// //

Өзгөчөлүгүңөрдү тапкыла! “Кыргызстан сулуусу-2022” Диамиден кеңеш

2022.10.15, 17:06
2720

Салам достор! “Кыргызстан сулуусу-2022” Диами Алмазбекова модель болгусу келген окурмандарга өз кеңештери менен бөлүшүп кетти. Эгер подиумда басуу кыялыңызда болсо, анда кептерине кулак салыңыз. 

Өзүңөргө ишенгиле

Мурда "модель" деген сөздү көбү түшүнүшпөйт эле. Муну уккан көпчүлүктүн оюна жаман нерселер келчү. Мен жаңыдан баштаганда дагы, артыман көп жаман сөздөр айтылды. Кыздарга кеңешим, эч качан бирөөлөрдү укпагыла. Эң негизгиси өзүңөргө ишенсеңер, өзүңөрдү жакшы билсеңер болду. Ооба, башкалар силер тууралуу түркүн ойлорду ойлошу мүмкүн, башкысы өзүңөрдүн алдыңарда таза болгонуңар маанилүү.

Максат койгула

Максат коюп, аны ишке ашыргыла. Бул модель болуу үчүн гана эмес, бардык тармактарга тиешелүү. Мисалы, дарыгер болгуңар келет дейли. Бирок, жакындарыңар же тааныштарыңар колдобой, бул кесипти жактырбашы мүмкүн. Биринчи кезекте силерге жагыш керек. Жүрөгүңөрдү уккула, ошондо бактылуу болосуңар. 

Аракет кылгыла

"Модель болуп эмне кыласың", "жаман жумуш", "көп акча таппайсың" ж.б. деген толтура кептерди уктум. Биздин коомдо бул нерсени жакшы түшунбөгөндөр толтура. Эгер өзүңдү чынында бул тармактан көрсөң, анда аракет кыла бер. Кыялыңа сөзсүз жетесиң. 

Өзгөчөлүгүңөрдү тапкыла

Азыр табигый сулуулук бааланат. Калп айтканды жактырбайм. Мен деле косметологдун кызматын колдонгом. Бирок, чет өлкөлөрдө карьера жасайм десеңер, табигый сулуулукка басым жасагыла. Ашыкча косметологиялык кызматар терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ар бир адам уникалдуу. Өзгөчөлүгүңөрдү тапкыла. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт