айтып берүү керек. Мындан тышкары, интернетте жана коомдук тармактарда коопсуздук маселеси азыр курч бойдон турат, муну дагы балаңыз менен талкуулоо керек.

Эгерде бала ата-энесинен суроолоруна жооп ала албаса, анда башка жактан, мисалы, досторунан же интернеттен издеп кирет. Ал эми алар эң жакшы маалымат булактары эмес.

Ар дайым колуңузда маалымат болсун. Окуучунун маалымат ала турчу бир топ булактары бар: интернет, телевизор, достору дегендей. Ошентсе дагы ал үчүн ата-энесинин авторитети жана пикири баарынан маанилүү.

Контрацепция жана коопсуз жыныстык катнаш тууралуу эмнелерди билүү керек?

Балага жеткирилиши керек болгон өтө маанилүү ой: жыныстык катнаш - эки чоң адамдын ортосундагы жакындыктын бир түрү, жыныстык катнаш өз ара макулдук жана сүйүүнүн негизинде гана болушу мүмкүн.

Бала менен жыныстык катнаш жөнүндө сүйлөшүп жатканда, аны коркунучтуу оорулар же пландаштырылбаган кош бойлуулук менен коркутпаңыз. Бул коркунучтар келечекте алардын интимдик жашоосуна жана өнөктөшү менен болгон мамилесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ошол эле учурда маалыматты тынч жана ишенимдүү тон менен жеткириңиз. Контрацепциянын мүмкүн болгон ыкмалары жөнүндө айтып бериңиз. Эгер билимиңиз жетишсиз болсо, анда атайын балдар адабиятын сатып алып, аны балаңыз менен чогуу окусаңыз болот.

Пландаштырылбаган кош бойлуулук учурунда эмне кылуу керек?

Бул абдан татаал суроо, ар бир адам өзү үчүн жооп табат.

Бул жерде бир гана нерсени айтууга болот, бардык катышуучулардын пикирин эске алуу менен чечим биргелешип кабыл алынат. Ал эми бул чечим эмоция менен эмес, жакшылап ойлонгондон кийин кабыл алынышы керек.

Мүмкүн болчу кандайдыр бир натыйжага кантип даярдануу керек?

Бардык мүмкүн болгон окуяларга жүз пайыз даяр болуу мүмкүн эмес, анткени жашоо ошондой. Бирок биз жогоруда талкуулаган нерселер көп учурларда оор кырдаалдарды алдын алат. Бул жерде дагы ата-эне менен баланын ортосундагы ишеним абдан маанилүү ролду ойнойт.

Акыркы чечим кызды гинекологдун кароосунан өткөндөн кийин гана кабыл алынышы керек. Адис өспүрүмдүн ден соолук абалына баа берет, кош бойлуулуктун өнүгүшүн жана анын узактыгын талдайт.

Медициналык аспект

Физиологиялык жактан да, моралдык жактан да жаш кыздар төрөткө, эне болууга даяр эмес.

Кандай гана чечим кабыл алынбасын, анын кесепеттеринен толук качып кутулган учур сейрек кезедешет:

  • бойдон алдыруу олуттуу психологиялык жаракат болуп саналат;
  • кийинки төрөт менен кыйынчылыктар болушу мүмкүн, мисалы, тукумсуздук;
  • гормоналдык баланс бузулат;
  • иммунитет төмөндөйт, эндокриндик системанын дестабилизациясы пайда болот;
  • жатындын начар өнүккөндүгүнө байланыштуу, анын тешилип калуу коркунучу жогору;
  • олуттуу сезгенүүнү өнүктүрүү коркунучу бар;
  • уруктанган жумуртканы толук эмес алып салуу мүмкүнчүлүгү бар;
  • менструалдык циклы бузулат.

Кош бойлуулукту сактап калган учурда болсо, кыз төмөнкү көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн:

  • жашоосунун кадимки жолун жана ритмин өзгөртүү;
  • кыздын психикалык жактан даярдыгы жок балага кам көрүү зарылчылыгы;
  • башка адамдардын айыптоосу менен шартталган психологиялык дискомфорт;
  • каражаттын жетишсиздиги, бардык эле ата-энелердин жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү боло бербейт, кээ бирлери жардам берүүдөн таптакыр баш тартышат;
  • кыздын эмоционалдык жетиле электигинен балага энелик сезимдин жоктугу.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы неонатологу Сагынбу Абдувалиева тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн үй-бүлөнү пландаштырып, балдардын төрөлүшүнө алдын ала даярдануу керектигин эскертет.

Баланы пландоо баскычында текшерүүдөн өтүү өтө маанилүү.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдар тамактануу адаттарынан жана башка факторлордон улам аз кандуулукка кабылышат. Аз кандуулуктун, глобалдык экологиялык кризистин жана экономикалык көйгөйлөрдүн фонунда аялдын ден соолугунда бир топ көйгөйлөр бар. Ал эми аялдын ден соолугунун абалы бүт өлкөнүн ден соолугуна таасир этет.

Жубайлардын экөөнү тең текшерүү керек, анткени перинаталдык мезгилге мүнөздүү инфекциялар бар, мисалы, цитомегаловирус, герпес мээге, өпкөгө жана өнүгүү кемчилигине алып келиши мүмкүн. Парвовирус өтө кооптуу, бул өнүгүүнүн оор кемчиликтерин, анын ичинде буту-колдун жоктугун пайда кылат.

Жыныстык жол менен жугуучу кургак учук, хламидиоз, микоплазмоз, ВИЧ, сифилис, гонорея, ошондой эле бактериялык инфекцияларды дагы эстен чыгарбоо өтө маанилүү.

"Бүгүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана бүткүл дүйнө жүзү патологияларды, түйүлдүктөгү алгачкы өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн алгач 8-жумада, андан кийин 10-12-жумаларда скринингден өтүү зарылдыгын айтышат. Анткени биздин өлкөдө 18 миң аял бир жылда эки жолу төрөйт. Бул өзүбүзгө өтө кылдаттык менен мамиле кылбай, ден соолугубузга көңүл бурбай жатканыбыздан кабар берет. Үй-бүлөдө жоготуулар, тубаса патологиялык көйгөйлөр болгон күндө дагы, кийинки баланын тобокелдигин аныктоо үчүн Кыргыз улуттук репродукция борборунан толук текшерүүдөн өтүү керек", - деп баса белгилейт неонатолог.

Мыйзам эмне дейт?

Тилекке каршы, бойдон алдыруу Кыргызстанда бойго бүтүрбөөнүн кеңири таралган ыкмаларынын бири бойдон калууда. Расмий статистика боюнча өлкөдө жылына 20 миңге жакын бойдон алдыруу катталат. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча, бул көрсөткүчтүн саны он эсе көп, анткени кош бойлуулукту токтотуу жеке медициналык борборлордо жүргүзүлөт, ошондой эле үйдө жасала турган медициналык аборт үчүн дары-дармектердин уруксатсыз соодасы да бар.

Бойдон алдыруу көбүнчө боюнан түшүп калуу, жыныстык органдардын өнөкөт сезгенүү процесстери, тукумсуздук сыяктуу оор, кээде кайтарылгыс кесепеттерге алып келет. Терс кесепеттерге алып келүү коркунучу жаш куракта биринчи кош бойлуулук токтотулгандан кийин жогорулайт.

Бирок Кыргызстандын мыйзамдарында 16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн тандоо укугу белгиленген, ошондуктан алар кош бойлуулукту улантууну же токтотууну өз алдынча чече алышат.

Кыргызстанда мыйзам боюнча эрте кош бойлуулукка тыюу салынган эмес, ошондуктан ага эч кандай жоопкерчилик жок.

Ал эми 16 жашка чыга элек бала менен жыныстык катнашка баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси "Он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" бар. Бул беренеде эгерде өнөктөштөрдүн бири 18 жаштан ашса, экинчиси 16 жашка чыга элек болсо, жоопкерчилик каралган. Бул берене боюнча санкция сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу болуп саналат.

"Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 16-беренесине ылайык, 16 жашка чыга элек кыз өзүнүн чечими жана ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен кош бойлуулугун жасалма түрдө токтото алат.

Бул беренеде ошондой эле бойдон алдыруу аялдын каалоосу боюнча 12 жумадан ашпаган мөөнөткө жасалат деп жазылган. Социалдык себептер боюнча кош бойлуулукту жасалма түрдө токтотуу аялдын макулдугу менен 22 жумага чейин, ал эми медициналык себептер боюнча - кош бойлуулуктун узактыгына карабастан жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мында саламаттыкты сактоо уюмдары бойдон алдырууну чечкен же медициналык себептер боюнча андан баш тарткан аялга анын ден соолугуна мүмкүн болуучу терс кесепеттер жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу медициналык иштин бул түрүнө лицензиясы бар саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт. Кош бойлуулукту жасалма токтотууга чейин жана андан кийин, андан кийин каалабаган кош бойлуулукту болтурбоо үчүн каражаттарды тандоо менен аялдар милдеттүү медициналык-социалдык консультациядан өтүшөт. Кош бойлуулукту жасалма токтотуунун белгиленген тартибин бузуу жоопкерчиликке алып келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт