// //

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

2022.04.08, 13:35
4253

Салам достор! Швейцариядагы Фрибург Университетинин Коомдук/Маданий Антропология боюнча докторанты Зарина Урманбетова окуу жайга тапшырып жатканда мотивациялык катты кантип жазганы боюнча айтып берди. 

- Мотивациялык кат мындай болуш керек деген так бир үлгү жок. Ар бир университет ар кандай кабыл алат. Мен аябай даярдандым. Анан дагы чет өлкөгө барып окуп келгендердин семинарларына катышып, алар кантип жазышканын угуп турчумун. 

- Интернетте көптөгөн ресурстар бар. Бирок, эч качан аларды туурабаңыз. Башка бирөөнүн мотивациялык катынан үлгү алып, анын кээ бир абзацтарын кошуп койсоңуз, окуп келатканда баары бир билинип калат. Анын үстүнө кабыл алуу комиссиясы, профессорлор көптөгөн студенттерди ылгап тажырайбсы көп болуп калган, дароо байкашат.

- Мисалы, угушум боюнча Америкадагы окуу жайларга "мен атым мындай", "ата-энемден же чоң апамдан таасир алып, анан кыйын болуп чыктым" сыяктуу жазып, өзүңүздү уникалдуу кылып көрсөтсөңүз аларга жагат. Ал эми Европада өлкөлөрүндөгү университеттерге так маалымат керек, "эмнеге ал теманы изилдегиңиз келет", "кызыгууңуз эмнеден улам пайда болду", "кандай тажрыйбаңыз бар" кылып жазсаңыз өтүү мүмкүнчүлүгүңүз жогорулайт. 

- Мен биринчи мотивациялык катымды өтө көркөмдөп жазып салгам. Анан бир мугалимге көрсөтсөм, балким башкача кылып көрүшүмдү айтты. Андыктан, жазып алып бир нече адамга көрсөтүп, кеңеш сурап көрүңүз. Оңдоп койчу эмес, кантип жакшыртсам болот деп сураңыз.

- Окуу жай жарыя бергенде эле кимди издеп жатышат, дароо ачык жазышат. Кулактандырууда ачкыч сөздөр болот. Ошого жараша жазыңыз. Ашыкча нерсенин кереги жок. 

- Жаза албайм деп өзүңүздү чүнчүтө бербеңиз. Баары колуңуздан келет. Болгону жаза бериңиз.  

Эфирди толугу менен бул жерди басып көрө аласыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт