// //

Көлгө сүйгөнүм менен барып аялымды кездештерип калган күндү унутпайм

2023.07.18, 18:04
16287

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Бир кездеги менин жарым башканы жандап баратты...

Биз жакшы ажырашпадык. Далай сөздөр айтылды. Мен айттым. Ал унчукпады. Балдарды кыжалат кылып аябай талаштык. Акыры сот аркылуу чечиштик. Биз жакшы ажырашпадык. Мен далай сөздөрдү айттым. Ал унчукпады. 

Мен көп өтпөй үйлөнүп алдым. Балдар менен катташпай калдым. Биринчи турмушумду унутуп калдым. Балдарда эмне күнөө?

Эки бала атасыз калды.

Аялым алтын адам экен. Мен муну кеч түшүндүм.

Көлгө барганбыз. Келинчегим менен пляжда жатканбыз. Ак кууну көрдүм. Балдарым чоңоюп калыптыр. Башка атаны жетелеп баратышат.

Кечиктим. Мен туура эмес кылдым. Сулуу болуп калыптыр. Ачылыптыр. Бийиктеп калыптыр. 

Далай кордук көрсөткөм. Кол дагы көтөргөм. Балдардын жүрөгүнүн үшүн алгам. 

Мени байкады. Токтоп калды. Тике карады. Мурдагыдай жалтанбай калыптыр. 

Мен ылдыйда экенимди ошондо түшүндүм. Бул күндү унутпайм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт