// //

Күзүндө кайсы өлкөгө барып эс алса болот?

2022.11.04, 10:35
2469

Жай бүттү. Эс алалбай калдым деп кабатыр болуп жатасызбы? Али да кеч эмес. Күз айы ысык өлкөлөргө саякаттоо үчүн эң сонун мезгил. Бүгүн биз силерге ноябрда кайда учса болорун айтып беребиз.

Түркия

Күзүндө Түркия туристтердин өзгөчө кызыгуусун жаратат. Бул өлкөдө күз айларында дээрлик жамгыр жаабайт. Түнкүсүн температура жыйырма беш градуска чейин төмөндөйт, күндүз отуз градустан ашпайт. Суунун температурасы жыйырма беш градустан төмөн түшпөйт. Ошондой эле, өлкөнүн пляждары күзүндө бош болот. Ал эми мейманканалар арзандатууларды башташат.

Египет

Күз мезгили Египетке саякаттоо үчүн эң сонун убакыт. Май-июнь айларында Египетте баалар кымбат, ал эми июнь-июль айларында жан чыдагыс ысык. Күзүндө баалар да, ысык аптап да төмөндөйт. Ошондуктан бул эс алуу үчүн жылдын эң ыңгайлуу мезгилинин бири.

Дубай

Күз - Дубайга саякаттоо үчүн эң сонун убакыт. Суу жакшы жылыйт, ал эми күн ысык болгоун менен, катуу тийбейт. Сентябрь, октябрда барганда акчаны үнөмдөөгө болот, бирок күн ысык. Ал эми ноябрда температура ыңгайлуу, бирок баалар жогору.

Таиланд

Таиландда күз жаан-чачындуу мезгил болуп саналат. Ошондуктан көптөгөн туристтер эс алуу үчүн жылдын башка мезгилин артык көрүшөт. Бирок мунун жакшы жактары бар. Туристтердин аз, аба-ырайы мээлүүн табият кооз, баалар арзан.

А сиз кайсы жакка барат элеңиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт