// //

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

2020.07.17, 13:36
33346

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Күйөөм эшикке отуруп алып кир жууп жаткан"

Күйөөмдүн мынчалык жакшы экенин билген эмесмин. Эми, барыбыз эле ушундай болсок керек. Айтайын дегеним, күнүмдүк турмуш менен алышып жүрүп, жаныбызда жүргөндөргө этибар бербейбиз. Балким, ошол күнү жол кырсыгына кабылганым жакшы эле болду.

Алысыраак тайкемдин жаназасынан келатканбыз. Узак жолдо апам жалгызсырабасын деп, балдарды күйөөмө таштап кошулуп алгам. Бир маалда эле айдоочу рулду башкара албай калды. Машина жолдон чыгып даракты сүзүп токтоду. “Кудай ай!”. Ичиндеги жүргүнчүлөр бакырып жибердик.

Апамдын эки буту, менин акырегим менен колум сыныптыр. Мен го баса алам, апам такыр эле төшөккө жатып калды. Бейтапканадан чыгарып, үйүбүзгө алып келдик. Себеби, апамды караганга киши жок, атам каза болуп калган, менден кийинки сиңдим болгону ондо.

Күйөөм жумушунан суранып алган. Эртеден кечке биз менен алек. Балдарыбыз майда, аларга дагы көңүл буруу керек. Тамак жасайт, кирлерди жууйт, жараттарыбызды “обработка” кылат, укол саят, апамдын алдын тазалайт. Ишенесиңерби, бир дагы жолу наалып сүйлөнгөн жок.  

Бир күнү кокустан кайын энем келип калды. Күйөөм эшикке отуруп алып кир жууп жаткан. Колунда апамдын байпагы. Аны көргөн кайын энем жарылды.

- Ай бала! Бул эмне? Кебетең кантет?

- Келиңиз апа.

- Ар кимдин байпагын жууп отурасың анан! Кана аялың? Дагы эле айыга элекпи? Жыргап жатат да, сага апасынын байпагын жуудуруп коюп.

- Апа, эмне деп жатасыз. Абалын өзүңүз жакшы билесиз. Кайын энем дагы менин апам.

- Кыйраттың!

- Апа, кудай сактасын дечи, эгер сиз менен бир нерсе болсо, менин келинчегим мага окшоп жаныңызда жүрмөк. Балдарымдын энесине жардам бербей кантип жөн отура алам? Апа, коюңуз, андай жаман адам болбойлу. Өзүңүз адамгерчиликтүү болгула деп көп айтчу элеңиз го. 

Үйгө кирбей кетип калды. Биз тамчылатма дары алып жатканбыз. Чыгып учураша албадым. Жанымда жаткан апам баарын укту. Бирок, унчуккан жок. Мен дагы эч нерсе дебедим. “Келгиле, тамак ичели”, - деп күйөөм билмексен болуп кирип келди.

Азыр бизде баары жакшы. Жок, мурдагыдан дагы сонун. Апам сакайып “сага ыраазымын балам”,- деп, күйөөмө батасын берип, үйүнө кетти. Баягы күнү кой союп кайын энеме кошуп баарыбызды чакырып сыйлады.

Жол. Күйөөм рулду башкарып баратат. Артта балдар уктап жатат.

Күйөм: Баары жакшыбы? Жанатан бери мени уялтып, күлмүңдөп карап келатасың.

Мен: Баары сонун. Рахмат сага. Мен бактылуумун. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт