// //

Көңүл кош карабаган жоопкерчиликтүү өспүрүмдү тарбиялоо тууралуу

2024.05.31, 16:18
309

Эмпатия жана жоопкерчилик - инсандык калыптануунун маанилүү компоненттери болуп эсептелет. Балада бул нерселерди калыптандыруу жашоосунун биринчи күндөрүнөн тарта башталат дагы, бой жеткен учурунда дагы уланат. Психолог Елена Прокопьева башкаларга көңүл кош карабаган жоопкерчиликтүү өспүрүмдү кантип тарбиялоо керек экенин Kaktus.media"га айтып берди.

Жоопкерчилик – бул адамды өзүнүн жана башкалардын аракеттери үчүн жоопкерчиликтүү болууга милдеттендирген инсандык сапат. Жоопкерчилик мүнөздөгү оң сапат болуп саналат. Ата-эненин милдети – чечим кабыл алууга, ар кандай кырдаалдар менен күрөшүүгө, өз аракеттери жана тандоосу үчүн жоопкерчиликти ала алган көз карандысыз, өз алдынча адамды тарбиялоо.

Эмпатия – бул башка адамдын эмоцияларын жана сезимдерин таануу, анын ички абалын түшүнө билүү. Башка адамдардын эмоцияларын жана эмоцияларын түшүнгөндө, алардын жүрүм-турумун жакшы түшүнө аласың, баарлашуу оңой болот. Эмпатияны көрсөтсөткөндө гана, адам эмне үчүн өзүн мындай алып жүргөнүн түшүнүү оңой болот.

Эмпатияга ээ болгондо маектешиңизди соттобой, баркын түшүрбөй кунт коюп уга аласың. Жашоонун алгачкы күндөрүнөн тарта ата-эне баласына байланышта болууга, эмоцияларды окууга, кырдаалдын жакшылап түшүнүүгө, эң негизгиси, баланын өзүнүн эмоцияларын түшүнүүгө үйрөтөт. Анткени өзүн түшүнүнгөндү үйрөнбөй туруп, адамдын коомго аралашуусу кыйын болот.

Баланын эмпатиясы ата-эне менен болгон мамиле менен гана өнүгөт, анткени ата-эне балага өзүнүн социалдык жөндөмүн калыптандырат, өздөрүнүн эмоциялары менен сезимдери менен тааныштырат, диалог жүргүзөт, мультфильмдерди, китептерди, окуяларды талкуулайт.

Бул сапаттарды кантип өнүктүрсө болот

Баланын жашоосунун алгачкы жылдарында ата-энелер анын эмоцияларын контейнерлөөгө (баштан кечирүүгө) жардам берет, муну менен ага эмнени сезип жатканын таанууга жардам беришет, ал кабатыр болуп жаткан нерселер нормалдуу экенин көрсөтүшүп, эмоцияларды жана кырдаалдарды кантип баштан кечирүүнү үйрөтүшөт. Ата-энелер үчүн баланын сезимдерди контейнерлөө ыкмаларын үйрөнүү жана аларды ымыркайынын жашоосунун алгачкы жылдарында колдонуу пайдалуу.

Контейнерлөө техникасы төрт этаптан турат.

  • Кабыл алуу - балабызга акырын колубузду тийгизип, анын колун кармайбыз, мунун менен ата-эне ар дайым оор кырдаалда жанында болуп, колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин көрсөтөбүз.
  • Ойдогуну айтуу - баланын сезимдерин үндү чыгарып айтабыз, мисалы: "Сен таарындың, коркуп жатасың, ачууланып жатасың".
  • Кырдаалды тактоо - эмоциялар менен кандайдыр бир окуянын ортосундагы байланыш жөнүндө сүйлөшөбүз: "Сен оюнчугуң сынып калгандан улам ачууланып жатасың."
  • Түшүнүү - баланын эмоциясын соттобой, шылдыңдабай нормалдаштырабыз: "Бул канчалык таарынычтуу/жагымсыз/жаман экенин түшүнөм."

Эмоцияларды контейнерлөө - балага эмоцияларды тааныштыруунун биринчи кадам болуп саналат.

Экинчи маанилүү кадам - ата-эне акырындык менен балага сезимдер үчүн жоопкерчиликти өткөрүп бериши керек. Ошентип, ал өз алдынча алар менен күрөшүү жөндөмүнө ээ болот. Башкача айтканда, алгач бала ата-энесине азырынча күрөшө албай жаткан нерселерди өткөрүп берет, ата-энеси аларды кабыл алып, эмне болуп жатканын сөз менен түшүндүрүүгө жардам берет, андан кийин бала тынчтанып, эмоциялар менен күрөшсө болорун түшүнөт, анан ата-энесинин жардамы жок эле аларды жеңүүгө үйрөнөт.

Эгерде жоопкерчиликти өткөрүп бербесе, анда балада сезимдер адамдын өзүнөн көз каранды жана анын иш-аракетинин натыйжасы деген түшүнүк калыптанбайт.

Башка адамдарды контейнерлебей туруп, алар менен күрөшүү үчүн куралы жок болуп калат. Натыйжада, бой жетсе дагы инфантилдик абалда калуу коркунучу бжаралат: адам кырдаалды өз алдынча чечүүгө аракет кылбай, жаңы контейнерлерди издеп, нааразы боло берет.

Ошондуктан, баланын эмоцияларын контейнерлегенден кийин, балага суроолорду берип, анын эмне себептен болгонун талдап, кырдаалдан чыгуунун жолдорун издөө керек.

Бала башкаларга көңүл кош карабаганды үйрөнүшү үчүн, алгач ага муну үйрөтүү керек.

Биринчиден, балага өзүнүн сезимдерин жана эмоцияларын таанууга үйрөтүңүз. Ыйлап жатса аны эмне капа кылганын, маанайы жакшы болсо эмне кубантканын сураңыз. Өз сезимдерин түшүнүүгө үйрөнгөн бала башкаларды түшүнүүгө үйрөнөт.

Башка адамдардын кабатыр болгонун түшүндүрүңүз. Эгер бала бирөөнүн оюнчугун тартып алса, ал бала эмнеге ачууланганын мисалдар менен салыштырып айтып бериңиз: "Сен Амирдин учагын тартып алдың. Сенин оюнчуктарыңды башкалар тартып алганда ыйлабадың беле, эми ал дагы ошентип ыйлап жатат. "

Балага китеп окуп берип жатканда, ага каармандардын эмоцияларын талдап чыгуусуна түрткү бериңиз: "Аюу эмне үчүн мынчалык капа болду деп ойлойсуң?"

Мыкты үлгү бол. Кары кишиге сумкасын көтөрүүгө жардам бериңиз жана эмне үчүн мындай кылганыңызды түшүндүрүңүз. Кышында канаттууларды тамактандырып, эмне үчүн мындай кылуу керектигин айтып бериңиз.

Өспүрүмдөрдүн жеке өнүгүүсүндө жана социалдык өз ара аракеттенүүсүндө эмпатиянын жана жоопкерчиликтин мааниси

Өспүрүмдөр башка адамды толук түшүнүү жана кабыл алуу каалоосун камтыган достукка өзгөчө муктаж келишет. Өспүрүм үчүн жыныстык жетилүү мезгилинде теңтуштарынын пикири ата-энесиникине караганда өзгөчө маанилүү болот.

Ата-энелер баласы өспүрүм куракка жеткенге чейин ага жашоо принциптерин жана баалуулуктарын калыптандырып, аны менен эмоционалдык жакын, ишенимдүү мамиле түзкөнгө жетишүүсү керек.

Өспүрүм пубертат мезгилинде ар кандай көйгөйлөргө туш болот жана башка адамдардын эмоциясын тааный албаса, анын чоңоюшу, натыйжалуу баарлашуусу жана ар кандай кырдаалдар менен күрөшүүсү кыйынга турат. Ошондуктан, ата-эне баласынын кичинекей кезинен тарта эле аны менен көп сүйлөшөт, аларга жашоону, сезүүнү, бактылуу болууну, кайгырууну жана позитивдүү эмоциялар, окуяларды баштан кечирүүнү үйрөтөт.

Ата-энелердин ролу жана практикалык сунуштар

Эч бир психолог же мугалим баланы эмпатияга, жоопкерчиликтүү болууга үйрөтө албайт. Аткени бала менен чогуу жашаган ата-эне гана ага таасир эте алат жана өзүнүн (ата-эненин) позициясын, дүйнө таанымын, жүрүм-турумун өзгөртүү менен балага таасир берет.

Ата-эне болуу – бул талыкпаган эмгек жана тынымсыз өнүгүү, өзүн-өзү башкара билүү жана балага жетилген адам болуусуна жардам берүү.

Бой жеткен өспүрүмдөрдө эмпатияны өнүктүрүү үчүн, ата-энелер төмөнкүлөрдү жасоого тийиш:

  • өзүңүздүн сезимдериңизди жана эмоцияларыңызды таанууну үйрөнүңүз, анан муну балага үйрөтүңүз;
  • диалог учурунда маектешиңизди кунт коюп угуңуз, балаңыз менен баарлашууда дагы, анткени ал муну сизден үйрөнөт;
  • тааныштардын кең чөйрөсү менен баарлашуу, бул жерде бала ар кандай типтеги инсандар менен байланышууну үйрөнөт, сизге карап жана сизди тууроо менен эффективдүү баарлашууга үйрөнөт, ошондой эле өз ара аракеттенүү ыкмаларын иштеп чыгат;
  • чогуу кино көрүү, китептерди окуу жана аларды талкуулоо.

Өспүрүм куракта жоопкерчиликти өнүктүрүү үчүн ата-энелерге төмөнкү сунуштар жардам берет:

  • өз максаттарыңызды балаңызга таңуулабаңыз;
  • жоопкерчиликти баш ийүү менен чаташтырбаңыз;
  • өспүрүмдү эч ким менен салыштырбаңыз;
  • көз карандысыздыгын кубаттаңыз, өтө көзөмөлдөгөндү жок кылыңыз;
  • укуктарды милдеттер менен бекемдеңиз;
  • жоопкерчилик чөйрөсүн чектеңиз;
  • өспүрүмдү кыйынчылыктарга даярдаңыз, ашыкча коргой бербеңиз;
  • маселени чечүүнүн жолун көрсөтүңүз;
  • үлгү болуңуз.

Сөзүңүзгө жана ишиңизге жоопкерчиликтүү болуңуз, ырааттуу болуңуз, балаңыз муну сизден үйрөнөт. Балаңыздын күнүмдүк тартибин көзөмөлдөп, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү арасында үй жумуштарын бөлүштүрүүнү унутпаңыз. Балаңызга ишениңиз, ага көптөгөн маанилүү нерселерди тапшырыңыз, бала сиз ага ишенгениңизди сезсин.

Эмпатия жана жоопкерчилик кичинесинен эле калыптанат, андыктан калыптанып калган мүнөзү жана башка өзгөчөлүктөрү бар өспүрүмдү тууралоо өтө кыйынга турат, бирок жасаса болот.

Ошондой эле, акыркы он жылдыктарда аутизм спектринин бузулушу жана башка ар кандай инсандык бузулуулары бар балдардын саны көбөйгөнүн белгилей кетүү керек, бул жерде балдарда эмпатия жок болот, бирок аларды башка адамдардын эмоцияларын таанууга жана баарлашууга үйрөтүү мүмкүн.

Балдарыңыздын келечеги үчүн ар кандай өзгөчөлүктөрдөн коркпошуңуз керек, балдар системалуу өнүгүп, бактылуу адам болуп чоңоюшу үчүн өз убагында диагностика жүргүзүп, адистердин сунуштарын аткарганыңыз оң.

Күнүмдүк жашоодогу милдеттер, анын ичинде үй тиричилиги, мектеп, класстан тышкаркы иштер

Өспүрүм курак окууда жана ийримдердеги иш-аракеттердин ийгилигин билдирбейт, көбүнчө пубертат мезгилинде академиялык көрсөткүчтөр төмөндөйт. Бул нормалдуу көрүнүш. Ата-энелер бул фактты кабыл алып, балдарына жашоосунун бул мезгилинен өтүүгө жардам бериши керек.

Заманбап балдар, бир жагынан, мектепке жана мектептен тышкаркы иш-чараларга көп сүңгүп кирип, экинчи жагынан, үй тиричиликке толугу менен аралашпай, таштанды чыгарганга, идиш-аяк жууганга, үйдү тазалаганга жоопкерчилик алышпайт.

Өспүрүм бир нече саат эс алышы керек, бирок ошол эле учурда үй жумуштарын жасашы керек. Өспүрүмдүн бөлмөсү анын жеке мейкиндиги, ал жер чачык болушу мүмкүн, бирок эркек бала да, кыз да бүткүл үйдү тазалашы керек. Ошондой эле ашканага жардам берүү, тамак-ашты жылытуу, өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү дегендер аткарылышы зарыл (мисалы, сасык тумоо менен ооруган ата-энелерине тамак жасап берүү).

Ата-эне – кийин өз өмүрү үчүн жоопкерчиликти ала албай турган адамды тарбиялабашы керек, анткени көндүмдөр бир чынжыр сыяктуу калыптанат жана бала кезинен өзүнө кам көрүүгө үйрөнбөсө, кийин чоңойгондо, адам башка иштерде жөндөмсүз болуп калат.

Өспүрүм баланын ата-энесине бул оор мезгилди баштан кечирүүгө чыдамкайлык, өзүн-өзү кармай билүү, чоң сүйүү жана үмүт керек. Анткени өспүрүм гормондордун таасири астында эмне кылууну, кантип жашоону, анын денеси жана психикасы эмне болуп жатканын түшүнбөйт, гормондор аны орой болууга, эрежелерге жана чектерге каршы турууга, чыр-чатактаржаратууга мажбурлайт.

Ата-эненин колдоосу жана сүйүүсү, үй-бүлөдөгү жакшы атмосфера, ошондой эле үйдө белгиленген эрежелерди сактоосу жана берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөсү, өспүрүмгө жашоосундагы эң оор этаптан өтүүгө жардам берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт