Көзүңдү жасатсаң, кийин мурдуңду жасатуу керекпи? Пластикалык хирург менен маек
- Кыргызстанда эң көп кандай пластикалык операция жасалат?
- Азиялык өлкө болгондуктан, бизге көбүнчө бейтаптар сурма чыгаруу боюнча кайрылышат. Бардык пластикалык операциялардын ичинен - блефаропластика абдан популярдуу десек болот. Андан кийин гана башкалары кетет.
- Популярдуу деп калдыңыз, ошондо кайрылгандардын баарына эле жасай бересиздерби же чектөөлөр барбы?
- Жок, бизге келгендердин баарына жасабайбыз. Жасаса боло турганы бар жана болбой турганы бар. Эгерде операция жасоонун кереги жок болсо, биз ага түшүндүрүп айтабыз. Айрымдар жакшы түшүнбөй эле, интернеттен көрүп келип алышат, ичинен каалабай турганы дароо байкалат, ошолордон баш тартабыз. Ден соолугунда кандайдыр бир көйгөйлөр болсо, айталы, диабет, анемия, кан басым ж.б. да баш тартабыз. Баш тартабыз дегенибиз, алгач ошол көйгөйлөрдү чечип келүүсүн айтабыз.
- Өздөрү жакшы түшүнүп, түшүнбөй эле келип алгандар бар дедиңиз. Бул жерден бир суроо пайда болду, пластикалык дарыгерге барардан мурун психологдон кеңеш алып коюш керекпи?
- Бардык учурда эмес. Эгер бейтап адекваттуу болсо, өзү так чечим чыгара алса, жаш курагы дал келсе, анда биз карап көрөбүз. Операция жасасак мындан да жакшы болобу же болбойбу, ошону карайбыз. Мисалы, алар интернеттен моделдердин сүрөтүн көтөрүп келет, биз жыйынтыгы кандай болорун болжолдуу айтабыз. Бейтап консультациядан кийин гана чечим кабыл алат. Ал эми психологго кайрылыш керек болгон бейтаптар дароо билинет.
- Айрым учурда жасабай баш тартабыз дедиңиз. Бул баш тартууну туура эле кабыл алышабы же көшөрүп тура беришеби?
- Бейтап үчүн биз жөн гана хирург эмеспиз, алар бизге катуу ишеним артат. Ага баары жакшы экенин, операция кереги жок экенин айтсак, анын өздүк баасы көтөрүлүп калат. Чынында жакшы турбайбы деп, ишеними пайда болот. Биз жөн эле баш тарта бербейбиз, баарын түшүндүрөбүз.
- Калк арасында дагы бир миф бар, айталы, көзүңдү жасатсаң, мурдуңду жасатуу керек, мурдуңду жасатсаң кулагыңды ж.б. дегендей. Пропорция бузулат деген чынбы? Бир операция менен токтоп калбайсың дегендей.
- Бул чындыкка дал келбейт. Болгону бирөөнүн айткан сөзү. Биз "мурдуңуз мындай болот" деп алдын ала көрсөтөбүз. Бейтап макул болсо гана жасайбыз. Албетте, чектен чыгып кеткен бейтаптар болот, аны моюнга алыш керек. Булар жаштыгынан комплекси барлар, улгая баштаганда жасатып, өмүрү укпаган комплименттерди ала башташат. Анан баарын оңой көрүп дагы жасатууну каалашат да, өздөрү бир көйгөйлөрдү ойлоп табат. Буларга билимдүү хирургдар дароо баш тартат. Анткени, жок көйгөйгө операция жасалбайт.
- Пластикалык операцинын баасы кымбат. Арзанга качып базар сыяктуу жайлардан жасаткандарга токтоло кетсек. Алар кийин силерге оңдоп бергиле деп кайрылабы?
- Бул өтө чоң көйгөй. Бул этапты Россия, Украина сыяктуу мамлекеттер 10-15 жыл мурун жашап өткөн. Бул тенденция бизге эми келди. Аларда деле ушундай базарларда, жер төлөөлөрдө жасап, аягы кайгылуу болуп бүткөн учурлар көп болгон. Бизде ушул бум болуп жатат. Бир эле офисте чачын алат, тырмагын жасайт, артында операция кылат. Бизге жумасына 3-4 жолу келишет. Калып калган жиптерин, сынган ийнелерин алдырышат, арасында сепсиске чейин жеткендери, кулактары туура эмес тигилгендери болот, ар түрдүү. Операция жасагандардын медициналык билими жок. Эч нерсени билбегендер жаш баладай, эч нерседен коркпойт. Баары антисанитарияда жасалат, эң жөнөкөй болгон инструменттерди тазалоону билбейт, туура кол кап тандай алышпайт. Ооба, бизден он эсе арзан жасашат. Бирок, билимдүү адам андайларга барбайт.
- Ошондо, туура эмес жасалган операцияны калыбына келтирсе болобу? Же баары бир билинип калабы?
- Билинет. Эч нерсе жасатбаган бейтап менен, жасаткан бейтапта айырма бар. Аларга жасаткандан кийин анотомия кескин өзгөрөт, башкача тигип салышат, себеби жасап жаткандар анотомияны билбейт. Алардан кийин үч-төрт жолу операция жасоого туура келет. Ошондуктан, пластика жасатардан мурун эч шашпаш керек. Керекпи, керек эмеспи жакшылап ойлонуу керек.