// //

Менин уул болушумду күткөн атам акыры кечирим сурады

2023.07.20, 13:37
9657

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Мен төрөлгөндө атам төрөтканага барбай койгон. Төрөлөр менен күнөөлүү сезими менен төрөлгөм. Кыз болуп төрөлгөнүм үчүн күнөөлүү элем. Атам муну кичинемден айтчу. Анда, күнөөм жок экенин кайдан билем, ичип келип мени жемелегенде унчукпай угуп отура берчүм.

Атам үчүн балалыгым оор болду. Балалыкта ойноп-күлүп, ата-эне мээримин алып, жакшы сөз угуп чоңойсоң сонун эмеспи. А мен атама жаккым келип чоңойдум.

Белим ооруганына карабай оор жумуштарды жасачум. Бүт жумушту жасап, атүгүл, мектептен да жакшы окудум. Ошентсе дагы атам бир дагы чогулушума басып барбады, алып келген грамоталарымды карабады. Барса, эжейим мактаса, мени жакшы көрүп калат деп тиленет элем.

11-классымда атамдын машинасын оңдоп бере баштадым. Мен колунан баары келген, бирок өзү эмнени каалаганын билбеген бактысыз бирөө болуп чоңойдум. 

"Менин кызым" деп бир айтып койсо эле бактылуу болот элем. Мен уул болуп төрөлбөгөнүм үчүн күнөөлүү элем. 

Окуумду жакшы аяктадым. Чет өлкөгө кеттим. Жакшы жумушка кирдим. Ата-энеме үй тургузуп бердим. Ошондо дагы атам "кызым, алыста жүрөт" деп бир чалып койбоду, аэропортко узатканы келбеди. Чарчадым. 

Күнөөлүү эмес экенимди түшүнө баштадым. Бүт өмүрүм мени баалабаган атама жагынуу үчүн өткөнүн түшүндүм. Мен чарчадым. Жагынганды токтоттум.

"Сиз жаман көргөн кыз бүгүн алкыш алды. Кызмат ордунан көтөрүлдү. Бирок, сизге бул маанилүү эмес, муну жакшы билем. Ошентсе дагы айтып коеюн дедим. Ата, мен чарчадым. Болду эми сизге жагууга аракет кылбайм. Мен кыз болуп төрөлгөнүм үчүн күнөөлүү эмесмин. Өз баласына мээрим бере албаган сиз күнөөлүсүз.  Ата, мен сиз үчүн кылган нерсенин бирин барктаган жоксуз. Жаман кызыңыз, элдин баласынан ашканын байкабадыңыз. Кызык, эмнеге мени жактырбаган атамды дале жакшы көрөм, билбейм. Уулду болсоңуз, эмне өзгөрмөк ата? Эч нерсе."

Смс жаздым.

Апам айылга кел деди. Атам катуу ооруп жатыптыр. Баягы каттан бери жарым жыл өткөн. Сүйлөшкөн эмеспиз. Баргым келген жок. Мен муздап калган элем. Апам үчүн бардым.

Абалы оор экен. Төшөктө жата берип арыктап кетиптир. Суз учураштым. Шаарга алып баалы деп дарыгерлерге дайындадым. Дагы эле милдетимди аткардым.

Тез жардамга салып жатканбыз. Жаткырып, жуурканын жаап жаткам. "Кызым" деди. Катып калдым. Атам мени "кызым" деди. Көзүмө жалооруй карады. Көзүнөн жаш акты. "Кечир" деп үнүн чыгарып айткан жок. Тек гана көзүн катуу жумуп ыйлап жиберди. Мен баарын түшүндүм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт