// //

Балаңыз уят кинолорду көрсө, бул нерсени жасаңыз

2022.08.05, 15:41
1094

Жоопкерчиликтүү ата-эне уят киного баласын ээрчитип барбайт!

Клиникалык психолог Ольга Грузберг ата-энелердин кинолор тууралуу суроолоруна жооп берди.

Балам 6 жашта. Кээде "16+" тасмаларды көрөт. Психикасына зыян эмеспи?

6 жашка чейинки баланын психикасы зордук-зомбулук, кандуу жана сексуалдык сценаларды кабыл алууга даяр эмес. Айрыкча, сезимтал балдар катуу таасирленип, түнүчүндө уктай албай, коркуп, ыйлап  чыгышат. 

"16+", "18 +" болсо эмне болуптур? Баары бир эч нерсе түшүнбөйт. Мен тыюу салганда күндө деле бекинип көрүп алат.

Бала экранда эмне болуп жатканын түшүнбөйт, демек, анда реакция (өйдөдөгү жоопту караңыз)  болбойт дегенди билдирбейт. Бул жерде сөз кичинекей балдар жөнүндө болуп жатат. ал эми өспүрүмдөр каалаган тасмасын уруксаты жок деле жашынып көрүп алат, аларга тыюу салуунун эч кандай мааниси жок. Бирок, балаңыз кандай кино көрүп жатканын билишиңиз керек. Эң мыкты чечим - бул чогуу кино көрүү

Балама белгилүү бир кинону же мультфильмди көрбө десем укпайт. Азырынча эрте экенин кантип туура түшүндүрсөм болот?

Биринчиден, сизге ата-эне катары кинолордун кандай жерлери жакпайт, тактап алыңыз. Мүмкүн ал кино сиз үчүн акылсыз же пайдасыз көрүнөт? Жыныстык катнаш барбы? Ырайымсыз согуш көрсөтүлгөнбү? Каармандар салттуу эмес жыныстык мамиледеби? Эмнеден коркосуз: ал кино же мультфильм балаңыздын жүрөгүн түшүрүп же жагымсыз жүрүм-турумга үлгү болот деппи? Же балаңызда сиз жооп бере албаган суроо пайда болушу мүмкүнбү? Тынчсызданууңуздун себебин билгенден кийин гана балага кантип түшүндүрүү керек экени айкын болот.  

Катуу тыюу салсаңыз, уурданып барып классташынын үйүнөн көрүп алышы мүмкүн. Баарынан жакшысы, чындыкты айтканыңыз: "Бул тасманы көрбөй эле койгонуң туура деп ойлойм, сени коркутуп же уялтып коюушу мүмкүн. Кааласаң чогуу көрөлү, сага бир жери түшүнүксүз болсо, түшүндүрүп бергенге аракет кылам."

Жумуштарымды бүтүргүчө балама мультфильм коюп берип коём. Балдар канча жашынан баштап өз алдынча телевизор көрсө болот?

5 жаштан баштап жалгыз көрсө болот. Жашына ылайык келген мультфильм коюп берсеңиз зыяны жок. Жанында ата-энеси же чоң адам бар болсо бала өзүн жакшы сезет.

Балаңыз кичинекей болсо, мултиктерди азайтып, аны менен көбүрөөк байланышта болуңуз.

Сыналгынын алдында канча саат олтурат жана андан кийин өзүн кандай алып жүрөт байкап туруңуз. Телевизор, гаджет ата-эненин ордун баспаш керек. Балаңыздын тарбиялоочусу кино болуп калбасын!

Баламдын компьютерине кирсем "18+" тасмаларын көрүптүр. Эмне кылсам болот?

Балаңызды кантип көзөмөлдөйсүз? Тыюу салганыңызга көңүл бурбаса, балким, балаңыз чоңоюп, бир нерсени жашырууга жетишип калгандыр (айрыкча, өспүрүмдөр)? Тим коюңуз, балаңыздын да жеке жашоосу, сырлары бар экенин кабыл алыңыз. Колдон келишинче ачык жана ишенимдүү мамиле куруу керек.

Эгер ата-энелер өздөрү көргөн кино, спектакль же окуган китеби тууралуу ой бөлүшүп  кандай таасир алгандыгын айтып берип бала менен бөлүшсө, ал дагы өз оюн ачык билдирип, башкалардын пикирин угуп, анализдегенди үйрөнүп калат. Сиздин далилдериңизге кошулса, азырынча ага ылайык келбеген кинону көрбөй турууга макул болот. Эң негизгиси  - ишеним!

Кээде ата-энелерди алдап "16+" ордуна "18+" деп жазып коюшат. Кинонун рейтинги канча жашка ылайык экенин кантип билсе болот?

Мүмкүн болсо, биринчи, кинону өзүңүз көрүп чыгыңыз. Тасма тууралуу жакындарыңыздын пикирин угуңуз. Балаңыз менен ачык сүйлөшүп, кооптонууларыңызды айтыңыз.

Ата-энелер үчүн сунуш

Балаңыздын табитин калыптандыруу үчүн сапаттуу жана жаш курагына ылайыктуу тасмаларды тандаңыз. Кинолорду же мультфильмдерди чогуу көрүп, андагы окуяны, каармандарды, алар туш болгон кырдаалды талкуулаңыз. Мунун баары ортодогу мамилени бекемдейт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт