// //

Бир аял үчүн баламды таштап кеткениме өкүнөм

2023.03.20, 15:17
15039

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Баламды эстесем эле көлдүн жээги көз алдыма тартылат. Келинчегим сууда түшүп жүрөт. Балам кум менен ойноп отурат. Мен болсо бутумду сууга салып жээкте отурам. Бул биздин акыркы жолугушуу эле.

Көп өтпөй азгырылдым. Жок, мен сүйүп калдым. Сезимдерге баш ийүүгө мүмкүн болбой калды. Аялыма баарын ачык айтып чыгып кеттим. Балам уктап жаткан. Коштошкон да жокмун. Бир көз карашы мени токтотуп коет болчу. Мен эч кимди укпай кетип калдым. 

Аялымдын көзүнөн жаш сызып мени узаткан боюнча калды. Мен жактырган кызыл көйнөгүн акыркы жолу көрүшүм. "Балаң сураса эмне дейм, мага ошого жооп таштап кет" деди. Инимди куушурган боюнча чыгып кеттим.

Түрдүү шаарларда, түрдүү жерлерде иштедим. Үйдөн чыгып кеткенден кийин үйү жок калдым. А тиги сүйүү көпкө узабады. Азгырылганымды билдим. Жалгыз калганда баламды сагындым ыйлачумун. Жумуш менен алаксып күн өткөрө баштадым. Байлык кереги жок болгондо бат топтолот экен. Бай болдум. Бирок жалгыз болдум.

Баламды ушундай сагындым. Баргым келет. Бетин кантип карайм. Алыстан көрүп алайын дедим. Шоферумду айдатып, эски дарекке жөнөдүм. 

Атасы башка болуп калыптыр. Карындашын жетелеп, үчөө келатыптыр. Бир кездеги мени кармаган колдору башканын колун кармаптыр. Бир кездеги мени жакшы көрүп караган көздөрү башканы карап калыптыр.

Балам, кудум мага окшош. Заматта чоң жигит болуп калыптыр. Үчүнчү класс болуп калды да. Балам сени боорума кыскым келди. Тек гана терезеден карап турдум. Апаңдын уясын бир кездегидей бузгум келбеди. Сенин бактылуу экениңди көрдүм. Сагынычым ого бетер күчөдү.

Бир нерсени сезгендей болдуң. Айланаңды карап бирөөнү издедиң. Мен терезени түшүргөн жокмун. Кайра жолуңду улап кеттиң. 

Сени таштап кеткениме өкүнөм. Бир убакта мени издеп келерсиң. Балким жок. Ошондо коркок атаңа окшобой, машинаңдан түшүп мени кучактап койчу, суранам балам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт