// //

Бирөөдөн бир нерсе күтпөй калгандан бери жеңилдедим. Айсулуу Алмаздан кеңеш

2022.08.26, 10:43
5350

Салам достор! Бүгүн биз силерге Канаданын Монреаль шаарында жашап, финансы тармагында ийгилик жаратып келаткан мекендешибиз Айсулуу Алмаздын кеңештерин сунуштайбыз. Ал эми түз эфирди инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

- Азыр мүмкүнчүлүк толтура. Колумдан келбейт деп айтуу уят. Дүйнөдө ар бир адамдын өзгөчөлүгү бааланат. Талант, билим жана эмгек сөзсүз бааланат. Андыктан даттанбай аракет кылыш керек. 

- Бул жакта адамдардын кичипейилдеги аябай таңкалтырды. Баарын чын жүрөктөн жасашат экен. Рахматты дагы көздөрү жашылданып сүйүнүп айтышат. Бул абдан кубандырат.

- Канаданын өзүндө алган билим жана иштеген тажрыйба аябай бааланат. Мисалы, Бишкекте чоң ийгиликтерди жаратып жүргөн адисти бул жакта баалабай, Канадада иштеген эмес экен дешет, анан жумушу жок калуу ыктмалдуулугу жогору. Андыктан, эмиграция кылып келгендер кайрадан окууга туура келет. Мен аларга айтарым, бул жакка келерден мурун, нөлдөн баштоого даяр болуп, бул жерде эч ким болуп каларыңды эске алып, маанайыңарды түшүрбөй, шарты ушундай деп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга даяр болуп келсеңер бактылуу болосуңар.

- Студенттерге кеңешим сабактарды тандап жатканда жакшылап көңүл бургула. Келечектеги кесибиңерге туура келген предметтерди тандагыла. Ар кайсыны ала бербегиле. Канадага келгенде менин дипломумдун ичиндеги сабактарды карап кабыл алышпады. Көрсө, финансы тармагын окуганым менен, ичиндеги сабактар бири-бирине байланышы жок экен. Анан кайрадан өз кесибиме ылайыктуу кылып бул жактан окудум. 

- Ооба, тил үйрөнүү абдан кыйын. Мен мектептен, университеттен  окуганым менен жакшы жетише албадым. Анан Малазияда бир жыл англисче сүйлөгөн чөйрөдө болдум. Ошол жерден такшалдым. Кайсы тилди үйрөнүп жатсаңар, ошол тилде сүйлөгөн чөйрөдө бир аз убакыт болсоңор тартынбай, басынтуулардан, ката кетирүүдөн коркпой сүйлөп каласыңар.

- Эгер учурдагы кесибиңер силерге жакпаса, силердики эместигин сезсеңер алмаштыргандан коркпогула. Бирок, алдын ала пландарды түзүп алгыла. Жумуш жашооңордун маанилүү бөлүгү, ал бакыт алып келиши керек. Сезимдериңерди уккула.

- Эл эмне дейт, эл үчүн жашайт элем, эл үчүн жасайт элем, эл үчүн кийинет элем деген нерседен арылганда кадимкидей жеңилдей түштүм. Андан тышкары адамдарга таарынбай калдым. Мурда аябай таарынчак элем. Бирөөлөрдөн бир нерсе күтө берчүмүн. Буларды жасабай калдым, бактылуу боло баштадым.  

- Бакыт майда-барат нерселерде. Жөнөкөй нерселерге көңүл бура баштадым. Менин көп кийимдерим деле жок, жасанбайм деле. Ошолорго убакыт короткондун ордуна таттуулар менен чай ичип отурган мага көбүрөөк рахат алып келет.

- "Кыздар созолонгон, назик болуш керек" деген кызга карата чектөөлөр коюлган тарбия көрүп чоңойгом. Эң жөнөкөй эле нерсени айтайын, инимдин велосипеди бар болчу, мен ошону жашынып барып тепчүмүн, аябай тепкен жагат эле. Себеби чоң атамдар кыз кишиге болбойт, уят дешчү. Чет өлкөгө чыкканда ал чектөөлөрдү өзүмө өзүм эле куруп алган экенминди билдим. Өзүмө зыян алып келбеген каалаган нерселеримдин баарын кылсам болот турбайбы дегенден бери жашоом жеңилдеди. Ага кошумча, кичинемде мени сары дешчү. Ошо мага чоң комплекс болчу. Чет өлкөгө чыгып келбетиме карата комплименттерди ала баштадым. Анан өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алганды үйрөндүм. 

- Канчалык көп үйрөнгөн сайын, көп нерсени билбей турганыңды сезе баштаган нормалдуу нерсе. Кыйындарды көргөндө өзүңө болгон ишеним жоголот. Анан тытынып баарын окуй баштайсың. Бирок, кайдыгерлике караганда ушул сезим жакшы. Аракет кылып, умтула бериш керек. 

- Кандай болсоңор, ошондой кылып өзүңөрдү жакшы көргүлө. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт