// //

Айызга көз салууга жардам берген «Oky» тиркемеси ишке кирди

2023.01.27, 10:45
1096

«Айкын багыт» фонду ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө, өспүрүм кыздардын айыз циклине көз салуу жана аны башкаруу үчүн «Oky» [оки]  мобилдик тиркемесин  локалдаштырып, иштеп чыгышты. Азыркы учурда мобилдик тиркеме дүйнөнүн 13 өлкөсүндө иштеп жатат.

БИШКЕК, 2023-жылдын 27-январы - “Oky” – бул  өзүнүн ден соолугун башкарууга багытталган жана ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын кыздары менен биргеликте түзүлгөн биринчи мобилдик тиркеме. Мобилдик  тиркеме алгач ЮНИСЕФтин  Азия-Тынч океандагы  аймактык кеңсеси  тарабынан иштелип чыккан жана ал кыздарга айыз циклин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

«Oky» тиркемеси - бул тыюу салууларды, стигматизацияны жок кылууга, айыз цикли жөнүндөгү уламыштарды жана туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгарууга жардам берген жана кыздардын репродуктивдүү ден соолугуна байланыштуу жетишсиз болгон сапаттуу маалыматтын боштугун толуктап турган инновациялык чечим. Бул тиркемени колдонгон кыздар үчүн ден соолугуна болгон тобокелдиктерди азайтууга жана суроолоруна ишенимдүү жооп алууга мүмкүндүк берет.

“ЮНИСЕФ кыйынчылыктарга  дуушар болгон балдарга, аны менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн ар дайым салттуу жана инновациялык жолдорду издеп келет. Буга чейин жетилип калган кыз балага айыз  деген эмне экенин жөнөкөй, оңой жол менен үйрөнүүгө жардам берген Акылай жөнүндө аңгемени чыгарганбыз. Учурда “Айкын багыт” фонду менен биргеликте “Oky” мобилдик тиркемесин ыңгайлаштырдык, ал кыздарды чочуткан коркунучтарды жана ушактарды жок кылууга жардам берет”, - дейт, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү, Кристин Жольм.

Мобилдик тиркеме аймактардын санариптик реалдуулугун эске алып (Интернеттин ылдамдыгы, ар кандай үлгүдөгү мобилдик аппараттардын болушу) жана кыздардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу менен бирге алардын чоңоюусу, организминдеги өзгөрүүлөр, жыныстык жетилүү жана репродуктивдүү ден соолугу жөнүндө маалымат берүүгө жардам берет.

“Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова, тиркеменин артыкчылыктары жөнүндө айтып берди:

Oky функциясы Android жана App Store түзүлүштөрүндө тиркеме түрүндө жеткиликтүү жана ал циклдин жеке календарын, кыздардын улуу эжеси менен сүйлөо турган чат ботту, ошондой эле кыздардын чоңоюусу тууралуу пайдалуу маалымат топтогон энциклопедияны камтыйт.

«Oky» тиркемесинин негизги өзгөчөлүктөрүнө төмөнкүлөр кирет:

  • Кыздар үчүн геймификацияланган дизайн (10-19 жаш)
  • Аватарлар жана жекелештирилген интерфейс
  • Айыз циклине көз салуу үчүн календарь
  • Кыздарга түшүнүктүү тилде далилдүү маалымат
  • Викториналар  ​​жана сурамжылоолор
  • Улуу эженин атынан чат бот
  • Социалдык тармактарда бөлүшүүгө мүмкүн болгон өстүрүлгөн гүл түрүндөгү бонустар.

Oky тиркемесинде кыздарга арналган бир нече оюндар жана кызыктуу функциялар бар – кыздар тиркемени жекелештирип, өз аватарларын жана фонду тандай алышат жана репродуктивдүү ден соолук тууралуу викториналарга катыша алышат.   Биздин өлкө боюнча мүмкүн болушунча көбүрөөк  кыздарды тартуу үчүн тиркеме:

  • автономдуу режимде иштейт, 
  • мобилдик түзүлүштөрдө аз орун ээлейт, 
  • арзан смартфондордо иштөөгө ылайыкталган, 
  • эски программалык камсыздоо менен шайкеш келет, 
  • толугу менен акысыз.

Кыргызстандын аймактарында кыздар менен “Okyни” колдонуучу катары тестирлөө

Кошумча маалымат:

Тиркемени  Play Market жана  AppStore көчүрүүгө болот. Долбоордун жаңылыктарын Instagramдан көрө аласыз: https://www.instagram.com/oky_kyrgyzstan/ 

ММК үчүн байланыш номерлер:

Мунара Бекназарова

“Айкын багыт” Коомдук фонду

+996555654803, +996 312 383807

Электрондук дарек: kgopenline@gmail.com

https://onelink.to/okykg

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт