Сериал көргөндүн ордуна бул пайдалуу подкасттарды угуңуз
Салам, достор! Келиңиз, 2023-жылы жаңы жылга же дүйшөмбүгө калтырган нерселерди жасап баштайлы. Мисалы, сериалдын ордуна подкаст көргөнү өтсө болот. Кайсыларды десеңиз, анда биз буларды сунуштай алабыз.
"Кааласаң биздин каналга жазыл, каалабасаң жазылбай деле кой, жашооңузду өзүң башкар!" Бул подкаст дал ушинтип башталат. Авторлор Тимур Каргинов менен Андрей Коняев конокко ар тармактын адамдарын чакырып кызыктуу маектерди курушат. Искусствовед, антрополог, стендап комик, мушкер, генетик, айтор бир сааттын ичинде бир кесипке тиешелүү темаларды уга аласыз.
Психолог Егор Егоров чай үстүндө психологдор менен ар кандай психологиялык темада баарлашат. Өзүңүзгө болгон баа төмөн болсо, ата-энеңиз менен тил табыша албасаңыз, коркуу, паника тынчсыздандырса,анда бул подкастты угуңуз.
Биолог жана журналист Илья Колмановский илимий ачылыштар жөнүндө айтып, аларды жасаган адамдар менен маектешип, бардык курактагы угуучулардын суроолоруна жооп берет. Киборг адамдар, акылдуу пилдер, лабороториядан качып кеткен адамдар жөнүндө билгиңиз келсе, анда муну угуңуз.
Алып баруучу Ирина Подрез — маркетолог, сатуу системасы боюнча адис, кеңешчи, спикер. Ал подкастта сатуулар жөнүндө айтып берет. Эгер көп акча тапкыныз келсе, анда бул подкастты угуңуз. Эң жакшы жери подкаст узак эмес, бир тема ашып кетсе 15-20 мүнөт болот.
А сиз подкаст угасызбы?