Күзүндө кайсы өлкөгө барып эс алса болот?
Жай бүттү. Эс алалбай калдым деп кабатыр болуп жатасызбы? Али да кеч эмес. Күз айы ысык өлкөлөргө саякаттоо үчүн эң сонун мезгил. Бүгүн биз силерге ноябрда кайда учса болорун айтып беребиз.
Түркия
Күзүндө Түркия туристтердин өзгөчө кызыгуусун жаратат. Бул өлкөдө күз айларында дээрлик жамгыр жаабайт. Түнкүсүн температура жыйырма беш градуска чейин төмөндөйт, күндүз отуз градустан ашпайт. Суунун температурасы жыйырма беш градустан төмөн түшпөйт. Ошондой эле, өлкөнүн пляждары күзүндө бош болот. Ал эми мейманканалар арзандатууларды башташат.
Египет
Күз мезгили Египетке саякаттоо үчүн эң сонун убакыт. Май-июнь айларында Египетте баалар кымбат, ал эми июнь-июль айларында жан чыдагыс ысык. Күзүндө баалар да, ысык аптап да төмөндөйт. Ошондуктан бул эс алуу үчүн жылдын эң ыңгайлуу мезгилинин бири.
Дубай
Күз - Дубайга саякаттоо үчүн эң сонун убакыт. Суу жакшы жылыйт, ал эми күн ысык болгоун менен, катуу тийбейт. Сентябрь, октябрда барганда акчаны үнөмдөөгө болот, бирок күн ысык. Ал эми ноябрда температура ыңгайлуу, бирок баалар жогору.
Таиланд
Таиландда күз жаан-чачындуу мезгил болуп саналат. Ошондуктан көптөгөн туристтер эс алуу үчүн жылдын башка мезгилин артык көрүшөт. Бирок мунун жакшы жактары бар. Туристтердин аз, аба-ырайы мээлүүн табият кооз, баалар арзан.
А сиз кайсы жакка барат элеңиз?